БИШКЕК, 8-сен. — Sputnik. Бишкекте Соода-экономикалык кызматташтык боюнча кыргыз-түрк өкмөттөр аралык комиссиянын 10-отуруму өтөт. Бул тууралуу министрлер кабинетинин кабарлады.
Иш-чарага Кыргызстандын өкмөт башчысы Улукбек Марипов жана Түркиянын вице-президенти Фуат Октай катышат.
Иш-чара 10-сентябрь күнү өтүп, анын алкагында кыргыз-түрк бизнес-форуму дагы болот.
Мындан тышкары, "Маариф" мектебинин ачылышы пландалууда.