Лейлектен АКШга жеткен Нурмухаммед: жүрөк өйүгөн кыялым үчүн келе бердим

© Photo / Robin Mush22-летний программист из КР Нурмухаммед Мыктыбек уулу
22-летний программист из КР Нурмухаммед Мыктыбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 13.06.2021
Жазылуу
22 жаштагы программист Нурмухаммед Мыктыбек уулу Иорданиядагы миллионерлердин балдары окуган мектептен акысыз билим алган. IT-адистигин Америкада жана Кипрде өздөштүргөн. АКШда кызматташуу сунушун четке кагып, өлкөгө кызмат кылуу максатында кайтып келген.
Учурда Нурмухаммед орус, англис, түрк, араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Жаш экенине карабай достору менен биргеликте IT-компания ачып, продукциясын чет өлкөлөргө экспорттошот. Ошондой эле билим берүү тармагына салым кошуу үчүн кыргыз тилинде тиркеме иштеп чыгып окуучулар жана мугалимдерди маалымат менен камсыздоодо.
Sputnik Кыргызстандын кабарчысы Нурмухаммед Мыктыбек уулунун чет өлкөлөрдө окуу тажрыйбасы жана учурдагы жумушу тууралуу маек курду.
© Sputnik / Жоомарт Ураимов22 жаштагы программист Нурмухаммед Мыктыбек уулу Иорданиядагы миллионерлердин балдары окуган мектептен акысыз билим алган. IT-адистигин Америкада жана Кипрде өздөштүргөн.
22-летний программист из Кырызстана Нурмухаммед Мыктыбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
22 жаштагы программист Нурмухаммед Мыктыбек уулу Иорданиядагы миллионерлердин балдары окуган мектептен акысыз билим алган. IT-адистигин Америкада жана Кипрде өздөштүргөн.
— Байкашыма караганда бүгүн дагы бир жумушту баштап келген өңдөнөсүз...
— Ооба, жаңы эле өнөктөштөр менен сүйлөшүп, эртең Билим берүү жана илим министрлигине жолугушууга барууну пландап келдик.
— Түшүнүктүү. Алгач жаш, жигердүү жигиттин өзү тууралуу билип алсак.
— Баткендин Лейлек районундагы Голбо айылынан болом. Атам кесиби боюнча бухгалтер, азыр дыйканчылык менен алектенет. Апам химия мугалими. Төрт бир туугандын улуусумун. Иним студент, карындаштарым мектеп окуучулары. Баары айылда турушат. Өзүм 6-класска чейин айылдагы орто мектепте, кийин "Сапат" лицейинде окудум.
— Айылдагы эле мектепте жүрүп, анан кантип Европа, Америкада окуп калдыңыз?
— Мектеп учурунда предметтик сабактардан дүйнөлүк олимпиадага чейин жеткем. 10-классымда АКШнын Техас штатына олимпиадага барып билимге умтулган кыйын балдарды жолуктурдум. Алар менен бирге жүрүү, маектешүү кызыктырды. Ар кайсы өлкөдөн келгендерди көрүп, чет жактагы алдыңкы мектептерде акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк бар экенин ошондо билдим. Ошол эле жылы эл аралык мектептердин көргөзмөсүнө катышып калдым. Мугалимдерге жактымбы, айтор билбейм, Иорданиядагы Королдор мектебине (King's Academy) өздөрү чакырып, бекер окууну сунушташты.
Аталган мектепте көбүнчө миллионерлердин балдары окуйт экен. Чет өлкөнүн жарандары сейрек кездешет. Эгер барсам, түрк тилдүүлөрдөн жалгыз мен болмокмун. Анан кантип жок демек элем. Ошентип 11-классты Иорданияда окудум. 
© Photo / Robin MushНурмухаммед Мыктыбек уулу: диплом азыркы заманда аябай деле керек эмес, анткени жасаган жумушуңа карап эле баа берип калышпадыбы. Өз алдымча жумуш баштайм десең, диплом эмес тажрыйба көбүрөөк талап кылынат.
