Чыңгыз Айтматовдун сүрөттөгү элеси. Дүйнөнүн ар жеринен окурман тапкан калемгер

Жазылуу
Бүгүн – залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун туулган күнү. Sputnik Кыргызстан агенттиги калемгердин сүрөттө калган ирмемдерин сунуштайт.
Кыргызстандын залкар уулу, белгилүү жазуучу, коомдук жана мамлекеттик ишмер Чыңгыз Айтматов 1928-жылы 12-декабрда Талас облусуна караштуу Кара-Буура районундагы Шекер айылында жарык дүйнөгө келген.
Мектепти аяктагандан кийин Жамбыл шаарындагы зооветеринардык техникумду окуп, андан соң Скрябин атындагы Кыргыз мамлекеттик айыл чарба институтунда, Москвадагы Жогорку адабият курсунда окуган. Айтматовдун чыгармачылыгы студент кезинде башталып, биринчи аңгемеси "Гезитчи Дзюйо" деген ат менен 1952-жылы "Кыргызстан" альманахына орус тилинде жарыяланган.
Последняя фотосессия писателя Чингиза Айтматова в КР - Sputnik Кыргызстан, 1920, 12.12.2021
Чыңгыз Айтматов тууралуу 22 факт. Айылдан ааламга кеткен жолдун кубанычы менен ыйы
Жаш калемгер согуш жылдарында Шекер айылында айылдык кеңештин катчысы, райфинбөлүмдүн агенти, 1953-1956-жылдары Кыргыз мал чарба илим-изилдөө институтунун эксперименттик фермасында зоотехник, 1958-1960-жылдары "Литературный Кыргызстан" журналынын редактору, 1960-1965-жылдары "Правда" гезитинин өз кабарчысы болуп эмгектенген.
Алгачкы аңгемелери 1952-жылы орус тилинде "Комсомолец Киргизии" гезитинде жана "Кыргызстан" альманахына жарыяланат. Ошол кезде ал В. Катаевдин "Полктун уулу" повестин, М. Бубеновдун "Ак кайың" романын которот, бирок алар басылган эмес. Андан кийин "Ак жаан", "Түнкү сугат", "Асма көпүрө" аттуу кыргызча жазылган аңгемелери жарыяланат. Анын чыгармачылык ишиндеги бурулуш 50-жылдардын ортосунан кийин болгон. Бул жылдары "Бетме-бет" (1958) жана "Обон" ("Жамийла", 1959) повесттери кыргызча жана орусча жарыкка чыгат. Адам мүнөзүн, психологиясын ачууда "Бетме-бет" повести кыргыз прозасына жаңылык киргизген. "Бетме-бет", "Жамийла" повесттери кыргыз идеялык-эстетикалык проблематикасы жана ага шайма-шай келген көркөмдүк сапаты менен кыргыз совет адабиятындагы нукура жаңычыл чыгарма болуп, бат эле көп тилдерге которулган.
Кыргыз эл жазуучусу андан кийин "Кызыл жоолук жалжалым" ("Делбирим", 1961), "Ботогөз булак" (1961), "Биринчи мугалим" (1962), "Саманчынын жолу" (1963), "Гүлсарат", "Ак кеме", "Эрте жаздагы турналар" (1973), "Деңиз бойлой жорткон ала дөбөт" (1977), "Кылым карытар бир күн" (1980), "Кыямат" (1986), "Кассандранын эн тамгасы" (1995) жана башка аңгеме, повесть, романдарын окурмандарга сунуштайт.
СССР жазуучулар союзунун мүчөсүнүн чыгармалары кыргыз адабиятын эл аралык деңгээлде көтөрүп, жазуучунун дээрлик бардык чыгармалары КМШ өлкөлөрүнүн драма жана опера театрларынын сахналарында коюлуп, кинофильмдер тартылган.
Съемки фильма Засада режиссера Геннадия Базарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.12.2021
Кыргыздардын тунгуч блокбастери. "Буктурма" тасмасындагы кызыктуу ирмемдер
Айтматов 21 жыл Кыргызстан кинематографисттер союзунун төрагасы болуп иштеп, 1988-1990-жылдары "Иностранная литература" журналынын башкы редактору, СССР президентинин кеңешчиси, 1991-жылы Кыргызстандын Бельгиядагы элчиси болуп дайындалган.
