Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Надырбеков: ишкер, дарыгер, акындар баштаган мини-футбол турнири өтөт

© Sputnik / Табылды КадырбековМаданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеко
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеко - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.02.2022
Жазылуу
Маданият, маалымат, спорт жана жаштар саясаты министринин орун басары Союзбек Надырбеков түрдүү тармактын өкүлдөрү катышкан мини-футбол боюнча "Келечек" турнири өтөрүн айтты.
Мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, ишкерлер, журналисттер, блогерлер жана артисттерден турган иш-чара өлкөдөгү дене тарбия жана спортту жайылтууга багытталат. Бул тууралуу Союзбек Надырбеков Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Надырбеков: ишкер, дарыгер, акындар баштаган мини-футбол турнири өтөт
Анын айтымында, жаштар арасында ынтымакты бекемдөө, ар бир кесипти даңазалоо, патриоттуулукка үндөөдө спорттук мелдештердин ролу чоң.
"Жаштар арасында түрдүү тармактын өкүлдөрү катышкан мини-футбол боюнча турнирдин идеясы жакында гана өлкө президенти катышкан иш-чарадан улам чыкты. Мамлекеттик кызматкерлер, эл өкүлдөрү, дарыгерлер, ишкерлер, журналисттер, блогерлер жана артисттер катыша турган иш-чара дене тарбия жана спортту пропагандалоо, ар бир кесиптин маанилүүлүгүн даңазалоодо чоң роль ойнойт. Сегиз команда катышкан турнир 5-мартта "Газпром" ден соолукту чыңдоо борборунда өтөт. Курама командалар алдыңкы жаштардан топтолгондуктан мелдештин атын "Келечек" деп атадык. Анда спорттук компоненттер гана камтылбастан, маданий иш-чаралар да кошулат",— деди Надырбеков.
Ошондой эле адис жаштардын бакубаттуулугу жөнүндө индексин изилдеп, алардын муктаждыктарын аныктоо иштери жүрүп жаткандыгын кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0