Ич өрттөнүп, жаш токтобой, бийлеп... Кыргызстандык спортчулардын эмоциясы сүрөттө

Жазылуу
Токио Олимпиадасы, дүйнө чемпионаты... 2021-жылы эки ири мелдеште тең кыргызстандык спортчулар тарых жаратып, элди сүйүнттү. Бул майлуу-сүттүү жыл эстен кеткис болду.
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги спортчулардын кармаш учурундагы эмоция менен коштолгон ирмемдерин сунуштайт.
Белгилей кетсек, өлкө тарыхында биринчи жолу Олимпиада оюндарына спорттун сегиз түрүнөн 16 атлет барып, эки күмүш, бир коло байге жеңип кайтышкан.
© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW

Айсулуунун бул убакта ичи өрт менен жалын болуп жаткан... Ал Олимпиада оюндарында алтын алгысы келген эле. Бирок миңдеген кыргызстандык аны колдоп, таазим этип турду

Айсулуунун бул убакта ичи өрт менен жалын болуп жаткан... Ал Олимпиада оюндарында алтын алгысы келген эле. Бирок миңдеген кыргызстандык аны колдоп, таазим этип турду - Sputnik Кыргызстан
1/21

Айсулуунун бул убакта ичи өрт менен жалын болуп жаткан... Ал Олимпиада оюндарында алтын алгысы келген эле. Бирок миңдеген кыргызстандык аны колдоп, таазим этип турду

© Фото / United World Wrestling / Tony Rotundo

Айсулуу Тыныбекова көп өтпөй Норвегиядагы дүйнө чемпионатында алтын тагынды. Чоңдор арасындагы биринчи алтын медалды 2019-жылы Нур-Султан шаарынан алган. Эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай ийгилик жараткандар болгон эмес

Айсулуу Тыныбекова көп өтпөй Норвегиядагы дүйнө чемпионатында алтын тагынды. Чоңдор арасындагы биринчи алтын медалды 2019-жылы Нур-Султан шаарынан алган. Эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай ийгилик жараткандар болгон эмес - Sputnik Кыргызстан
2/21

Айсулуу Тыныбекова көп өтпөй Норвегиядагы дүйнө чемпионатында алтын тагынды. Чоңдор арасындагы биринчи алтын медалды 2019-жылы Нур-Султан шаарынан алган. Эгемен Кыргызстандын тарыхында мындай ийгилик жараткандар болгон эмес

© AFP / JACK GUEZ

Белгилүү балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын 1/8 финалында тунистик балбан Ламджед Маафи менен кармашууда. Кыргызстандык спортчунун көтөрүп чабуулары көптүн бүйүрүн кызыткан. Бириккен күрөш дүйнөсү кармаштын видеосун чыгарып, анын астына "Акжол Махмудов бүгүн Токиодо шоу уюштуруп жатат" деп алкап жазган

Белгилүү балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын 1/8 финалында тунистик балбан Ламджед Маафи менен кармашууда. Кыргызстандык спортчунун көтөрүп чабуулары көптүн бүйүрүн кызыткан. Бириккен күрөш дүйнөсү кармаштын видеосун чыгарып, анын астына "Акжол Махмудов бүгүн Токиодо шоу уюштуруп жатат" деп алкап жазган - Sputnik Кыргызстан
3/21

Белгилүү балбан Акжол Махмудов Олимпиада оюндарынын 1/8 финалында тунистик балбан Ламджед Маафи менен кармашууда. Кыргызстандык спортчунун көтөрүп чабуулары көптүн бүйүрүн кызыткан. Бириккен күрөш дүйнөсү кармаштын видеосун чыгарып, анын астына "Акжол Махмудов бүгүн Токиодо шоу уюштуруп жатат" деп алкап жазган

© REUTERS / LEAH MILLIS

Эринди тиштеп, муштум түйүп... Белгилүү балбан Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын жарым финалында армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсеби менен уткан

Эринди тиштеп, муштум түйүп... Белгилүү балбан Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын жарым финалында армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсеби менен уткан - Sputnik Кыргызстан
4/21

Эринди тиштеп, муштум түйүп... Белгилүү балбан Акжол Махмудов Токио Олимпиадасынын жарым финалында армениялык Карапет Чалянды 6:2 эсеби менен уткан

© REUTERS / PIROSCHKA VAN DE WOUW

Токио Олимпиадасы. Жеңиштин даамын тер менен татып, алакан жайып асманды тиктеп отурган Мээрим Жуманазарова, ал эми жерде атаандашы Соронзонболдын Батцэцэг жатат. Спортчу жыйынтыгында коло медаль алган

