Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чекиров: мамкамсыздандыруунун элге түзгөн шарты башка эч жерде жок

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.12.2021
Жазылуу
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров аталган уюмдун уставдык капиталы 370 миллион сом экенин айтты.
Совет мезгилинде мамлекеттик камсыздандыруу ишканасы (Госстрах СССР) абдан жакшы иш алып барган. Союз таркагандан кийин камсыздандыруу маданияты төмөндөп кетти. Бизде Беларустагыдай айып санкциялары жок. Ал жакта камсыздандыруунун мөөнөтү бүткөндөн кийин каражат төлөбөсө айып салынат. Андыктан жер-жерлерде маалымат кампаниясын уюштуруу аркылуу элге камсыздандыруунун пайдасы жөнүндө кенен маалымат берип, көбүрөөк адамдарды камсыздандырганга аракет кылуудабыз. Бул тууралуу Нурсултан Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосунда маек куруп жатып билдирди.
Чекиров: мамкамсыздандыруунун элге түзгөн шарты башка эч жерде жок
Анын айтымында, беш жылдын ичинде жалпы 617 жаранга 50 миллион сом каражат берилген.
"2016-жылдан бери Баткен облусунда 71 жаранга 4 миллион сом, Жалал-Абадда 95 кишиге 11 миллион сом, Ысык-Көлдө 56 турак жайга 4 миллион, Нарында 42 киши 3 миллиондон ашык, Таласта 78 жаран 2 миллион, Чүйдө 75 адам 5 миллион жана эң көп Ошто облусунда 200 адам 23 миллион сом камсыздандыруу каражатын алышты. Жалпы 617 жаранга 50 миллион сом каражат берилди. Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун элге түзүп берип жаткан шарттары өтө жакшы мүмкүнчүлүк. Мындай шарт эч жерде жок. Андыктан кыргызстандыктарды кайдыгер карабай камсыздандыруу кызматын колдонууга чакырат элем. Мисалы, бир үйдү камсыздандыруу үчүн шаардыктар жылына 1200 сомдон, айыл жеринде 600 сомдон төлөйт. Аны 12 айга бөлө келгенде 50-100 сом эле болуп калат. Кудай сактасын. эгер үй өрттөнүп же башка кырсыктардан улам талкаланса, көп суммадагы каражат керек болот. Учурда мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун 370 миллион сом уставдык капиталы бар. Жылына жарандардын камсыздандыруу төлөмү аркылуу 60-70 миллион каражат чогултулат. Бул каражаттар банктарда депозиттик түрдө сакталып турат. Жалпы актив 440 миллион сомду түзөт", — деди Чекиров.
Ал региондорго салыштырмалуу шаар жергесинде турак жайын камсыздандыргандар аз экенин кошумчалады.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0