https://sputnik.kg/20210616/zym-karagaydyn-bashyna-chygyp-ketken-ayuunun-videosu-1052882648.html
Зым карагайдын башына чыгып кеткен аюунун видеосу
Зым карагайдын башына чыгып кеткен аюунун видеосу
Sputnik Кыргызстан
Электр кубаты тартылган карагайлардын башына чыгып кеткен аюуларды түшүрүү адистерге бир топ эле кыйынчылыкты жаратат. 16.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-16T09:25+0600
2021-06-16T09:25+0600
2021-12-14T14:27+0600
жаңылыктар
коом
дүйнөдө
видео
мультимедиа
акш
аризона штаты
аюу
зым карагай
https://sputnik.kg/img/07e5/06/0e/1052860314_0:44:2071:1214_1920x0_80_0_0_7eec73748220d247fa08ee54c2e0ec96.jpg
Мындай "саякат" жырткычтар үчүн кайгылуу аякташы мүмкүн, себеби аларды катуу чыңалуудагы электр тогу урбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Зым карагайларга чыгып кеткен аюу туурасында "National Geographic Россия" сайтына маалымат чыкты.Мындай учурда жаныбар түркүктөн түшүп келе жатканда кабелдерге чалынып же алар бутуна оролуп калуу ыктымалдыгы да бар. Буга окшогон көрүнүш АКШнын Аризона штатында болгон. Бир айда аюу карагайдын башына эки ирет чыгып кетип, айланасындагылар адистерге кайрылышкан.Майдын башында AZGFD Tucson деп аталган жаратылышты коргоо уюмунун өкүлдөрү куткаруу операциясы болгонун айтып беришкен.Көп өтпөй ошол эле жаныбарга энергетиктер экинчи ирет жардамга келген. Аны куткаруу үчүн электр тогун атайын өчүрүшүп, жогору чыгып, аюуну таяк менен түрткүлөп кубалап түшүрүүгө аргасыз болушкан.Эки учурда тең ал "саякатчы" карагайдын башынан аман-эсен жерге "кайтып келген". Ошол тегеректе жайгашкан калктуу жайлардын жашоочулары аюу түшкүчө, тагыраагы, 15 мүнөттөй электр кубатысыз калышкан.
акш
аризона штаты
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/0e/1052860314_51:0:2015:1234_1920x0_80_0_0_17c788217c0b46d01a0ac42a4f72c13a.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, видео, мультимедиа, акш, аризона штаты, аюу, зым карагай
жаңылыктар, коом, дүйнөдө, видео, мультимедиа, акш, аризона штаты, аюу, зым карагай
Зым карагайдын башына чыгып кеткен аюунун видеосу
09:25 16.06.2021 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Электр кубаты тартылган карагайлардын башына чыгып кеткен аюуларды түшүрүү адистерге бир топ эле кыйынчылыкты жаратат.
Мындай "саякат" жырткычтар үчүн кайгылуу аякташы мүмкүн, себеби аларды катуу чыңалуудагы электр тогу урбайт деп эч ким кепилдик бере албайт. Зым карагайларга чыгып кеткен аюу туурасында "
National Geographic Россия" сайтына маалымат чыкты.
Мындай учурда жаныбар түркүктөн түшүп келе жатканда кабелдерге чалынып же алар бутуна оролуп калуу ыктымалдыгы да бар. Буга окшогон көрүнүш АКШнын Аризона штатында болгон. Бир айда аюу карагайдын башына эки ирет чыгып кетип, айланасындагылар адистерге кайрылышкан.
Майдын башында AZGFD Tucson деп аталган жаратылышты коргоо уюмунун өкүлдөрү куткаруу операциясы болгонун айтып беришкен.
Көп өтпөй ошол эле жаныбарга энергетиктер экинчи ирет жардамга келген. Аны куткаруу үчүн электр тогун атайын өчүрүшүп, жогору чыгып, аюуну таяк менен түрткүлөп кубалап түшүрүүгө аргасыз болушкан.
Эки учурда тең ал "саякатчы" карагайдын башынан аман-эсен жерге "кайтып келген". Ошол тегеректе жайгашкан калктуу жайлардын жашоочулары аюу түшкүчө, тагыраагы, 15 мүнөттөй электр кубатысыз калышкан.