Кыргызстанда машина арзандабай калдыбы? Унаа базарындагы абал

© Sputnik / Илья Наймушин / Медиабанкка өтүүАвтоунаа базары. Архив
Автоунаа базары. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Жазылуу
Өлкөдөгү автоунаа базарында баа кыйла өстү. Булар эмнеге кымбаттап жатканына жооп издеп, кайра качан арзандап баштай турганын серепчилерден сурап көрдүк.

Көп сатылган машиналардын баасы 100 доллардан тарта 1000-2000 миң долларга чейин жогорулап кеткен. Мында кеп жарым жыл мурун эле алда канча арзан сатылып жаткан автомобилдер туурасында.

Суроо-талап жогору 15 автоунаанын наркы кандай өзгөргөн?

Автомобилдердин басымдуу бөлүгүнүн баасы орто эсеп менен 200-1 200 долларга өстү. Негизинен бул Honda Odyssey, Toyota RAV4, Hyundai Sonata, Lada 210, Lexus RX, Mercedes-Benz E, Daewoo Matiz, 5-сериядагы BMW жана башкаларга мүнөздүү. Албетте, арзандаган унаалар да бар, бирок бул жалпы тенденция эмес, сейрек гана көрүнүш. Sputnik агенттигинин кабарчысы эмне үчүн Кыргызстанда машиналар кымбаттап жатканына, качан төмөндөшү мүмкүн экенине кызыгып көрдү.

Кыргызстандагы эң өтүмдүү машиналар кымбаттадыбы?
Кыргызстанда машина арзандабай калдыбы? Унаа базарындагы абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Кыргызстандагы эң өтүмдүү машиналар кымбаттадыбы?

Кыргызстанда машиналар эмнеге мынча кымбаттап кетти?

"Элчи" социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун директору Денис Бердаков мындай жагдайга ири автоконцерндер тушуккан каатчылык түздөн-түз себепкер экенин белгилейт.

© Sputnik / Жоомарт Ураимов"Элчи" социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун директору Денис Бердаков
Кыргызстанда машина арзандабай калдыбы? Унаа базарындагы абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
"Элчи" социалдык-саясий изилдөөлөр борборунун директору Денис Бердаков
"Автомобилдердин жетишсиздиги суроо-талаптын ашкере көптүгүнө гана эмес, өндүрүштөгү кыйынчылыктарга да байланыштуу. Машина өндүрүүчүлөр кыймылдаткычтар үчүн керектүү тетиктердин тартыштыгына кабылышты. Тагыраагы, башкаруунун электрондук блокторунун, тышкы электр жабдууларынын, жабдыктарды башкаруу панелинин, мультимедиалык системалардын микросхемалары азыр жетишсиз болуп турат. Ушул өңдүү тетиктердин өндүрүш көлөмү пандемиянын, ар кыл мамлекеттердеги ушул багыттагы өндүрүш ишканаларына коюлган чектөө чараларынын айынан азайып кеткен", — деген оюн ортого салды эксперт.

Кыргызстанда айдалган автолор базарындагы баанын өсүшүнө өлкөгө сырттан мурдагыдай жапырт машина алып келбей калышканы да таасир этүүдө.

"Бул биздин мамлекетте бажы төлөмдөрүнүн кымбаттыгына байланыштуу. 2020-жылга чейин ташып келинген машиналардын запасы түгөнүп, эми таңсыктык жаралууда. Пандемияга дейре адамдар автомобилди өз алдынча алып келе алышчу. Ал эми чектөө чараларынан соң транспорттук компаниялардын кызматынан пайдаланууга туура келет же поезд менен жөнөтүү гана мүмкүн болуп калды. Бул жөнөкөй иш эмес, анткени каатчылык бул багытта да сезилет. Ири көлөмдө жүктөп келүүгө кубаттуулук жетишсиз", — деп түшүндүрдү Бердаков.

Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров да экинчи колдон сатылган унаалардын кымбатташына дүйнөлүк автомобилдик өндүрүш көйгөйлөрү себеп болуп жатканын белгилөөдө.

© Sputnik / Табылды КадырбековЭкономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров
Кыргызстанда машина арзандабай калдыбы? Унаа базарындагы абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Экономика министринин мурдагы орун басары Элдар Абакиров
"Глобалдык авторыноктун негизги маселеси – микрочиптердин таңсыктыгы. Дүйнөлүк экономика бир жылдан ашуун мезгилден бери пандемия маалында жаралган ушул көйгөйдү чечүүнүн жолун издеп, бирок майнап чыга элек. Натыйжада автоконцерндер белгиленген мөөнөттө машина чыгарууга үлгүрбөйт. Бирок аларга суроо-талап бар, ал күндөн-күнгө өсүүдө. Суроо-талаптын кескин жогорулашы жана сунуштун жоктугу товардын, ал тургай эскисинин да кымбаттап кетишине кептейт", — деп түшүндүрдү Абакиров.

