Стенин атындагы сынакта тандалган сүрөттөр Сочиде көрсөтүлөт

© Sputnik / Данило Гарчиа Ди Мео / Медиабанкка өтүүСтенин атындагы сынактын жеңүүчүлөрүнүн көргөзсмөсү. Архив
Стенин атындагы сынактын жеңүүчүлөрүнүн көргөзсмөсү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 08.09.2021
Жазылуу
Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш сүрөтчүлөрдү колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу.

БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Андрей Стенин атындагы ар кыл жылдары өткөн эл аралык сынактын лауреаттарынын сүрөттөрү 10-сентябрда Сочи шаарындагы "Жемчужина" гранд-отелинин көргөзмө залында ачыла турган заманбап журналистиканын "Вся Россия-2021" деп аталган XXV форумунун экспозициясынын бир бөлүгү болот. Бул тууралуу РИА Новости жазды.

"Форумдагы сүрөт көргөзмө — катышуучулар фото өнөрдөгү акыркы тенденциялар, репортаж сүрөттөрү, актуалдуу темалар менен тааныша ала турган аянтча", — деди Россиянын журналисттер союзунун катчысы, көргөзмөнүн куратору Роман Серебряный.

Экспозицияга аймактык "Планета Москва", "Памяти Александра Ефремова" деп аталган сынактардын жеңүүчүлөрүнүн иштери коюлат. Ал эми "Коммерсантъ" сыяктуу басылмалардын өзүнчө эмгектери, православдык сүрөттөрдүн эл аралык конкурсунун лауреаттарынын тарткандары да кирет. Тандалган эмгектер Көргөзмө залдын бардык коноктору үчүн ачык.

9дун 1-си - Булар коюлбайт деле го

Антон Уницын / Россия. Менин өлкөм. 2016. Улуу тарыхы жана тынч келечеги бар шаар. Учуу. Жергиликтүү трейсер жасаган сальто. Бул башкача тарыхы бар чакан Сольвычегодск шаарынын өзгөчө өтмүшү жана тынч жашап жаткан учурдагысы, жашоочулары тууралуу тарых. Алар өзүнүн калаасын жакшы көрөт. Арткы планда Сольвычегодск шаарынын атактуу жайларынын бири Благовещенский собору.

9дун 2-си

Елена Аносова / Россия. Дүйнөнүн ар кыл түстөрү, жашоодогу эриш-аркактык. 2016. Медвежий бурчу. Бул Кичи Тунгус дарыясынын куймаларынын бири. Бир аз тоңуп калган. Жашоо өзгөрүп баратканы менен бирок аңчылык жана балык уулоонун салттары сакталып калган.

9дун 3-сү

Мария Плотникова / Россия. Менин планетам. 2018. Кызыл жарыкта калган уй. Россиянын Илимдер академиясынын Илим изилдөө институтунун астрофизикалык атайын обсерваториясынын аймагы.

9дун 4-сү

Сергей Бобылев / Россия. Башкы жаңылыктар. 2020. Жүгөрү талаасындагы керемет. Бул Урал авиалиниялары компаниясынын Airbus A321 учагы. Ал эки кыймылдаткычы тең иштебей калгандан кийин Жуковский аба майданынын районундагы жүгөрү өскөн талаага конгон.

9дун 5-си

Константин Чалабов / Россия. Спорт. 2017. Башкача күйөрман. Рио-де-Жанейродогу олимп оюндарындагы пляж волейболу учурундагы көз ирмем.

9дун 6-сы

Бангладештик Рафид Ясардын Бактылуу фермер сүрөтү. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 05.08.2021
Стенин атындагы сынакта онлайн добуш берүү боюнча жеңүүчү аныкталды
Сергей Паршуков / Россия. Моя планета. 2020. Жоголуп бара жаткан дүйнөнүн борбору. Воргашор (Воркута) поселогундагы бугучулардын балдарынын мектеп-интернатынын тарбиялануучулары көчмөндөр колдонуучу үйдүн (чуманын) класста жасалган макетинин алдында. Воркута — түндүк уюлдун ары жагындагы, Европадагы чыгыш тараптагы шаар. Бул калаанын жашоочуларынын саны кескин азайып барат. Воркута эли тездик менен кетип жаткан шаарлардын ичинен биринчи орунда турат.

