УКМК: Афганистанда согушуп келип, Кыргызстанда теракт жасамакчы болгон

© Sputnik / Табылды КадырбековМашыгуу учурунда шарттуу кылмышкерди кармоо. Архив
Машыгуу учурунда шарттуу кылмышкерди кармоо. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.07.2021
Жазылуу
Атайын кызмат кармалган жаран Афганистанда террордук даярдыктан өтүп, согуштук аракеттерге катышканын белгилейт.
БИШКЕК, 16-июл. — Sputnik. УКМК Кыргызстанга теракт жасаганы келген эл аралык террордук уюмдун активдүү мүчөсүн колго түшүрдү. Бул тууралуу Улуттук коопсуздук комитетинин маалымат кызматы билдирди.
Ал кыргызстандык жаран болгон.
"14-июлда УКМК согуш жүргөн аймактан Кыргызстанга теракт жасоо максатында келген Г.М. аттуу кыргызстандыкты кармады", — деп айтылат билдирүүдө.
Күч органынын кызматкерлери кармалган жаран Афганистанда террордук даярдыктан өтүп, согуштук аракеттерге катышканын аныкташкан.
УКМК  алар эл аралык террордук топтордун республикадагы мүчөлөрүнүн жана тарапташтарынын аракеттерин аныктоо боюнча иш-чараларды улантып жаткандыгын билдирди.
Жаңылыктар түрмөгү
0