Ошондой эле ал өндүрүштүк каатчылыкты эпидемияга каршы чараларга да байланыштырат. Анын айтымында, бир жыл мурун концерндердин басымдуу бөлүгү мындай кадамдарга барууга аргасыз болушкан. Ал аз келгенсип заводдордун көпчүлүгү жабылып калган.

Кыргызстандагы эң өтүмдүү машиналар кымбаттадыбы?
Кыргызстанда машина арзандабай калдыбы? Унаа базарындагы абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Кыргызстандагы эң өтүмдүү машиналар кымбаттадыбы?

Унаа сатуучу Эрнест Тагаев машиналарды көбүнесе Грузиядан сатып алып, Кыргызстанга ташыйт. Анткен менен соңку убакта ал жактан да жакшы авто таппай жүргөнүнө кейиди.

© Sputnik / Эрмек ЖумагуловУнаа сатуучу Эрнест Тагаев
Кыргызстанда машина арзандабай калдыбы? Унаа базарындагы абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Унаа сатуучу Эрнест Тагаев
"Бул чоң көйгөй, пайдаланылган унаалар рыногундагы таңсыктык бизде эле эмес, биз иштешкен өлкөлөрдүн баарында байкалууда. Буга чейин Грузияга Европа жана Америкадан айдалган, бирок дурус автолор аябай көп ташып келинчү. Бирок ушул тапта абал начарлады. Сизге таамай түшүндүрүү үчүн бир мисал келтирейин. 2015-жылы чыккан абалы жакшы Toyota Camry машинасын табыш кыйындап калды. Болбосо бир жарым жыл мурун эле биз андайды катар тизип, мыктысын тандап алчубуз. Мурда европалыктар, америкалыктар жол кырсыгынан кымындай чийилип калса эле сата беришчү. Азыр абал андай эмес: адамдар сарамжалдуу болуп, унаасын аяп, бир жери чийилип кала турган болсо дароо сатууга ашыкпай, оңдотуп алууга өтүштү", — деди Тагаев.

Ошондой эле унаа соодагери өндүрүштөгү каатчылыктын айынан Америка менен Европанын жашоочулары жаңы автомобилдерди чанда сатып алып, анын натыйжасында саткан учурлары да сейрек боло баштаганын боолголойт.

Бакыт Байматов кыргызстандыктардын эле автолорун сатып алып, унаа базарга кайра сатыкка коет.

"Азыр эски автомобиль деле кымбат турат. Маселен, 2001-жылкы Honda Fit автосун азыр 4 миң доллардан арзан таппайсың. Ошондо да начар абалдагысы гана чыгат! Эгер ушундай машиналар кымбат сатылып жатса, жакшы жүргөн автокөлүктөр тууралуу унчукпай эле коелу. Базарга коюлары менен аны сатып алууга ашыккандар кезекке туруп калууда", — деди сатуучу.

Байматов азыркы тапта жергиликтүү базарда тыңыраак унаа табыш татаал маселеге айланып калганын белгилейт.

Кыргызстандагы эң өтүмдүү машиналар кымбаттадыбы?
Кыргызстанда машина арзандабай калдыбы? Унаа базарындагы абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Кыргызстандагы эң өтүмдүү машиналар кымбаттадыбы?

"Базарда дурус унаалар дээрлик калбай калды. Мурда 5-8 миң долларга мыкты автомобиль келсе, азыр бул акчага жакшыраагын табышыңыз арсар. Жаңы машиналар аз ташып келинет, келсе да аны 10 миң доллардан жогорку баада сатышат", — деди ал.

РИОМ унаа базарынын системалык администратору Марат Сулайманкулов базарлардагы автомобилдердин көпчүлүгү начар абалда дегенге кошулбайт.

"Базарда машиналардын таңсыктыгы бар экени ырас. Бирок машиналардын абалы тууралуу сөз талаштуу маселе. Сатып алардан мурун текшертесиң, жөн эле таштандыны сатып ала бербейсиң да. Былтыркыга караганда 400-600 автомобилдей айырма бар. Албетте, баа өстү, мында талаш жок. Бирок азыр базарда сатылып жаткан жакшы унаалар биринчи кожоюнуна арзан түшпөгөнүн, Кыргызстанга ташып келингенин, бажылык жол-жоболоштурууга төлөнгөнүн эстен чыгарбоо абзел", — деп түшүндүрдү ал.

Унааны сырттан алдыруу арзанбы же өлкө ичинен тапкан туурабы?

Автосатуучу Бакыт Байматовдун пикиринде, жергиликтүү рыноктон сатып алуу ишенимдүү, себеби сатып алууга чейин бузук жерлерин аныктап, эгер андай мандеми табылса баасын да арзандатып алууга болот эмеспи.