Токио Олимпиадасы. Жеңиштин даамын тер менен татып, алакан жайып асманды тиктеп отурган Мээрим Жуманазарова, ал эми жерде атаандашы Соронзонболдын Батцэцэг жатат. Спортчу жыйынтыгында коло медаль алган - Sputnik Кыргызстан
5/21

Токио Олимпиадасы. Жеңиштин даамын тер менен татып, алакан жайып асманды тиктеп отурган Мээрим Жуманазарова, ал эми жерде атаандашы Соронзонболдын Батцэцэг жатат. Спортчу жыйынтыгында коло медаль алган

© Фото / UWW / Martin Gabor

Мээрим ушуну менен токтоп калбастан Норвегиянын Осло шаарындагы чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Айтор, быйыл спортчу кыздын жылдызы ого бетер жанып, эл оозунан түшкөн жок

Мээрим ушуну менен токтоп калбастан Норвегиянын Осло шаарындагы чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Айтор, быйыл спортчу кыздын жылдызы ого бетер жанып, эл оозунан түшкөн жок - Sputnik Кыргызстан
6/21

Мээрим ушуну менен токтоп калбастан Норвегиянын Осло шаарындагы чоңдор арасындагы дүйнө чемпионатында алтын медаль тагынды. Айтор, быйыл спортчу кыздын жылдызы ого бетер жанып, эл оозунан түшкөн жок

© AFP / JAVAD PARSA

Жоламан Шаршенбековдун күрөштөгү негизги атаандашы молдовалык Виктор Чобану. Кыргызстандык спортчу Токио Олимпиадасынын чейрек финалында Чобануга 7:0 эсебинде утулуп калган. Балбандар Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын финалында дагы кез келип, анда да Чобану 9:3 упай эсебинде жеңип алган

Жоламан Шаршенбековдун күрөштөгү негизги атаандашы молдовалык Виктор Чобану. Кыргызстандык спортчу Токио Олимпиадасынын чейрек финалында Чобануга 7:0 эсебинде утулуп калган. Балбандар Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын финалында дагы кез келип, анда да Чобану 9:3 упай эсебинде жеңип алган - Sputnik Кыргызстан
7/21

Жоламан Шаршенбековдун күрөштөгү негизги атаандашы молдовалык Виктор Чобану. Кыргызстандык спортчу Токио Олимпиадасынын чейрек финалында Чобануга 7:0 эсебинде утулуп калган. Балбандар Ослодо өткөн дүйнө чемпионатынын финалында дагы кез келип, анда да Чобану 9:3 упай эсебинде жеңип алган

© AP Photo / Aaron Favila

Айпери Медет кызы акыркы күчү калгыча туруштук берүүдө. Сүрөт Олимпиада оюндарында тартылып, анда кыргызстандык спортчу коло байге үчүн кармашта Ясемин Адарга утулуп калган

Айпери Медет кызы акыркы күчү калгыча туруштук берүүдө. Сүрөт Олимпиада оюндарында тартылып, анда кыргызстандык спортчу коло байге үчүн кармашта Ясемин Адарга утулуп калган - Sputnik Кыргызстан
8/21

Айпери Медет кызы акыркы күчү калгыча туруштук берүүдө. Сүрөт Олимпиада оюндарында тартылып, анда кыргызстандык спортчу коло байге үчүн кармашта Ясемин Адарга утулуп калган

© Фото / United World Wrestling / Kadir Caliskan

Көп өтпөй Айпери Медет кызы Сербияда өткөн 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду. Финалда колумбиялык Татьяна Рентиераны 3:1 эсеби менен уткан

Көп өтпөй Айпери Медет кызы Сербияда өткөн 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду. Финалда колумбиялык Татьяна Рентиераны 3:1 эсеби менен уткан - Sputnik Кыргызстан
9/21

Көп өтпөй Айпери Медет кызы Сербияда өткөн 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду. Финалда колумбиялык Татьяна Рентиераны 3:1 эсеби менен уткан

© Фото / United World Wrestling / Martin Gabor

Көздөр эле канча эмоцияны билдирип турат. Быйыл Эрназар Акматалиевдин да жылдызы жанды. Кыргызстандык эркин күрөш балбаны 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду

Көздөр эле канча эмоцияны билдирип турат. Быйыл Эрназар Акматалиевдин да жылдызы жанды. Кыргызстандык эркин күрөш балбаны 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду - Sputnik Кыргызстан
10/21

Көздөр эле канча эмоцияны билдирип турат. Быйыл Эрназар Акматалиевдин да жылдызы жанды. Кыргызстандык эркин күрөш балбаны 23 жашка чейинкилер (U23) арасындагы дүйнө биринчилигинде чемпион болду

