00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
4 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
6 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
5 мин
Ежедневные новости
08:00
5 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
7 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
15:08
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Будь в курсе
Сохранить историю через археологию. О реализации программы раскопок «Тайны древней истории»
16:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Манасчыларды, төкмө акындарды, Улуу Ата мекендик согуш баатырларын даңазалаган. Үмөталиевди эскерүү
17:04
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
«Мусорят сами же альпинисты» — волонтеры о походе для очистки от мусора пиков Ленина и Хан-Тенгри
18:07
36 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Стоп-кадр
Эмне үчүн тасма “Эркекче жана аялча”?
19:07
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Киноблог
Мировые кинофестивали: тренды и темы года
20:06
35 мин
Ачык кеп
Өлкөдө чоң тоок фермалар өнүгүүдө — коопсуздук жана тобокелдиктер
23:04
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Ысык-Көлдү сүзүп өткөн суучул Шуликону президент куттуктады

Президент Садыр Жапаров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.08.2021
Жазылуу
Мамлекет башчы Владислав Шулико 181 чакырым аралыкты сүзүп өтүп, болуп көрбөгөндөй эрдик жасаганын белгиледи.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Өлкө башчысы Садыр Жапаров суучул Владислав Шуликону Ысык-Көлдү узунунан сүзүп өтүп, дүйнөлүк рекорд жараткан ийгилиги менен куттуктады. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматы билдирди.

Мамлекет жетекчиси бүгүн Баткен облусунда иш сапары менен жүрүп Владислав Шуликону телефон аркылуу куттуктаган. Мамлекет башчы суучулду 181 чакырымды сүзүп өтүп, болуп көрбөгөндөй эрдик жасаганын айткан.

"Бардык кыргызстандыктар, анын ичинде мен дагы алты күнгө созулган көлдө сүзүүңүздү сарсанаа болуп карап жаттык. Сиз жараткан рекорд тууралуу кабарды чоң кубаныч жана толкундануу менен кабыл алдым. Сиз биздин чоң сыймыгыбызсыз. Буга чейин мындай аралыкты эч ким сүзүп өтө элек болчу. Сиздин чеберчилик, өжөрлүк жана Мекениңиз — Кыргыз Республикасын таанытууга болгон эркиңиз алдыга коюлган максатка жетүүгө жардам берди", — деген президент сүйлөшүү учурунда.

Эске салсак, кыргызстандык сууда сүзүүнүн чебери Владислав Шулико бүгүн, 27-августта, Ысык-Көлдү узатасынан сүзүп бүтүп, марага жетти. Спортчу аталган кадамын 22-август күнү Каракол пристанынан баштап, Көлдүн бүткөн жери Балыкчыдан аягына чыккан.

Жаңылыктар түрмөгү
0