Баткен менен Согд облусунун башчылары жолугуп, бир катар иштерди макулдашты

© Фото / пресс-служба полпредства президента в Баткенской областиВстреча представителей кыргызского и таджикского сторон для обсуждения границ
Встреча представителей кыргызского и таджикского сторон для обсуждения границ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Жазылуу
Жолугушуунун максаты — кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдардын алдын алуу. Мындай деңгээлдеги жолугушууну айына эки жолу уюштуруу сүйлөшүлдү.

БИШКЕК, 17-авг. — Sputnik. Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода жолукту. Бул туурасында облус жетекчилигинин маалымат кызматы билдирди.

Жолугушуу Лейлек районунун Кулунду өткөрмө посту тараптагы чектеш аймакта болду. Ага Баткен, Лейлек жана Тажикстандын Исфара райондорунун акимдери, облустук күч түзүмдөрүнүн жетекчилери да катышкан. 

© Фото / пресс-служба полпредства президента в Баткенской областиПрезиденттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода жолукту
Баткен менен Согди облусунун башчылары жолугуп, бир катар иштерди макулдашты - Sputnik Кыргызстан, 1920, 17.08.2021
Президенттин Баткен облусундагы өкүлү Абдикарим Алимбаев жана Согди облусунун аткаруу бийлигинин төрагасы Раджаббой Ахмадзода жолукту
"Тараптар ар бир чек арада катталган, соңку күндөрү болуп жаткан окуяларды талкуулашты. Кандай катачылыктар, кимдер тарабынан кетирилгендиги туурасында кеп козголду. Мындан сырткары, күч түзүмдөрүнүн жетекчилерине катталган окуялар боюнча териштирүүгө тапшырма берилди", — деп айтылат маалыматта.

Баткен облусундагы кыргыз-тажик чек арасындагы өткөрүү бекети. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.08.2021
Баткен: тажик тарап чек арага жакын жерде казган окопту кайра толтурду
Натыйжада 17-августтан баштап жер-жерлердеги чек ара заставаларынын башчылары менен биргеликте чек арадагы терс көрүнүштөр боюнча окутууларды өткөрүү макулдашылды.

"Ага ылайык, чек арадагы чектешкен айылдардагы жергиликтүү эл арасында түшүндүрүү иш-чараларын өткөрүү жана чагымчыл аракеттерге бөгөт коюу аракети жасалат. Чектеш аймактарда чыр-чатак орун алган окуялар боюнча күч органдары тарабынан козголгон фактылар жана даярдалган материалдар менен алмашуу жүрөт", — деп айтылат билдирүүдө.

Жолугушуунун максаты кыргыз-тажик чек арасындагы жаңжалдардын алдын алуу болуп саналат. Эки тараптын облус башчыларынын деңгээлинде мындай жолугушууну айына эки жолу уюштуруу макулдашылды.

Жаңылыктар түрмөгү
0