Кыз алышып-беришкен саясаттагы кудалар. Министрден президентке чейин

© Фото / Pexels / Rayhan FirmansyahКелин ата-энеси. Архивдик сүрөт
Келин ата-энеси. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Жазылуу
Жакында эле өлкөдө бир эмес эки үлкөн саясатчы уул үйлөп, кыз узатып куда болду. "Алысты жакын кылган кыз" дегендей, эзелтен ата-бабалар сөөк жаңырталы, катышыбыз алыстабасын деп кыз алышып-беришип куда болуп келишкен.
Sputnik Кыргызстан агенттиги саясатта, бийликте кимиси кимге куда экенин билип көрдү.

Асылбек Жээнбековдун кызы менен Акылбек Жапаровдун уулу

© Фото / пресс-служба ЖК КР

Мурдагы спикер, саясатчы Асылбек Жээнбеков

Мурдагы спикер, саясатчы Асылбек Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
1/2

Мурдагы спикер, саясатчы Асылбек Жээнбеков

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров

Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров - Sputnik Кыргызстан
2/2

Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров

1/2

Мурдагы спикер, саясатчы Асылбек Жээнбеков

2/2

Министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаров

2021-жылдын декабрь айында мурдагы спикер, саясатчы Асылбек Жээнбеков Бегимай аттуу кызын министрлер кабинетинин төрагасы, президенттик администрациянын жетекчиси Акылбек Жапаровдун Максат аттуу уулуна берип, куда болду.
Акылбек Жапаров Ысык-Көл облусунун Балыкчы шаарында туулган. Бирок кичи мекени — Кочкор. Ал эми Асылбек Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылынын кулуну.

Алиярбек Абжалиевдин уулу менен Сооронбай Жээнбековдун кызы

© Фото / пресс-служба Жогорку Кенеша

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев - Sputnik Кыргызстан
1/2

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев

© Пресс-служба президента КР / Султан Досалиев

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков - Sputnik Кыргызстан
2/2

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков

1/2

Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиев

2/2

Экс-президент Сооронбай Жээнбеков

Жээнбековдор дагы бир саясатчы менен куда. Тагыраагы, экс-президент Сооронбай Жээнбековдун жалгыз кызы Бактыгүл Шарипова Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Алиярбек Абжалиевдин уулу Атабек Абжалиевге турмушка чыккан.
Сооронбай Жээнбеков Ош облусунун Кара-Кулжа районундагы Тельман айылында туулган. Ал эми Алиярбек Абжалиев Ош шаарынын Жапалак айыл аймагынын кулуну.

Мамытбай Салымбековдун уулу менен Курманбек Осмоновдун кызы

© Фото / Евгений ЧайченкоМамытбай Салымбековдун уулу менен Курманбек Осмоновдун кызы
Мамытбай Салымбеков и Курманбек Осмонов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 06.01.2022
Мамытбай Салымбековдун уулу менен Курманбек Осмоновдун кызы
Жогорку Кеңештин мурдагы депутаты Мамытбай Салымбековдун уулу Жумабек Салымбеков мурдагы юстиция министри, Жогорку соттун экс-төрагасы Курманбек Осмоновдун кызы Нурзат Осмонованы алган. Жубайлар 2011-жылы баш кошкон. Нурзат 2011-жылы "Ата-Журт" партиясынан Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, жарым жыл иштеген. Жумабек Салымбеков учурда Бишкек шаардык кеңештин депутаты.
Мындан тышкары, Курманбек Осмоновдун небереси Нурсултан Касымовго Жогорку Кеңештин үч чакырылышынын депутаты болгон Роман Шиндин небере кызы Анна Шин турмушка чыккан.
Мамытбай Салымбеков Нарындын Ат-Башы районунда туулган. ЖКнын III жана V чакырылышынын депутаты. "Дордой" ассоциациясынын президенти Аскар Салымбековдун бир тууганы.
Курманбек Осмонов Ош облусунун Кара-Кулжа районунун Кара-Кулжа айылында туулган. ЖКнын III жана V чакырылышынын депутаты болгон. 2003-2004-жылдары юстиция министри, 2004-2008-жылдары Жогорку соттун төрагалык кызматын аркалаган.

