Кыргызстанда жашоо минимумунун өлчөмү көбөйдү. Канчага?

© Sputnik / Антон Денисов / Медиабанкка өтүүАзык-түлүк. Архив
Азык-түлүк. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 18.01.2022
Жазылуу
2020-жыл менен салыштырганда көрсөткүч 17 пайызга өскөн. Орточо эсеп менен алганда өлкөдө жашоо минимуму 910 сомго жогорулады.
БИШКЕК, 18-янв. — Sputnik. Кыргызстанда 2021-жылдын жыйынтыгы менен жашоо минимумунун өлчөмү 6 268,31 сомду түздү. Бул тууралуу Улуттук статистикалык комитети кабарлады.
2020-жыл менен салыштырганда көрсөткүч 17 пайызга өскөн. Орточо эсеп менен алганда өлкөдө жашоо минимуму 910 сомго жогорулады.
Аймактардагы жашоо минимумунун суммасы:
Жалал-Абад облусу — 6 648,56 сом (2020-жылы 5 755,34 сом болчу);
Ош — 6 345,57 сом (5 325,65);
Бишкек — 6 317,49 сом (5 381,08);
Ош облусу — 6 299,9 сом (5 540,92);
Нарын облусу — 6 174,54 сом (5 261,6);
Баткен облусу — 6 091,49 сом (5 156,3);
Чүй облусу — 5 978,81 сом (5 129,46);
Ысык-Көл облусу — 5 828,67 сом (4 965,17);
Талас облусу — 5 753,97 сом (4 948,93).
Жашоо минимуму Жалал-Абад облусунда, Бишкек жана Ош шаарында эң көп көрсөткүчкө жеткен.
Калктын ар бир социалдык-демографиялык тобу үчүн иштелип чыккан жашоо минимум түзүмүнө ылайык, анын 65 пайызын азык-түлүк товарлары, 16 пайызын азык-түлүк эмес товарлар, 17 пайызын кызмат көрсөтүүлөр жана 2 пайызын салыктар түзөт. Кеп адамдын чыгымдарын толук жаппаган минималдуу чыгымдар тууралуу болуп жатат.
Акча санап жаткан кыз. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.01.2022
Өкмөт: Кыргызстанда 2022-жылы айлык, пенсия жана жөлөк пул көбөйөт
Жаңылыктар түрмөгү
0