БИШКЕК, 25-сен. — Sputnik. Кыргызстанга алып келинген автоунаалардын саны быйыл 14,6 миңге азайды. Бул тууралуу Улуттук статистика комитети билдирди.
Январь айынан июлга чейин өлкөгө 6 398 автотранспорт импорттолгон. Ал эми өткөн жылдын ушул мезгилинде 20 950 даана унаа алып келинген болчу.
Эгер статистиканы карай турган болсок, быйыл Россия, Түштүк Корея, Грузия жана Литвадан автоунаа көп келе баштады.
Ал эми кээ бир өлкөлөрдөн импорттоо кескин азайып кеткен. Мисалы, АКШдан 13,6 миңден 555ке, Казакстандан 4,8 миңден 208ге чейин түшкөн.
Кыргызстандын базарларында жеңил унаалардын баасы тынымсыз өсүп жатат. Sputnik эксперттерден "арзандашын күтүш керекпи?" деген суроого жооп алды.