© REUTERS / Gary A. Vasquez

Валентина Шевченкого тең келчү спортчуну атоо да кыйын болуп калды. Аны менен беттешүүгө белгилүү спортчулар да даай албайт. Соңку кармашында америкалык Лорен Мерфини нокаут менен утуп, наамын алтынчы ирет сактап калды

Валентина Шевченкого тең келчү спортчуну атоо да кыйын болуп калды. Аны менен беттешүүгө белгилүү спортчулар да даай албайт. Соңку кармашында америкалык Лорен Мерфини нокаут менен утуп, наамын алтынчы ирет сактап калды - Sputnik Кыргызстан
11/21

Валентина Шевченкого тең келчү спортчуну атоо да кыйын болуп калды. Аны менен беттешүүгө белгилүү спортчулар да даай албайт. Соңку кармашында америкалык Лорен Мерфини нокаут менен утуп, наамын алтынчы ирет сактап калды

© AP Photo / John Locher

Сары кыздын жеңиштен кийинки салтка айланган лезгинкасы. Бул бийди Валентина өзүнө ылайык стиль менен бийлейт

Сары кыздын жеңиштен кийинки салтка айланган лезгинкасы. Бул бийди Валентина өзүнө ылайык стиль менен бийлейт - Sputnik Кыргызстан
12/21

Сары кыздын жеңиштен кийинки салтка айланган лезгинкасы. Бул бийди Валентина өзүнө ылайык стиль менен бийлейт

© REUTERS / EDGARD GARRIDO

Эмне деген күч! Өзүнүн салмагы 100 килограммга жетпеген бала 200 килограммдык штангаларды көтөрүп жатат. Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токио Олимпиадасында 6-орунду ээлеген

Эмне деген күч! Өзүнүн салмагы 100 килограммга жетпеген бала 200 килограммдык штангаларды көтөрүп жатат. Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токио Олимпиадасында 6-орунду ээлеген - Sputnik Кыргызстан
13/21

Эмне деген күч! Өзүнүн салмагы 100 килограммга жетпеген бала 200 килограммдык штангаларды көтөрүп жатат. Оор атлетчи Бекдөөлөт Расулбеков Токио Олимпиадасында 6-орунду ээлеген

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Кыргызстандык спортчу Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship (EFC) уюмунун чемпиону болду. Бел курду лиганын түптөөчүлөрүнүн бири, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов такты. Беттеш жайында Чолпон-Атада өттү

Кыргызстандык спортчу Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship (EFC) уюмунун чемпиону болду. Бел курду лиганын түптөөчүлөрүнүн бири, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов такты. Беттеш жайында Чолпон-Атада өттү - Sputnik Кыргызстан
14/21

Кыргызстандык спортчу Бусурманкул Абдибаит уулу Eagle Fighting Championship (EFC) уюмунун чемпиону болду. Бел курду лиганын түптөөчүлөрүнүн бири, UFC уюмунун мурдагы чемпиону Хабиб Нурмагомедов такты. Беттеш жайында Чолпон-Атада өттү

© Sputnik / Табылды Кадырбеков

Топту бербей келе жаткан Гүлжигит Алыкулов, атаандаш тараптын спортчусу эмне болуп кулап калганы белгисиз. Ал убакта "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдеши өтүп, Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш командалары катышып, Кыргызстан жеңүүчү болгон

Топту бербей келе жаткан Гүлжигит Алыкулов, атаандаш тараптын спортчусу эмне болуп кулап калганы белгисиз. Ал убакта "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдеши өтүп, Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш командалары катышып, Кыргызстан жеңүүчү болгон - Sputnik Кыргызстан
15/21

Топту бербей келе жаткан Гүлжигит Алыкулов, атаандаш тараптын спортчусу эмне болуп кулап калганы белгисиз. Ал убакта "Үч улуттун кубогу" жолдоштук мелдеши өтүп, Кыргызстан, Палестина жана Бангладеш командалары катышып, Кыргызстан жеңүүчү болгон

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүү

Бул убактагы эмоцияларды эки спортчудан башка киши билбей калды өңдөнөт. Көк шлемчен кыргызстандык тайбоксчу Арген Керимбеков. Ал Казань шаарында өткөн КМШ оюндарында азербайжандык Али Алиев менен кармашкан

Бул убактагы эмоцияларды эки спортчудан башка киши билбей калды өңдөнөт. Көк шлемчен кыргызстандык тайбоксчу Арген Керимбеков. Ал Казань шаарында өткөн КМШ оюндарында азербайжандык Али Алиев менен кармашкан - Sputnik Кыргызстан
16/21

Бул убактагы эмоцияларды эки спортчудан башка киши билбей калды өңдөнөт. Көк шлемчен кыргызстандык тайбоксчу Арген Керимбеков. Ал Казань шаарында өткөн КМШ оюндарында азербайжандык Али Алиев менен кармашкан

