Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Казакстан: 2022-жылдагы газ митингдери
2022-жыл жаңырары менен Казакстанда автоунаага газдын кымбаттап кетишинен улам митингдер башталып, 5-январга караган түнү митингчилер менен күч түзүмдөрү кагылышты. Президент Касым-Жомарт Токаев өзгөчө абал режимин киргизип, ЖККУдан жардам сураган. Учурда өлкөдө кырдаал турукташты.

Казакстандагы башаламандык: БТРге таш менен тап берип, унааларды талкалап. Видео

© REUTERS / PAVEL MIKHEYEVБеспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ
Беспорядки в Казахстане из-за повышения цен на газ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.01.2022
Жазылуу
Алматыда күч түзүмдөрү митингчилерди борбордук аянттан сүрүп чыккан.
БИШКЕК, 5-янв. — Sputnik. Казакстандагы митингден кийинки башаламандыктар токтой элек. Социалдык тармактарда окуя болгон жерлерде тартылган түрдүү видеолор тарап жатат.
Бул кадрдан жүрүп бара жаткан БТРди жана аны жандай, торой чуркап, таш менен урган элди көрүүгө болот. Видеонун качан ким тарабынан кайсы жерден тартылганы азырынча белгисиз.
Дагы бир видеого митингге чыккан жарандар полициянын автоунааларын талкалап, өрттөп жатканы түшүп калган. Ошондой эле жаракат алган бир адамды замбил менен көтөрүп баратышканын көрүүгө болот.
Азырынча башаламандык маалында канча адам жаракат алганы туурасында маалымат жок.
Алматыда күч түзүмдөрү көздөн жаш агызуучу газ, кулак тундуруучу гранаталарды колдонуп, митингчилерди борбордук аянттан сүрүп чыккан. Митингчилер андан ары барып башка көчөлөрдө жүрүш уюштурган, бирок полиция четинен кармап жатат.
Эл менен күч түзүмдөрүнүн кагылышуусун алдын алуу үчүн президент Касым-Жомарт Токаев чагымчылдыкка алдырбоого, мамлекеттик мекемелерге чабуул жасабоого чакырган. Ошондой эле бийлик кулабай турганын билдирген.
Жаңылыктар түрмөгү
0