Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Чекиров: беш жыл ичинде 50 млн. сомдук камсыздандыруу каражаты берилди

© Sputnik / Асель СыдыковаМамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.12.2021
Жазылуу
Мамлекеттик камсыздандыруу уюмунун уюштуруу иштери жана коомчулук менен байланыш бөлүмүнүн жетекчиси Нурсултан Чекиров камсыздандыруунун мөөнөтү бир жыл болгондуктан убактысы бүтөрдө жыл сайын узартып туруу керектигин эскертти.
Европа жана Түндүк Америка өңдүү өнүккөн өлкөлөрдө камсыздандыруу кеңири жайылган. Кыргызстандагы турак-жайды камсыздандыруу маселеси дагы актуалдуу, анткени кыйроочу жер титирөөлөр айыл-кыштактарда, батир жана жеке үйлөрдөгү уурулук, суу ташкыны, өрт, жарылуу өңдүү кырсыктар көп катталат. Буга карабастан, өлкөдө турак жайды камсыздандыруу практикасы жакында башталды. 2015-жылы республикада "Турак жайды өрттөн жана табигый кырсыктардан милдеттүү камсыздандыруу жөнүндө" мыйзам кабыл алынып, 2016-жылы "Мамлекеттик камсыздандыруу уюму" ишканасы түзүлгөн. Бул тууралуу Нурсултан Чекиров Sputnik Кыргызстан радиосунун эфиринде маек куруп жатып билдирди.
Чекиров: беш жыл ичинде 50 млн. сомдук камсыздандыруу каражаты берилди
Анын айтымында, адамдын шалаакылыгынан чыккан (жылытуучу каражатты же чайнекти, үтүктү токко сайып унутуп койсо) кырсыктан үй өрттөнүп, урап калса, согуш, революция учурунда турак жай талкаланса камсыздандырылбайт.
"Камсыздандыруу милдеттүү жана ыктыярдуу болуп бөлүнөт. Милдеттүүгө турак жай, жарандык жоопкерчилик (коомдук транспорттун айдоочусу, кооптуу объекттерде иштеген жумушчулар) кирет, ал эми ыктыярдуу түрдө адамдар ден соолугун, унаасын, кыймылдуу жана кыймылсыз мүлкүн камсыздай алат. Буга чейин ӨКМдин алдындагы Турак жай департаменти мамлекеттеги авариялык абалдагы үйлөрдүн реестрин түзүп, оңдоп-түзөө иштерине 50 миң сом кайтарымсыз, 200 миң сом кайтарымдуу каражат берип келген. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму түзүлгөндөн кийин мекеме 2017-жылы ишин токтоткон. Учурда биздин уюмдун жети облустун ар биринде бирден филиалы, андан сырткары ар бир райондо жана облустук маанидеги шаарларда бирден, жалпы 56 инспекторубуз бар. Айыл өкмөт же айылдагы активдүү жарандар менен келишим түзүп, алар камсыздандыруу иштерин жүргүзүп, 15 пайызын айлык-акы катары алып иштешет. Ошентип өлкө боюнча 400дөй агент бар. Статистиканы карасак, 2016-жылы 11 миң, 2017-жылы 65 миңден ашык, 2018-жылы 87 миң, 2019-жылы 93 миң, 2020-жылы 70 миң жана 2021-жылы 53 миңден көп турак жай камсыздандырылды. Акыркы эки жылда пандемияга байланыштуу камсыздандыруу иштери аз жүрдү. Мамлекеттик камсыздандыруу уюму ачылгандан баштап беш жылдын ичинде 617 жаранга 50 миллион сом камсыздандыруу каражатын берди. Белгилей кетчү нерсе, ар бир жаран кыйроонун көлөмүнө жараша ар кандай суммадагы каражат алды", — деди Чекиров.
Ал ар бир үйдү камсыздандыруу үчүн шаардыктар жылына 1200 сомдон, айыл жеринде 600 сомдон төлөй турганын жана камсыздандыруу зарыл болгон учурда шаар аймагындагы үйлөргө бир миллион, ал эми айыл жериндегилерге 500 миң сомго чейин берилерин кошумчалады.
Белгилей кетсек, 18-декабрда Кыргызстандын камсыздандыруу рыногунун кызматкерлеринин күнү белгиленет.
Подкасттын толук вариантын төмөнкү видеодон көрүңүз:
Жаңылыктар түрмөгү
0