Байсалов: чет өлкөдөн келгендерден ПЦР-тест көрсөтүү талабын жокко чыгарабыз

© Фото / пресс-служба правительства/ Алишер АлиевАэропорттогу жүргүнчүндүн дене табын текшерип жаткан медицина кызматкери. Архив
Аэропорттогу жүргүнчүндүн дене табын текшерип жаткан медицина кызматкери. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Жазылуу
Депутат Россиядан келе жаткан мекендештер 1 500-3 000 рублге ПЦР-тест тапшырып чыгым тартып жатканын белгиледи.
БИШКЕК, 19-янв. — Sputnik. Жакында чет өлкөдөн келген жарандардан ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын көрсөтүү талабы жокко чыгарылат. Бул туурасында министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов билдирди.
ЖК депутаттары өлкөдөгү эпидеомиологиялык кырдаал боюнча маалымат угуп жатышат.
Депутат Орозайым Нарматова Россиядан келе жаткан мекендештер 1 500-3 000 рублге ПЦР-тест тапшырып чыгым тартып жатканын айтып, "сөзсүз түрдө ал жактан эмес, Кыргызстанга келгенден кийин тапшырса болобу?" деп сурады.
Байсалов мындай талап "омикрон" штаммын киргизбөө максатында өткөн жылдын декабрь айында киргизилгенин белгиледи.
"Сиз айткан маселени кийинки жумада Республикалык штабга киргизип, ПЦР-тесттин терс жыйынтыгын суроо талабын жокко чыгарабыз. Анткени мунун да мааниси жок болуп калды. Коронавирус жайылгандан кийин сырттан алып келинет деген коркунуч жок. Мекендештерибиз үчүн бул талапты алып коюшубуз керек", — деди министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.
Буга чейин Байсалов Кыргызстанда дагы ПЦР-тест тапшыруу токтотулуп, мектептерге карантин киргизилбей турганын билдирген.
Саламаттык сактоо министри Алымкадыр Бейшеналиев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.01.2022
Министр Бейшеналиев уу коргошун тууралуу сураган Ташиевге жооп бербей койду
Жаңылыктар түрмөгү
0