Бийлик былтыр бюджеттен кошумча 19,5 млрд. сом сарптаган. Акча кайда жумшалган?

© Sputnik / Жоомарт УраимовАкча. Архивдик сүрөт
Акча. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жазылуу
Бюджеттен кошумча коротулган каражаттын ичинде медиктердин, маданият кызматкерлеринин айлыгына кошулган акча да бар.
БИШКЕК, 12-янв. — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров бийлик 2021-жылы бюджеттик каражаттын эсебинен кошумча 19,5 миллиард сом сарптаганын айтып, анын кайда жумшалганын Facebook баракчасы аркылуу тизмектеп берди.
Президенттин айтымында, бул каражат жарандардын социалдык абалын, эпидемиологиялык кырдаалды жакшыртуу, ошондой эле өлкөнүн азык-түлүк жана энергетикалык коопсуздугун камсыз кылууга багытталган.
19,5 миллиард сомдун сарпталышы:
медицина кызматкерлеринин эмгек акысын 50 пайызга жогорулатууга 1,8 миллиард сом;
маданият кызматкерлеринин эмгек акысын жогорулатууга 200 миллион сом;
кызыл зонада иштеген медиктерге компенсация төлөөгө 1,9 миллиард сомдон ашык каражат;
COVID-19га каршы вакцина сатып алууга 1,5 миллиард сом;
азык-түлүк коопсуздугун камсыз кылууга, тактап айтканда, буудай, дан сатып алууга жана азык-түлүк товарларынын камылгасын толуктоого 1,9 миллиард сом;
энергетика тармагына жаратылыш газын, электр энергиясын, мазутту сатып алууга жана электр энергиясын импорттоого кошумча 3,4 миллиард сом;
майыптыгы бар балдарга, камкорчусунан ажыраган балдарга жөлөк пулду жана пенсияны 50 пайызга көбөйтүүгө болжол менен 600 миллион сом бөлүндү.
Президент Салык кызматы салык кирешелери боюнча планды 7,9 миллиард сомго ашыра аткарганын айтып, бюджетке 104,2 миллиард сом түшүргөнүн белгилеген. Ал эми Бажы кызматы бюджетке 46,8 миллиард сом алып келген.
"Жалпысынан 2021-жылдын жыйынтыгы боюнча мамлекеттик бюджеттин салык кирешелери толугу менен аткарылып, 151 миллиард сомду түздү. Мындан тышкары, мамлекеттик бюджеттин салыктык эмес кирешелери толугу менен аткарылып, 44,7 миллиард сомду түзүп, 13 миллиард сомдон ашык болду", — деп жазган Жапаров.
Алдын ала маалыматтар боюнча, консолидацияланган бюджеттин ресурстук бөлүгү 311 миллиард сом болуп, планга салыштырмалуу 30 миллиард сомго өскөнү кошумчаланды.
Чек ара кызматына берилген 40 даана жаңы брондолгон аскердик техника. Архивдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.01.2022
Жапаров аскер техникасын сатып алууга канча каражат бөлүнгөнүн айтты
Жаңылыктар түрмөгү
0