00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
4 мин
Ежедневные новости
14:00
4 мин
Итоги недели
Информационно-аналитическая программа
14:04
55 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
4 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
5 мин
ОГО! Люди и события, которые не оставили нас равнодушными
Журналистская премия, прорыв в медицине и долгие праздники — неделя в Кыргызстане
14:06
48 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Стимул
Баткен күрүчү менен ЕАЭБди багындырууну көздөгөн ишкер кыз
15:04
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
4 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
15 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Канча адам активдерди ыктыярдуу легалдаштыруу өнөктүгүнө катышты?
17:31
25 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
6 мин
Киноблог
Советские кинотеатры Бишкека: золотая эпоха киномехаников
18:07
47 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Россияга декабрда баргандар медициналык текшерүүдөн өтүүсү керек. Даректери

© Sputnik / Павел Бедняков / Медиабанкка өтүүМедициналык кароодон өтүп жаткан адам. Архив
Медициналык кароодон өтүп жаткан адам. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.01.2022
Жазылуу
Россияда мигранттарда баңгизаттарды колдонгону же айрым жугуштуу оорулары аныкталса иштегенге күбөлүк берилбейт.
БИШКЕК, 14-янв. — Sputnik. Кыргызстандын Россиядагы элчилиги өлкө жарандары РФ аймагына кирген күндөн тартып 30 күндүн ичинде медициналык текшерүүдөн, ошондой эле манжа изин каттоодон жана сүрөткө тартуу тартибинен өтүшү керектигин эске салды.
Элчиликтин кызматкерлери 2021-жылдын 29-декабрдан кийин Россияга иштегенге келген кыргызстандыктардын медициналык кароодон өтүү жол-жоболоруна мониторинг жүргүзүү максатында Москва шаарындагы медициналык уюмдарга барып келген.
Учурда Москвада медициналык текшерүү төмөнкү мекемелер тарабынан жүзөгө ашырылат:
1.
Докукина көчөсү, 18 дареги боюнча жайгашкан Москва шаарынын мамлекеттик бюджеттик саламаттык сактоо мекемеси;
2.
Раменки көчөсү, 27 дареги боюнча Москва шаарынын мамлекеттик бюджеттик саламаттык сактоо мекемеси;
3.
Сахарово айылы (Варшавское шоссесинин 64-чакырымы) көп функционалдуу миграциялык борбор.
Медициналык текшерүү алардын баңги каражаттарын же психотроптук заттарды колдонгон-колдонбогонун, жугуштуу ооруларынын бар-жогун, анын ичинде адамдын иммундук жетишсиздигинин вирусу (ВИЧ-инфекциясы) менен шартталган жугуштуу ооруларды текшерүүнү, ошондой эле айрым дарыгерлердин (фтизиатр, дерматовенеролог, инфекционист, терапевт, психиатр-нарколог) текшерүүсүн камтыйт.
"Медициналык текшерүүнүн жыйынтыгы терс болсо, тиешелүү маалымкат берилет. Эгерде изилдөөнүн жыйынтыгы оң болсо же изилдөө жүргүзүлбөсө, күбөлүк берилбейт. Баңгизат же психотроптук каражаттарды колдонуу фактылары же жогоруда көрсөтүлгөн оорулары аныкталса, алардын Россияда болушунун (жашоосунун) максатсыздыгы жөнүндө же өлкөгө кирүүгө уруксат бербөө жөнүндө чечим кабыл алынат", — деп жазылган маалыматта.
Медициналык текшерүүдөн өтүү үчүн чет өлкөлүк адам ким экенин тастыктаган документти (паспорт, чет өлкөлүк паспорту же кошумча ID-паспорт) жана миграциялык картаны көрсөтүүсү керек.
Манжа изин алуу. Архивдик сурөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.12.2021
Россияда эми чет элдиктерди сүрөткө тартып, манжа изин алат. Кимге тиешелүү
Жаңылыктар түрмөгү
0