ЕАЭБде жана коңшуларда орточо айлык акынын көлөмү кандай? Салыштыруу

© Sputnik / Жоомарт УраимовСом купюраларды колунда кармап турган киши. Иллюстративдик сүрөт
Сом купюраларды колунда кармап турган киши. Иллюстративдик сүрөт - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Улуттук статистика комитетинин маалыматы боюнча, Кыргызстанда жыл сайын орточо айлык акынын суммасы жогорулоодо.

Sputnik агенттигинин кабарчысы кыргызстандыктардын маянасы коңшу өлкөлөрдөгү жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердеги маяналар менен салыштырып көрдү.

Бир нече күн мурун Антимонополиялык жөнгө салуу мамлекеттик агенттиги кошуна республикалардагы, ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердеги бензин баасын салыштырды.

Республика импорттон көз каранды өлкөлөрдүн арасында күйүүчү майлардын арзандыгы боюнча биринчи орунда турары айтылып келген. Ал ортодо социалдык медианын колдонуучулары Кыргызстандын мамлекеттик органдарын мунай өндүрүмдөрүн эле эмес, маяналарды да салыштырып көрүүгө чакырды.

Sputnik Кыргызстан редакциясы коңшу өлкөлөрдүн жана ЕАЭБге мүчө-мамлекеттердин жашоочулары орточо канча акча табарын сураштырып көрүүнү чечти. Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, жыл сайын орточо маянанын көлөмү өсүп турат.

Эскерте кетсек, орточо маянаны эсептөөдө жарандардын бардык категорияларынын, анын ичинде аткаминерлер, ири ишканалардын кызматкерлери, банкир, ошондой эле бюджетчилердин эмгек акысы эске алынат.

Кыргызстанда 2021-жылы пенсия жогорулайт  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Кыргызстанда 1-октябрдан тарта пенсия канча сомго көбөйөт. Инфографика
2020-жылы республикадагы орточо айлык акы 18 940 сомду, ошону менен бирге эле январь-апрель айларында майда ишканаларды кошпогондо маянанын орточо деңгээли 18 957 сомду түзгөн.

Казакстанда орточо айлык акы быйыл августта 256 455 теңге же 50 миң сомдон ашуун көлөмдө болду. Аталган республиканын президенти келерки жылдын январынан тарта минималдуу маянанын көлөмүн 42 500дөн 60 000 теңгеге дейре (орточо 12 миң сом) көтөрүү чечимин кабыл алды. Демек, январда Казакстанда айына 12 миң сомдон кем алган жаран калбайт.

Россияда былтыр орточо маяна 52 100 рубль эле. Быйыл Росстат россиялыктардын айлыгын жаңы формула боюнча эсептей баштайт. Тагыраак, орточо сумма эмес, андан алда канча калыс медианалдык сан чыгарылат. Соңку маалыматтарга ылайык, Россияда орто катмардагы жумушчу айына 42 550 рубль же 49 500 сом алат.

2021-жылдын биринчи жарымында өзбекстандык жарандын айлыгы былтыркы жылдын ушул мезгил аралыгына караганда 16 пайызга өскөн. Өзбекстанда орточо маяна – 2 миллион 971,1 миң сум же 23 500 сом.

Киши капчыгынан акча алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Акча топтоонун жеңил жолу. Кыргызстандыктарга 7 кеңеш
Коңшу Тажикстандын Эмгек министрлигинин маалыматы боюнча, бул дээрлик 1 500 сомони же болжол менен 11 160 сомду түзөт.

Беларусь Улуттук статистика комитетинин маалыматтарына таянсак, быйыл июль айында жумушчулардын орточо айлык акысы 1 471,7 беларусь рубли же орточо 46 600 сом болду.

Расмий маалыматтар боюнча, 2021-жылдын март айында Арменияда орточо айлык акы 198,1 миң драмга (орточо 34 500 сомго) барабар эле.

Жаңылыктар түрмөгү
0