Кыргыз Республикасынын баатыры чыгармалары дүйнөдө көп басылып чыккан классиктердин бири болуп эсептелет. Анын чыгармалары дүйнөнүн 165 тилине которулуп, 67,5 миллиондон ашык экземплярда жарык көргөн.
Токтогул атындагы мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, улуу жазуучу 2008-жылдын 10-июнунда 80 жаш курагында катуу оорудан кийин дүйнөдөн кайткан.
Атактуу инсан тууралуу кызыктуу 22 фактыны Sputnik Кыргызстан агенттигинин материалынан окуңуздар.
© Sputnik / Александр ФедоровЧыңгыз Айтматов – дүйнөдөгү эң көп окулган жазуучулардын бири. Анын китептери 180ге жакын тилге которулган.
Чыңгыз Айтматов – дүйнөдөгү эң көп окулган жазуучулардын бири. Анын китептери 180ге жакын тилге которулган. - Sputnik Кыргызстан
1/18
Чыңгыз Айтматов – дүйнөдөгү эң көп окулган жазуучулардын бири. Анын китептери 180ге жакын тилге которулган.
© Sputnik / Михаил Озерский / Медиабанкка өтүүЧыгармачылыгы оргуштап, атагы алыска кеткен жаш Айтматов Москвада, 1966-жыл
Чыгармачылыгы оргуштап, атагы алыска кеткен жаш Айтматов Москвада, 1966-жыл - Sputnik Кыргызстан
2/18
Чыгармачылыгы оргуштап, атагы алыска кеткен жаш Айтматов Москвада, 1966-жыл
© Sputnik / Александр ФедоровУлуу жазуучу советтик кинорежиссер, сценарийчи Марк Донскойду артынан кучактап турат. Кыргыз ССРинде өткөн кинофестивалдын конокторун тоскон Айтматов менен белгилүү актриса Сабира Күмүшалиева.
Улуу жазуучу советтик кинорежиссер, сценарийчи Марк Донскойду артынан кучактап турат. Кыргыз ССРинде өткөн кинофестивалдын конокторун тоскон Айтматов менен белгилүү актриса Сабира Күмүшалиева. - Sputnik Кыргызстан
3/18
Улуу жазуучу советтик кинорежиссер, сценарийчи Марк Донскойду артынан кучактап турат. Кыргыз ССРинде өткөн кинофестивалдын конокторун тоскон Айтматов менен белгилүү актриса Сабира Күмүшалиева.
© Sputnik / Александр ФедоровКалемдештер: Кубанычбек Маликов, Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев
Калемдештер: Кубанычбек Маликов, Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев - Sputnik Кыргызстан
4/18
Калемдештер: Кубанычбек Маликов, Чыңгыз Айтматов, Аалы Токомбаев
© Sputnik / Александр ФедоровКыргыз киносунун дөө-шааларынын ортосунда Кыргыз ССРинин кинематографисттер союзунун төрагасы Чыңгыз Айтматов, Ала-Арча капчыгайы
Кыргыз киносунун дөө-шааларынын ортосунда Кыргыз ССРинин кинематографисттер союзунун төрагасы Чыңгыз Айтматов, Ала-Арча капчыгайы - Sputnik Кыргызстан
5/18
Кыргыз киносунун дөө-шааларынын ортосунда Кыргыз ССРинин кинематографисттер союзунун төрагасы Чыңгыз Айтматов, Ала-Арча капчыгайы
© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүКалемгердин көптөгөн шедеврлер жазылган иш бөлмөсү, Фрунзе шаары, 1977-жыл
Калемгердин көптөгөн шедеврлер жазылган иш бөлмөсү, Фрунзе шаары, 1977-жыл - Sputnik Кыргызстан
6/18
Калемгердин көптөгөн шедеврлер жазылган иш бөлмөсү, Фрунзе шаары, 1977-жыл
© Фото / Александр ФедоровЫсык-Көлдө "Ак кеме" тасмасы тартылып жаткан кез
Ысык-Көлдө Ак кеме тасмасы тартылып жаткан кез - Sputnik Кыргызстан
7/18
Ысык-Көлдө "Ак кеме" тасмасы тартылып жаткан кез
© Фото / из архива семьи АйтматовыхКалемгердин чыгармалары дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап, миллиондогон окурманын таба алган