"Бирок автомобилди толук диагностикадан өткөргөн күндө да машина бир ай же жарым жылдан кийин оң жүрөт деп жүз пайыз ишене албайсың. Ошону менен бирге эле базардан машина сатып алууда кийин чыгым кыла турган "күтүлбөстүктөрү" болушу мүмкүн.

Чет өлкөдөн машина алдырууда сизге эч кандай кепилдик жок, сырттагы адам сизге өз товарын сатууга умтулат. Машинанын эч бир жери бузук эмес деген тастыктоо катары колуңузда болгону транспорттун сүрөтү жана диагностикалык борбордон алынган справка гана болот. Анан да бир нече ай күтүп, бажы төлөмдөрүнө да көп төлөйт", — деп чечмелеп берди соодагер.

Ал эми Эрнест Тагаев бардык нерсе алуучунун капчыгынан көз каранды деген пикирде.

"Жакшы автомобиль азыр 10 миң доллардын тегерегинде. Эгер андан арзан (албетте, мында чыккан жылы жана унаа үлгүсү да маанилүү) таап алсаңыз, анда сизден өткөн жолдуу жан жок. Чет өлкөдөн машина ташууда биз өзүбүзгө чоң жоопкерчилик алабыз. Башкача айтканда, башында эле дурус абалдагы автону сатып алганыбыз жакшы, жөн жерден аны оңдоп-түзөөгө чыгым болгондун кажети жок. Жаңылып калбоо үчүн Грузияда кесиптештерибиз бар, автомобилдерди ошолор тандайт", — деди ал.

Тагаев Кыргызстанга ташып келинген, бажы төгүмдөрү төлөнгөн машина жергиликтүү базарда турган унаалардан кымбатыраак сатыларын айтат.

"Биз кепил болгон жакшы автомобилдердин бир нече артыкчылыгы бар, көп учурда алар жакшы абалда, мурда азыраак чакырым айдалган. Болгону кардар бир аз көбүрөөк төлөйт", — деди сатуучу.

Чет өлкөдөн машина ташуучу компаниянын кожоюну Данияр Салякаев жергиликтүү рынокто жакшы автомобиль издөөнүн кажети жоктугун айтат.

© Sputnik / Табылды КадырбековЧет өлкөдөн машина ташуучу компаниянын кожоюну Данияр Салякаев
Кыргызстанда машина арзандабай калдыбы? Унаа базарындагы абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Чет өлкөдөн машина ташуучу компаниянын кожоюну Данияр Салякаев
"Өлкөнүн автопаркы акыркы ирет 2019-жылы жаңырган. Андан бери үч жыл өттү, "запас" түгөндү. Сатыла тургандын баары сатылды, негизинен анча жакшы эмес машиналар гана калды. Бажы жол-жоболорунун кымбаттаганына карабастан биздин ишкана мурдагы режимде иштөөдө. Жакшы унаа сатып алууну каалагандар бизге кайрылат, чогуу тандап, аны сатып алабыз. Мындай сатып алуунун терс жагы — бир нече ай күтүүгө туура келгендигинде. Анткен менен автоңуз жергиликтүү базардагыга салыштырмалуу арзан, абалы да жакшыраак болот", — деген ойдо Салякаев.

Ал дагы жергиликтүү рыноктон жакшы абалдагы автоунаа табуу жолдуулук экенин белгиледи. Көбүнесе андай көрүнүш авто ээси акчага зарылган учурларда гана чыгып калат. Башка убакта чет өлкөдөн алдыргандан алда канча кымбат төлөөгө туура келет.

Кыргызстандын желеги жана акча. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 14.09.2021
Артка кеткен тармактар. Кыргызстанда ИДПнын көлөмү дагы төмөндөдү
"Сырттан унаа алдыруунун эң чоң кемчилиги — белгисиздигинде. Биздин ишкана бул чөйрөдө көптөн бери иш алып барат, ошондуктан бузук унааны дароо аныктап кое алабыз. Баары текшерилет, сатып алуучулар маанилүү нерселерин байкабай калбагыдай бул маселеге кылдат кароого гана тийиш. Баарынан да көпкө, орточо 2-4 ай, күтүүгө аргасыз болушат. Бул баарына эле туура келе бербейт", — деген пикирди карманат Салякаев.

Ишкердин айтымында, дал ушул себептен Кыргызстандан сатып алууга караганда бул автонун баасы бир топ арзан түшөт.

