Ибраимов Максатбек Тургунбекович — өмүр баяны

© Фото / пресс-служба ПП "Ата-Журт Кыргызстан"Ибраимов Максатбек Тургунбекович
Ибраимов Максатбек Тургунбекович - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.11.2021
Жазылуу
Максатбек Ибраимов 1981-жылы 27-ноябрда Ош облусунун Өзгөн районундагы Кара-Дыйкан айылында туулган.
Жогорку билимдүү. Ош гуманитардык педагогикалык институтунун укук таануу факультетин жана Кыргыз мамлекеттик юридикалык академиясын "юриспруденция" адистиги боюнча бүтүргөн.
Эмгек жолу:
  • 2004-2007 ― Өлкөнүн түштүк аймагы боюнча балдар жана өспүрүмдөр мектебинде бокс боюнча башкы машыктыруучу;
  • 2007-2011 ― Ош облустук мамлекеттик администрациясынын атайын гаражында айдоочу;
  • 2011-2013 ― "ЮКСМ" ЖЧКсында юрист;
  • 2013-2016 ― Транспорт жана коммуникация министрлигинин салмак габариттик көзөмөл департаментинин "Жаңы-Арык" постунун башчысы;
  • 2017-2021 ― Жазы айыл өкмөтүнүн башчысы.
Жаңылыктар түрмөгү
0