Олимпиада оту Пекин калаасындагы "Чымчык уя" деп аталган улуттук стадиондо жанды. Кытайлыктарды толкунданткан мындай көрүнүш мындан 14 жыл илгери болгон. Анда, 2008-жылы, Олимпиаданын жайкы оюндары өткөн. Бул сапар уюштуруу иштерин ал Олимпиаданын салтанатын татыктуу өткөргөн режиссёр Имоу Чжанга кайра эле тапшырышкан.Кыргызстандын намысын талашууга лыжачы Максим Гордеев аттанса, анын ачылыш салтанатына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров барды.Бул сапар олимпиада салтанатында кандай кызыктуу ирмемдер болгондугун Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрсөңүз болот.
Пекин шаарында Кышкы Олимпиада оюндарынын ачылышы болду. Салтанатка 95 өлкөнүн спортчулары катышты.
Олимпиада оту Пекин калаасындагы "Чымчык уя" деп аталган улуттук стадиондо жанды. Кытайлыктарды толкунданткан мындай көрүнүш мындан 14 жыл илгери болгон. Анда, 2008-жылы, Олимпиаданын жайкы оюндары өткөн. Бул сапар уюштуруу иштерин ал Олимпиаданын салтанатын татыктуу өткөргөн режиссёр Имоу Чжанга кайра эле тапшырышкан.
Кыргызстандын намысын талашууга лыжачы Максим Гордеев аттанса, анын ачылыш салтанатына Кыргызстандын президенти Садыр Жапаров барды.
Бул сапар олимпиада салтанатында кандай кызыктуу ирмемдер болгондугун Sputnik Кыргызстандын сүрөт түрмөгүнөн көрсөңүз болот.
Олимпиаданын ачылышы "Бир дүйнө – бир үй-бүлө" ураанынын алдында өттү. Режиссёрдун чечмелегенине караганда, ал азыркы тынч эмес замандагы биримдикти, адамзаттын бири-бирине ийинин тосуп туруу зарылдыгын эскертет
Пекиндеги Олимпиада-2022 жарчысы панда Бин Дунь Дунь болду. Уюштуруучулар анын жасалгасын жөнөкөй эместигин, жаңы технологияны, келечекте анын мүмкүнчүлүктөрү чексиз экендигин чагылдырып турганын айтышты
Салтанаттын өзгөчөлүгү эл алдына чыккандар кесипкөй актёрлор эмес, окуучулар, студенттер, Пекин шаарынын, Хэбэй провинциясынын жашоочулары экенин айтышты
Бир аз тарыхты эске сала кетсек, Олимпиада өткөрүүгө Алматы шаары теңтайлаша чыгып, добуш берүүдө Пекинге төрт балл жетпей калган. Ал эми башка Осло, Стокгольм, Львов жана Краков шаарлары андан мурда эле ар кыл себептерден улам тизмеден четтеген
Эл аралык олимпиада комитетинин башчысы Томас Бах спорт коомду бириктирүүчү ролду ойнорун баса белгиледи. Ал ушул күндөрү бөлүнүп, касташа турган заман эмес экендигин айтты