"Республика аймагында автомобиль сатып алууда анын базарга келишине чейин канча каражат сарпталганын түшүнүү абзел. Кимдир-бирөө ташып келет, бажыдан өткөрөт, тышкы көрүнүшүн иретке келтирет, анан гана сатыкка коет. Демек, ага жумшалган акча жана бир аз көрүлө турган пайда наркына кошулат. Былтыр буюртма менен Россиядан көп машина ташыганбыз. Ал жакта баа өсүп кеткенде кыргызстандык сатып алуучулар ошол эле унааларды россиялыктарга кайра кымбатыраак саткан. Ал эми Америка же Европадан келе турган унаалар Кыргызстанга жеткенче эле баасы кымбаттап кетет. Бүт чыгымдары менен автого 12 миң доллар салынса, өлкө ичинде аны 15-16 миң долларга сатып алууга даяр болушат", — деп түшүндүрүп берди Салякаев.

Жаңы машиналар мурдагыдан да кымбатпы?

Кыргызстандагы LADA жана KIA үлгүлөрүн расмий импорттоочу ишкананын коммерциялык директору Адилет Итикеевдин айтымында, республика аймагындагы жаңы автомобилдер былтыркыга караганда 10-30 пайызга кымбаттаган.

© Sputnik / Табылды КадырбековКыргызстандагы LADA жана KIA үлгүлөрүн расмий импорттоочу ишкананын коммерциялык директору Адилет Итикеев
Кыргызстанда машина арзандабай калдыбы? Унаа базарындагы абал - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.09.2021
Кыргызстандагы LADA жана KIA үлгүлөрүн расмий импорттоочу ишкананын коммерциялык директору Адилет Итикеев
"Биздин өкүлчүлүктө машиналардын баасы эң жогору дегенде 30 пайызга көтөрүлдү. Россияда чыккан автолордун баасына гана азыраак кошулду, ал эми ЕАЭБге кирбеген өлкөлөрдөн ташып келинген унаалар кыйла кымбаттап кетти. Пандемиядан улам киреше да азая түштү, бирок азыр рынок кайрадан жанданууда деп айтууга болот. Соода-сатык көлөмү артууда, анткен менен пандемияга чейинки мезгилдеги деңгээлге чыга элекпиз", — деп кейийт Итикеев.

BMW борборунун сатуу боюнча адиси Рахмонжан Ибрагимов бүгүн сатып алуучунун унаага деп топтогон ири суммадагы акчасы болсо деле жакынкы жарым жылда каалаган машинасын сатып алууга кепилдик жоктугун айтат.

"Быйыл керектөөчүлөрдүн саны көбөйдү, адамдар машина сатып алгысы келет. Бирок автоөндүрүш тийиштүү санда алып келүүгө үлгүрбөй жатат. Тилекке каршы, жаңы машинага жетишерлик каражатыңыз болсо да аны жарым жыл өткөн соң да сатып аларыңыз арсар. Автоконцерн аны сиз үчүн курап жетишпей калат, себеби жаңы машиналарга кезек күткөндөрдүн аягы дегеле көрүнбөйт! Ошондуктан кардарлар көбүнесе өкүлчүлүктөрдүн колундагы автомобилдерден гана тандап алышат", — деп түшүндүрдү ал.

Кыргызстанда машиналардын арзандачу түрү барбы?

Унаа сатуучулар да, серепчилер да автонун наркы мындан ары кымбаттагандан кымбаттай берерин белгилешет. Бул өз кезегинде акчанын нарксызданышына таасирин тийгизерин айтат Элдар Абакиров.

Киши капчыгынан акча алып жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 28.08.2021
Акча топтоонун жеңил жолу. Кыргызстандыктарга 7 кеңеш
"Элдин колунда накталай акча көп, бирок бул алардын байып баратканын туюндурбайт. Болгону акча нарксызданууда. Мындай абал Америка же Россияда гана байкалган жери жок, Кыргызстанда да ошондой эле көрүнүш. Ушул себептен баары кымбаттап, анын ичинде машиналардын баасы да өсүүдө", — деген ойлорунан бөлүшөт серепчи.

Чет өлкөдөн машина ташуучу ишкананын ээси Данияр Салякаев да баанын төмөндөшүнө үмүттөнүүнүн кажети жок деп эсептейт.

"Азыр баары кымбаттап жаткан убак. Ал эми машиналарга суроо-талап бар, мындай жагдайда алардын арзандашын күтүп болбойт. Бул учурдун чындыгы, дурус унаа алуу үчүн жакшылап акча топтоо зарыл. Анан калса баа жыл сайын арта берери турулуу иш", — деген оюн бөлүштү ал.

Денис Бердаков рынок да багытын алмаштырып, машиналарды эми жакынкы өлкөлөрдөн, атап айтканда, Россия жана Казакстандан сатып ала башташы мүмкүн деп жоромолдойт. Бул мамлекеттерден жүктөп келүү арзанга түшөт. Анткен менен баа жаатындагы жалпы көрүнүш — улам кымбаттай берерин белгилейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0