© Sputnik / Владимир Астапкович / Медиабанкка өтүү

Бир караганда кыргызстандык спортчу атаандашын кадимкидей эле чокуга койгусу келгендей көрүнүп калган. Эламан Кенжебаев Москвадагы самбо боюнча дүйнө кубогунда россиялык Антон Мамонов менен кармашкан

Бир караганда кыргызстандык спортчу атаандашын кадимкидей эле чокуга койгусу келгендей көрүнүп калган. Эламан Кенжебаев Москвадагы самбо боюнча дүйнө кубогунда россиялык Антон Мамонов менен кармашкан - Sputnik Кыргызстан
17/21

Бир караганда кыргызстандык спортчу атаандашын кадимкидей эле чокуга койгусу келгендей көрүнүп калган. Эламан Кенжебаев Москвадагы самбо боюнча дүйнө кубогунда россиялык Антон Мамонов менен кармашкан

© AFP / CHARLY TRIBALLEAU

Ажарлуу спортчу Айша Изабекова. Кыргызстандык гимнаст быйыл Япониянын Китакюсю шаарында өткөн дүйнө чемпионатына катышты

Ажарлуу спортчу Айша Изабекова. Кыргызстандык гимнаст быйыл Япониянын Китакюсю шаарында өткөн дүйнө чемпионатына катышты - Sputnik Кыргызстан
18/21

Ажарлуу спортчу Айша Изабекова. Кыргызстандык гимнаст быйыл Япониянын Китакюсю шаарында өткөн дүйнө чемпионатына катышты

© AFP / JONATHAN NACKSTRAND

Сууну бүркө сүзгөн Денис Петрашов. Токио Олимпиадасында суучул өзү үчүн жаңы рекорддорду коё алды. Мелдештин ачылыш салтанатында желек көтөргөн да спортчу болду

Сууну бүркө сүзгөн Денис Петрашов. Токио Олимпиадасында суучул өзү үчүн жаңы рекорддорду коё алды. Мелдештин ачылыш салтанатында желек көтөргөн да спортчу болду - Sputnik Кыргызстан
19/21

Сууну бүркө сүзгөн Денис Петрашов. Токио Олимпиадасында суучул өзү үчүн жаңы рекорддорду коё алды. Мелдештин ачылыш салтанатында желек көтөргөн да спортчу болду

© AFP / JACK GUEZ

Жыгылып баратканда же атаандашты, же жерди караганга жетишпей калсаң керек. Дзюдочу Владимир Золоев (көк кимоночон) Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышты. Ал 81 килограмм салмак категориясында россиялык Алан Хубецов менен таймашып, жеңилип калган

Жыгылып баратканда же атаандашты, же жерди караганга жетишпей калсаң керек. Дзюдочу Владимир Золоев (көк кимоночон) Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышты. Ал 81 килограмм салмак категориясында россиялык Алан Хубецов менен таймашып, жеңилип калган - Sputnik Кыргызстан
20/21

Жыгылып баратканда же атаандашты, же жерди караганга жетишпей калсаң керек. Дзюдочу Владимир Золоев (көк кимоночон) Олимпиада оюндарына биринчи жолу катышты. Ал 81 килограмм салмак категориясында россиялык Алан Хубецов менен таймашып, жеңилип калган

© AP Photo / Andrew Medichini

Фехтование спортунда атаандаштын башына шпага тийгенде ушинтип шлеми күйүп калат экен. Кыргызстандык спортчу Роман Петров Токио Олимпиадасынын алгачкы таймашында сүрөттөгү түштүк кореялык Сегеон Маны уткан, бирок экинчи атаандашына утулуп оюндан четтеген

Фехтование спортунда атаандаштын башына шпага тийгенде ушинтип шлеми күйүп калат экен. Кыргызстандык спортчу Роман Петров Токио Олимпиадасынын алгачкы таймашында сүрөттөгү түштүк кореялык Сегеон Маны уткан, бирок экинчи атаандашына утулуп оюндан четтеген - Sputnik Кыргызстан
21/21

Фехтование спортунда атаандаштын башына шпага тийгенде ушинтип шлеми күйүп калат экен. Кыргызстандык спортчу Роман Петров Токио Олимпиадасынын алгачкы таймашында сүрөттөгү түштүк кореялык Сегеон Маны уткан, бирок экинчи атаандашына утулуп оюндан четтеген

Тема бонюча:
Ак жолтой болушту! Кыргыз спортчуларынын жыл ичиндеги ийгилиги
Сүйүнүч, күйүт, кайнаган эмоция! Кыргыз балбандарынын Олимпиададагы ирмемдери
Нурмагомедов келген көл жээктеги Eagle FC турнири. 17 сүрөт
Жаңылыктар түрмөгү
0