Россия SWIFT системасынан чыгып калса кыргызстандыктарга кандай таасир этет

© Sputnik / Табылды Кадырбеков / Медиабанкка өтүүКиши банкоматтын жанында турат. Архив
Киши банкоматтын жанында турат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 31.01.2022
Жазылуу
Европа биримдиги Россияга санкция катары аны аталган системадан чыгарып салууну карап жатат. Кыргызстанга бул нерсе кандай таасир этиши мүмкүн?
БИШКЕК, 31-янв. — Sputnik. Эгер Россияны SWIFT системасынан чыгарып коюшса, Кыргызстандын маалымат алышуучу альтернативалык каналы бар. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Улуттук банктан билдиришти.
SWIFT — бул дүйнөдөгү бардык финансылык уюмдар жүргүзүлгөн операциялар боюнча маалымат алышып-беришип турчу система. Ал эми Европа биримдиги Россияга санкция катары аны бул системадан чыгарып салууну карап жатат.
"Бүгүнкү күндө бардык банктарда штаттан тышкаркы кырдаал түзүлүп кала турган болсо, маалымат алып-беришүүчү башка дагы каналдары бар. SWIFT системасы кандайдыр бир себептерден улам жеткиликсиз болуп калса, эл аралык акча которуулар боюнча маалыматты башка булактар аркылуу алабыз", — дешти Улуттук банктан.
Негизги банктан кошумчалашкандай, SWIFT системасы Россияда өчүрүлгөн күндө дагы бул техникалык жактан Кыргызстанга таасир этпейт. Анткени ал республикада иштей бермекчи.
Глобальная система межбанковской связи SWIFT - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
SWIFT ылдамдыгында! Россияга урулган соккудан ким жабыркайт?
Жаңылыктар түрмөгү
0