22-летний программист из КР Нурмухаммед Мыктыбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нурмухаммед Мыктыбек уулу: диплом азыркы заманда аябай деле керек эмес, анткени жасаган жумушуңа карап эле баа берип калышпадыбы. Өз алдымча жумуш баштайм десең, диплом эмес тажрыйба көбүрөөк талап кылынат.
— Ал жактын билим берүү системасы биздикинен кыйла айырмаланса керек?
— Алар жок дегенде бизден 30-40 жыл алдыда, таптакыр башкача система менен окутушат. 9-класстан баштап өзүң каалаган, келечектеги кесибиңе пайдалуу гана сабактарды тандап окуйсуң. Бизге окшоп мектепти бүтүп жатканда кайсы кесипке тапшырам деп баш катырбайт. Атайын кесиптерди, окуу жайларды изилдеген адистер ар бир окуучуга кеңешчи катары бөлүнүп берилет. Алар багыт берип, кесипти туура тандоо боюнча кеп-кеңешин айтат.
— Демек, сиз да кесип тандоо боюнча кыйналган эмес турбайсызбы. IT тармагына башынан кызыкчу белеңиз?
Кыргызстандагы IT-компаниялар ассоциациясынын аткаруучу директору Ширин Муканбетова  - Sputnik Кыргызстан, 1920, 23.05.2021
IT адиси болчуларды окутуп, такшалтабыз. Компаниялар бирикмесинин өкүлү менен маек
— Ооба. Бирок мен бизнес жаатында окуп, ал эми IT тармагын кошо алып кетем деп ойлочумун. Европага бизнес боюнча окууга тапшырдым. Каникулда Америкага барсам айланамдагылар бүт эле IT адиси экен. Алар менен жүрүп IT менен бизнес жасаса болорун түшүндүм. Европага кетпей эле Америкада калып окуюн десем кабыл алуу сынактары бүтүп калыптыр. Башка жолун издей баштадым. Анан бир досум Кипрге тапшыруу мүмкүнчүлүгү бар экенин айтты. Ал жактагы European University of Lefke университетине бюджетке өтүп, эки жыл окудум.
— Университет болсо эмнеге эки эле жыл окудуңуз?
— Калп айткандай болушум мүмкүн, бирок чындыгында ал жактагы окуу мен үчүн аябай жеңил болду. Жогорку курстардын сабактарын кошуп бергиле деп сурандым. Мугалимдер да байкап, макул болушту. Жетиштүү деңгээлде билим алдым, диплом деле кереги жок деп, Калифорнияга барып окуумду улантууну чечтим. Диплом азыркы заманда аябай деле керек эмес, анткени жасаган жумушуңа карап эле баа берип калышпадыбы. Өз алдымча жумуш баштайм десең, диплом эмес тажрыйба көбүрөөк талап кылынат.
© Sputnik / Жоомарт УраимовУчурда Нурмухаммед орус, анлгис, түрк, араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Жаш экенине карабай достору менен биргеликте IT-компания ачып, продукциясын чет өлкөлөргө экспорттошот.
22-летний программист из Кырызстана Нурмухаммед Мыктыбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Учурда Нурмухаммед орус, анлгис, түрк, араб тилдеринде эркин сүйлөйт. Жаш экенине карабай достору менен биргеликте IT-компания ачып, продукциясын чет өлкөлөргө экспорттошот.
— Калифорнияда кайсы окуу жайды бүтүрдүңүз?
— Мен окуган 42 Silicon Valley университетинде "окуп бүтүрдү" деген түшүнүк жок (күлүп). Ал жакта өмүр бою окуй берсең болот. Азыр кайра барып да окуумду уланта алам.
— Кызык. Ал жердеги окуу системасы башкача окшойт, бир аз айта кетсеңиз. Кантип өттүңүз эле?
