https://sputnik.kg/20210702/instagram-tirkeme-masshtabduu-ozgoruu-1053082551.html
Instagram жетекчиси тиркемеде масштабдуу өзгөрүүлөр болорун айтты
Instagram жетекчиси тиркемеде масштабдуу өзгөрүүлөр болорун айтты
Sputnik Кыргызстан
Компаниянын жетекчисинин айтымында, Instagram төрт багытта өнүгүүгө басым жасайт. Алар: блогерлик, видео, сервис аркылуу сатып алуулар жана кат алмашуу. 02.07.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-07-02T16:01+0600
2021-07-02T16:01+0600
2021-12-16T13:59+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
instagram
тиркеме
өзгөрүү
сервис
блогер
видео
https://sputnik.kg/img/07e5/07/02/1053082066_0:58:3072:1796_1920x0_80_0_0_eacc20352461ecbd2e794c402f8020d5.jpg
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Instagram тиркемесинин жетекчиси Адам Моссери жакынкы айларда социалдык тармакты чоң өзгөрүүлөр күтүп жатканын өзүнүн Twitter-аккаунту аркылуу кабарлады.Анын айтымында, мындан ары Instagram видеонун толук экран форматын өнүктүрүүгө басым жасайт. Ал эми колдонуучунун лентасына мурда катталбаса дагы сунушталган постторду чыгарып туруу пландалууда. Учурда сунушталган посттор атайын бөлүмчө аркылуу гана көрүнөт.Моссери мындай өзгөрүүлөргө өнүгүп жаткан TikTok жана YouTube видеосервистери себеп болгонун жашырган жок.
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/07/02/1053082066_0:0:3072:1931_1920x0_80_0_0_db5ea01ba5935e92454ca9c0a992439d.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, instagram, тиркеме, өзгөрүү, сервис, блогер, видео
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, instagram, тиркеме, өзгөрүү, сервис, блогер, видео
Instagram жетекчиси тиркемеде масштабдуу өзгөрүүлөр болорун айтты
16:01 02.07.2021 (Жаңыртылды: 13:59 16.12.2021) Компаниянын жетекчисинин айтымында, Instagram төрт багытта өнүгүүгө басым жасайт. Алар: блогерлик, видео, сервис аркылуу сатып алуулар жана кат алмашуу.
БИШКЕК, 2-июл. — Sputnik. Instagram тиркемесинин жетекчиси Адам Моссери жакынкы айларда социалдык тармакты чоң өзгөрүүлөр күтүп жатканын өзүнүн Twitter-аккаунту аркылуу кабарлады.
"Биз мындан ары сүрөт менен бөлүшкөн тиркеме эмеспиз. Изилдөөлөрдүн жыйынтыгы элдин көпчүлүгү Instagram тармагын көңүл ачуу үчүн колдонорун көрсөттү. Биз муну кабыл алышыбыз керек, демек, өзгөрүүгө туура келет. Учурда биз төрт багытты өнүктүрүүгө басым жасап жатабыз. Алар: блогерлик, видео, сервис аркылуу сатып алуулар жана кат алмашуу", — деди Моссери.
Анын айтымында, мындан ары Instagram видеонун толук экран форматын өнүктүрүүгө басым жасайт. Ал эми колдонуучунун лентасына мурда катталбаса дагы сунушталган постторду чыгарып туруу пландалууда. Учурда сунушталган посттор атайын бөлүмчө аркылуу гана көрүнөт.
Моссери мындай өзгөрүүлөргө өнүгүп жаткан TikTok жана YouTube видеосервистери себеп болгонун жашырган жок.