Камила Валиева Россиянын курама командасына кирип командалык турнирде Олимпиада чемпиону аталды. Бирок мурдагы допингге алынган үлгү боюнча чырдын айынан алиге чейин алтын медаль алгандарды сыйлоо аземи боло элек. Бул жааттагы "тагдыр чечкендердин" айтымында, спортчу кыздан тыюу салынган препарат табылган. Россиянын Олимпиада комитети тест алынгандан бери бир топ убакыт өтсө да жыйынтыгы айтылбай келгени олуттуу суроолорду жаратып жатканын айтты.Допинг-тест алып текшерген эл аралык агенттик Валиевадан 2021-жылдын 25-декабрында триметазидин заты чыкканын билдирген эле. Тесттин жыйынтыгын Стокгольмдогу антидопинг лабораториясы 8-февралда берген.Тема боюнча:
Sputnik россиялык фигуристтин муз үстүндө бийлеп жаткан кызыктуу ирмемдерин тартуулайт.
Камила Валиева Россиянын курама командасына кирип командалык турнирде Олимпиада чемпиону аталды. Бирок мурдагы допингге алынган үлгү боюнча чырдын айынан алиге чейин алтын медаль алгандарды сыйлоо аземи боло элек. Бул жааттагы "тагдыр чечкендердин" айтымында, спортчу кыздан тыюу салынган препарат табылган. Россиянын Олимпиада комитети тест алынгандан бери бир топ убакыт өтсө да жыйынтыгы айтылбай келгени олуттуу суроолорду жаратып жатканын айтты.
Допинг-тест алып текшерген эл аралык агенттик Валиевадан 2021-жылдын 25-декабрында триметазидин заты чыкканын билдирген эле. Тесттин жыйынтыгын Стокгольмдогу антидопинг лабораториясы 8-февралда берген.
Валиева — Коньки жарышы боюнча эл аралык союз (ISU) өткөргөн көркөмдөп муз тебүү боюнча кыска программада жалгыздап бийлеген категорияда тарыхта биринчи ирет 90, жалпылаганда 272 балл алган спортчу. Турин шаарында бийлеген учуру
Камиланы музга 3,5 жашында алып келишкен. Валиева Таллинде өткөн өспүрүмдөр арасындагы чемпионатта сыйлоо учурунда. Анда бул спортчу алтын медаль уткан
Дем берип, сүрөп... Камила Валиева машыктыруучусу Этери Тутберидзе жана Сергей Дудаков менен. Өзгөчө ирмем Пекиндеги XXIV кышкы Олимпиада оюндары учурунда тартылган
Россиянын Олимпиада комитетинин курама командасынын капитаны Никита Кацалапов спортчу Камила Валиеванын Пекиндеги бийлеп чыккан учурунан кийин аны назик, бирок абдан күчтүү кыз деп атады