Азимбек Бекназаровдун уулу — Мыктыбек Абдылдаевдин кызы

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров

Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров - Sputnik Кыргызстан
1/2

Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

ЖКнын V жана VI чакырылышынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев

ЖКнын V жана VI чакырылышынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев - Sputnik Кыргызстан
2/2

ЖКнын V жана VI чакырылышынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев

1/2

Экс-башкы прокурор Азимбек Бекназаров

2/2

ЖКнын V жана VI чакырылышынын депутаты Мыктыбек Абдылдаев

Эрнис Бекназаров менен Мээрим Абдылдаева 2007-жылы баш кошкон. Эрнис Бекназаров жеке ишкерлик менен алектенет. Буга чейин ал Тышкы иштер министрлигинде иштеген.
Мыктыбек Абдылдаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Кара-Жыгач айылында туулган. Ал 2002-2005-жылдары башкы прокурор, ЖКнын V жана VI чакырылышынын депутаты болгон.
Азимбек Бекназаров Жалал-Абад облусуна караштуу Аксы районундагы Кара-Суу айылында туулган. 2005-жылы башкы прокурор болуп иштеген.

Алымбай Султановдун баласы — Алмазбек Атамбаевдин кызы

© AFP / VYACHESLAV OSELEDKO

Кыргызстандын эски президенти Алмазбек Атамбаев

Кыргызстандын эски президенти Алмазбек Атамбаев  - Sputnik Кыргызстан
1/2

Кыргызстандын эски президенти Алмазбек Атамбаев

© Фото / пресс-служба ФФКР

Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов

Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов - Sputnik Кыргызстан
2/2

Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов

1/2

Кыргызстандын эски президенти Алмазбек Атамбаев

2/2

Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти Семетей Султанов

Семетей Султанов менен Динара Атамбаева 2003-жылы үй-бүлө курушкан. Султанов Кыргызстандын Футбол федерациясынын президенти болуп иштеген.
Алымбай Султанов милициянын генерал-майору. Талас облусунун Манас районуна караштуу Жийде айылында туулган. Баңгизаттарды көзөмөлдөө мамлекеттик кызматынын жетекчиси жана Жогорку Кеңештин депутаты болуп иштеген.
Алмазбек Атамбаев Чүй облусунун Аламүдүн районуна караштуу Арашан айылында туулган. 2011-2017-жылдары Кыргызстандын президенти болгон.

Мелис Мырзакматовдун уулу — Искандер Гайпкуловдун кызы

© Фото / Зульфия Тургунова

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов - Sputnik Кыргызстан
1/2

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов

© Фото / пресс-служба ЖК

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, Эсеп палатасынын төрагасы Искандер Гайпкулов

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, Эсеп палатасынын төрагасы Искандер Гайпкулов - Sputnik Кыргызстан
2/2

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, Эсеп палатасынын төрагасы Искандер Гайпкулов

1/2

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэри Мелис Мырзакматов

2/2

Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, Эсеп палатасынын төрагасы Искандер Гайпкулов

Мелис Мырзакматов Ош облусунун Кара-Суу районуна караштуу Папан айылында туулган. Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, 2009-2013-жылдары Ош шаарынын мэри болгон. Кийин коррупция боюнча айыпталып издөөгө алынган.
Искандер Гайпкулов Ош облусунун Араван районундагы Маңгыт айылында туулган. Буга чейин Жогорку Кеңештин IV чакырылышынын депутаты, Эсеп палатасынын төрагасы болуп иштеген.

Кубатбек Бороновдун уулу — Замирбек Алымбековдун кызы

© Пресс-служба правительства / Алишер Алиев

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов - Sputnik Кыргызстан
1/2

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов

© Фото / пресс-служба партии "Социал-демократы"

ЖКнын V чакырылышынын депутаты Замирбек Алымбеков

ЖКнын V чакырылышынын депутаты Замирбек Алымбеков - Sputnik Кыргызстан
2/2

ЖКнын V чакырылышынын депутаты Замирбек Алымбеков

1/2

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов

2/2

ЖКнын V чакырылышынын депутаты Замирбек Алымбеков

Мурдагы өзгөчө кырдаалдар министри Кубатбек Боронов менен ЖКнын V чакырылышынын депутаты Замирбек Алымбеков да куда. Боронов Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы Зергер айылында туулган. Алымбеков Баткен облусуна караштуу Баткен айылынын кулуну.
Үйдүн чатырынан сүрөт тартып жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 09.02.2020
Куда-сөөктүн чоо-жайын билип берчү детективдер. Буюртманын себеби жана акысы
Жаңылыктар түрмөгү
0