9дун 7-си

Алексей Филиппов / Россия. Спорт / Сүрөттөр сериясы. 2016. Каршылык көрсөтүү. 2015-жылы Москвада фехтования боюнча дүйнө чемпионаты. Мартина Батини (Италия) аялдар арасындагы биринчилик үчүн таймашта.

9дун 8-си

Федор Телков / Россия. Портрет. Биздин замандын каарманы. 2018. Уралдагы марийлер. Улуттук кийим. Уралдык бул калктын өзүн-өзүн таануу боюнча негизги элементтеринин бири жана сыймыгы алардын улуттук костюмдары. Аны муундан муунга өткөрүп келе жатышат. Бир катар кийимдердин тигилгенине 100 жылдай болгон.

9дун 9-су

Алена Кочеткова / Россия. Менин планетам. 2018. Мен кантип оорудум. "Рак" деген сөздү укканда кишилер селт этип, бул эмне илдет экенин толугу менен элестете алышпайт. Мага ушул диагнозду койгондо эч нерседен кабарым жок болчу жана алдыда эмнелер тургандыгын – коркуудан тарта айыгууга болгон ишенимге чейин кандай жол жатканын билген эмесмин. Оору менен жашоону кайра салмактап чыгууга түрттү. Арбын ой басып, башыма батпай кетчүдөй сезилчү.

Санкт-Петербургдагы Воскресения Христово деп аталган храм - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.04.2021
Жогорку маданияттын уюткусу Питер кыргызстандыктын көзү менен. 15 ирмем
Сочидеги форумду (10-16-сентябрь) Россиянын журналисттер союзу президенттик гранттар фондунун колдоосу менен өткөрүп, ага 1000ге чукул адамды чогултат. Россиянын журналисттер союзунун жаштар канаты Стенин атындагы сынактын тармактык өнөктөшү. "Вся Россия-2021" форумундагы сүрөт көргөзмөсү өнөктөштүктүн алкагында уюштурулду.

Сынак туурасында

"Россия сегодня" эл аралык маалымат агенттиги уюштуруп, РФтин ЮНЕСКО иштери боюнча комиссиясы колдоого алган сүрөттөрдү чогулткан Андрей Стенин атындагы сынактын максаты — жаш фотографтарды колдоо, учурдагы фотожурналистикага коомчулуктун көңүлүн буруу.

Бул жаш сүрөтчүлөрдүн — таланттуулардын, жаңычылдыкты илип кеткен, сезимтал жана ачык балдардын аянтчасы. Бул жерде алар биздин көңүлүбүздү айланабызда эле жашап жаткан адамдарга, болуп жаткан окуяларга бурат.

Башкы маалыматтык өнөктөш — "Россия-Культура", "Москва - 24" телеканалы, Вести.Ru порталы болду. Ал эми Sputnik маалымат агенттиги жана радиосу, RT порталы, Askanews маалымат агенттиги, Independent Media медиахолдинги, ANA маалымат агенттиги, Shanghai United Media Group (SUMG), China Daily гезитинин интернет-порталы, The Paper интернет-порталы, Al Mayadeen медиатүйүнү, Prensa Latina маалымат агенттиги, DBW интернет-порталы болду.

Мындан тышкары, тармактык өнөктөш макамында Россиянын журналисттер союзу, YOung JOurnalists маалымат порталы, Russian Photo, Photo-study.ru порталдары, "Академия фотографии" фотомектеби, LF Magazine, Artdoc, Fotoargenta журналдары, All About Photo, IPhoto Channel интернет порталдары, EYE сүрөт журналы жана фестиваль PhotON эл аралык аянтчасы кызматташты.

Жаңылыктар түрмөгү
0