Кыргызстан кездемени өзү чыгара баштады, эми импортко көз каранды болбойт

© Sputnik / Варвара Гертье / Медиабанкка өтүүКездемелер. Архив
Кездемелер. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 03.12.2021
Жазылуу
Россия-Кыргыз өнүктүрүү фонду жылдын башынан бери 3 миңден ашуун долбоорду каржылаган. Экономикага кошкон салымы 400 миллион доллардан ашты.
БИШКЕК, 3-дек. — Sputnik. Кыргызстан өзүнүн ишканаларын ачкандыктан бир катар товарларга болгон муктаждыкты жаап баштайт. Бул тууралуу Россия-Кыргыз өнүктүрүү фондунун башкаруучулугунун төрагасы Артём Новиков Евразиялык экинчи конгрессте билдирди.
Анын айтымына караганда, фонд республиканын экономикасына 400 миллион доллардан ашык акча салды. Ал жыл башынан тарта баш-аягы үч миңден ашуун чакан, ири, орто жана системалуу долбоорду каржылаган.
Новиков жогоруда айткандары боюнча төмөнкү мисалдарды келтирди:
Кластердик өнөр жайдын толук циклин түзүүгө мүмкүн болду, ал жип ийрүү үчүн пахтаны өздөрү өстүргөндөн тарта кийим-кече тиккенге чейинки процесс. Кыргызстан мурда кездемени 100 пайыз импорттоп келсе, азыр муктаждыктын бир бөлүгүн өзүнүн өндүрүшү менен жаба баштады;
Чүй облусундагы Кегети капчыгайына жылдын төрт мезгилинде иштеген туристтик жайдын долбоору - Sputnik Кыргызстан, 1920, 30.11.2021
Кегетиге 380 миң долларлык туристтик комплекс курулат. Сүрөт
Кыргызстандагы кант тармагын калыбына келтирип жана өнүктүрүүнү колдогон долбоор. Кант заводун жандандырып, кант кызылчасын өстүргөн 3 миңге чукул фермерди ишке тартышкан. Анын натыйжасында өлкө бул продукция боюнча муктаждыгын 100 пайыз өзү жапты;
Фармацевтика тармагын калыбына келтирүү боюнча иштер жүрүп жатат. Кээ бир препараттарды өндүрүү боюнча ири долбоор ишке ашканы турат, ал муктаждыкты 100 пайыз жабууга ниеттенүүдө.
Иш-чараны Евразиялык өнүктүрүү банкы (ЕАБР) Россия өкмөтүнүн колдоосу менен уюштурган. Эл аралык Sputnik агенттиги менен радиосу конгресстин башкы маалыматтык өнөктөшү болду.
Жаңылыктар түрмөгү
0