ККМди түшүндүрдү… Садыр Жапаровдун "Дордой" менен "Ош" базарды кыдырган видеосу

Жазылуу
Президент Садыр Жапаров бүгүн, 8-февралда, Бишкек шаарында жайгашкан "Дордой" соода-базар комплексине жана "Ош" базарына барып, ишкерлер менен сүйлөштү.
Өлкө башчы сатуучулар менен контролдук-кассалык машина (ККМ) системасын ишке ашыруунун жүрүшүн талкуулап, түшүндүрүү иштерин жүргүздү. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматы билдирди.
Президент жарандардын ККМди киргизүүнү эмне себептен колдобой жаткандыгы боюнча пикирлерин угуп, мындай жагдай маалымдоо-түшүндүрүү иштеринин жетишсиздигинен келип чыкканын, ККМдин максаты туура эмес чечмеленип жатканын белгилеген.
"Бул демилге контрабандадан жана эсепке алынбаган товарларды ташып келүүдөн кутулуу үчүн көтөрүлүп жатканын түшүнүшүңүздөр керек. Бизде ишкерлердин эсебинен киреше табуу же алардын эсебинен өлкөнүн бюджетин толтуруу тапшырмасы жок. Тескерисинче, мамлекет алардын ишине шарт түзүп берүүдө. Ата мекендик экономиканын 40 пайызы көмүскөдө калганын айтып, кичи жана орто бизнес жабыркабасын деп жатабыз. Эгер мурда ККМди ишкер өзү сатып алышы керек болсо, эми алар бюджеттин эсебинен алынат", — деди Жапаров.
Мамлекет башчысы акча жүгүртүүсү аз ишкерлер смартфонундагы мобилдик тиркеме аркылуу иштей ала турганын түшүндүрдү.
"Эгерде силердин түшкөн акчаңар 8 миллион сомго жетпесе, анда эч нерсе төлөбөйсүздөр — патент да, салык да. Эгерде киреше көп болуп жана 30 миллион сомго чейин жетсе, анда ишмердүүлүктүн өзгөчөлүгүнө жараша чендин ар кыл вариантын карап жатабыз. Учурда жумушчу топ иш алып барып, алар чакан бизнестин өкүлдөрү үчүн контролдук-кассалык машинаны киргизүүнүн жеке шарттарын иштеп чыгууда", — деди ал.
Президенттин маалымат кызматы билдиргендей, ишкерлер көп нерсени түшүнбөй, ошондуктан ишенбестик менен карашканын ырасташкан.
"Соодагерлердин көбү ККМ системасын киргизүүнүн артыкчылыктарын угуп, аны менен иштөөгө даярдыгын билдиришти. Ошону менен бирге алар контролдук-кассалык машиналарды киргизүүдө чекене жана дүң соода сегментин, ошондой эле сатылып жаткан товарлардын өзгөчөлүктөрүн эске алууну сунушташты", — деп айтылат маалыматта.
Андан соң мамлекет башчы "Ош" базарына дагы барып, соодагерлерге ККМ системасын түшүндүрдү.
Мындан тышкары, Садыр Жапаров азык-түлүктөрдүн баалары, текчелерге коюлган товарлардын ассортименти менен таанышып, базарга келгендер, сатуучулар менен баарлашып, алардын суроолоруна жооп берген. Ошондой эле нан азыктарын сатып алган.
Базарга келгендер жана сатуучулар мүмкүнчүлүктөн пайдаланып Жапаровго жеке мүнөздөгү суроолорун беришти. Мамлекет башчысы тиешелүү мамлекеттик органдарга шаардыктардын айткан өтүнүчтөрүн көзөмөлгө алууну тапшырды.
Тема боюнча:
Садыр Жапаров Бишкектеги соода борборду кыдырып жүргөн видео тарады
Жаңы Салык кодексине баш катырып турасызбы? Адистен кеңири түшүндүрмө
Жаңылыктар түрмөгү
0