Калемгердин чыгармалары дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап, миллиондогон окурманын таба алган - Sputnik Кыргызстан
8/18
Калемгердин чыгармалары дүйнөнүн булуң-бурчуна тарап, миллиондогон окурманын таба алган
© Фото / из архива семьи АйтматовыхЭки залкар: манасчы Саякбай Каралаев менен Чыңгыз Айтматов
Эки залкар: манасчы Саякбай Каралаев менен Чыңгыз Айтматов - Sputnik Кыргызстан
9/18
Эки залкар: манасчы Саякбай Каралаев менен Чыңгыз Айтматов
© Фото / Александр ФедоровКыргызстандыктар, анын ичинде Чыңгыз Айтматов менен балерина Бүбүсара Бейшеналиева, Ленинград шаары
Кыргызстандыктар, анын ичинде Чыңгыз Айтматов менен балерина Бүбүсара Бейшеналиева, Ленинград шаары - Sputnik Кыргызстан
10/18
Кыргызстандыктар, анын ичинде Чыңгыз Айтматов менен балерина Бүбүсара Бейшеналиева, Ленинград шаары
© Sputnik / Дронов / Медиабанкка өтүүЧыңгыз Айтматов кениялык коноктор менен Чүй облусундагы "Кегети" совхозунда
Чыңгыз Айтматов кениялык коноктор менен Чүй облусундагы Кегети совхозунда - Sputnik Кыргызстан
11/18
Чыңгыз Айтматов кениялык коноктор менен Чүй облусундагы "Кегети" совхозунда
© Sputnik / Борис Виленкин / Медиабанкка өтүүЭл аралаган залкар жазуучу Ош облусунун колхозчулары менен, 1963-жыл
Эл аралаган залкар жазуучу Ош облусунун колхозчулары менен, 1963-жыл - Sputnik Кыргызстан
12/18
Эл аралаган залкар жазуучу Ош облусунун колхозчулары менен, 1963-жыл
© Фото / Александр ФедоровЛегендарлуу парламенттин депутаты Чыңгыз Айтматов кесиптештери Жамин Акималиев, Мамат Айбалаев менен
Легендарлуу парламенттин депутаты Чыңгыз Айтматов кесиптештери Жамин Акималиев, Мамат Айбалаев менен - Sputnik Кыргызстан
13/18
Легендарлуу парламенттин депутаты Чыңгыз Айтматов кесиптештери Жамин Акималиев, Мамат Айбалаев менен
© Фото / из семейного архива АйтматовыхЧыңгыз Айтматов кызы Ширин жана уулу Элдар менен
Чыңгыз Айтматов кызы Ширин жана уулу Элдар менен - Sputnik Кыргызстан
14/18
Чыңгыз Айтматов кызы Ширин жана уулу Элдар менен
© Фото / Александр ФедоровСаясатчы, мамлекеттик ишмер Михаил Горбачев менен Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумунда, 1997-жыл
Саясатчы, мамлекеттик ишмер Михаил Горбачев менен Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумунда, 1997-жыл - Sputnik Кыргызстан
15/18
Саясатчы, мамлекеттик ишмер Михаил Горбачев менен Чыңгыз Айтматов Ысык-Көл форумунда, 1997-жыл
© Sputnik / Виктор Чернов / Медиабанкка өтүүЖазуучунун дачада балдары Санжар жана Аскар менен чөп чаап жаткан учуру
Жазуучунун дачада балдары Санжар жана Аскар менен чөп чаап жаткан учуру - Sputnik Кыргызстан
16/18
Жазуучунун дачада балдары Санжар жана Аскар менен чөп чаап жаткан учуру
© Фото / из семейного архива АйтматовыхМария Айтматова калемгердин тиреги жана музасы болгон
Мария Айтматова калемгердин тиреги жана музасы болгон - Sputnik Кыргызстан
17/18
Мария Айтматова калемгердин тиреги жана музасы болгон
© Фото / Александр ФедоровЧыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 93 жашка чыкмак
Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 93 жашка чыкмак - Sputnik Кыргызстан
18/18
Чыңгыз Айтматовдун көзү тирүү болгондо быйыл 93 жашка чыкмак
Жаңылыктар түрмөгү
0