— Ооба, ал жерде робот окутат, тапшырмаларды да робот текшерет. 24 саат өзүң каалаган убакта каалаган нерсеңди окусаң болот. Эч ким сени "эрте кел, тапшырма аткардыңбы же эмнеге окуган жоксуң?" дебейт. Окугуң келсе окуйсуң, болбосо жок. Өзүм үчүн окуп, бир нерсе үйрөнөм дегендер гана топтолгон жер. Белгилүү бир максатты көздөгөн студенттерди көрүп өзүмдү түздөдүм, керектүү билимди алып Кыргызстанга келе бердим.
Бул университетке кабыл алуу бир ай бою жүрөт. Бардык тапшырмаларды аткара алсаң гана өтөсүң.
— Каражат жактан кыйналган жоксузбу?
— Окуум бекер, баскан-турганыма ата-энем каралашчу. Андан сырткары, бош убактымда өзүм кафелерде тейлөөчү, ашпозчу болуп иштеп жаттым.
— Америкада калуу мүмкүнчүлүгү болду беле?
— Ооба, көп эле стартаптар жана EvolveCyber компаниясы чогуу иштөөнү сунуш кылган.
© Sputnik / Жоомарт УраимовУшу тапта билим берүү тармагына салым кошуу үчүн кыргыз тилинде тиркеме иштеп чыгып окуучулар жана мугалимдерди маалымат менен камсыздоодо.
22-летний программист из Кырызстана Нурмухаммед Мыктыбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Ушу тапта билим берүү тармагына салым кошуу үчүн кыргыз тилинде тиркеме иштеп чыгып окуучулар жана мугалимдерди маалымат менен камсыздоодо.
— IT-адистер көбүнчө Америкага кетүүгө умтулуп жатышса, сиздин Кыргызстанга кайтып келүүңүзгө эмне түрткү болду?
— Окуучу кезде олимпиадаларга барганда чет жактагы өнүккөн билим берүү мекемелерин көрүп, бизде да ушундай шарт түзүлсө экен деп кыялданчу элем. Кыргызча маалыматтардын жоктугунан региондогу окуучулардын чет жакта окуу тууралуу билбегени ойлондурчу. Ошондо келечекте ушундай мүмкүнчүлүктөр тууралуу кыргызча платформа түзөм деген максат койгом. Аны орундатуу үчүн кайтып келип, учурда тиркеме ачып иштетип жатам.
— Демек, тиркемеңиз билим берүү жөнүндө турбайбы? Кызматтары боюнча кененирээк айта кетсеңиз.
Программист Алтынай Нуркамилова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.07.2019
Жаңыдан аралашкандар да 300 доллар алышат. КРдеги маянасы жогору кесиптин сыры
— Ооба, негизги максатыбыз окуучуларга кыргыз тилинде маалыматтарды бөлүшүү болуп эсептелинет. Анткени региондогу окуучулар маалыматка муктаж. Чет жактан бөлүнгөн гранттар, конкурстар келсе Бишкекте эле бөлүштүрүлүп, аларга жетпей калат. Тиркемеде дал ушундай чет өлкөдө окууга вакансиялар жарыяланып турат. Ошондой эле өлкө ичиндеги мектептер, окуу жайлар тууралуу толук маалымат, ар кайсы предметтик онлайн-курстар, тил үйрөнүү, кино тартуу курстары, мугалимдер үчүн пайдалуу нерселер бар. Дегеле окуучу, студент жана мугалимдер үчүн баары камтылган. Андан башка жалпы аудитория үчүн жаңылыктар, пайдалуу кеңештер дагы чыгып турат. Ошондой эле онлайн-сатуу, региондорго каттаган такси кызматтарынын графиги, WhatsApp сыяктуу баарлашуу бөлүмү, аймактардын картасы, кооз жерлерибизди көрсөткөн саякат бөлүмү да бар. Кызматтарды өнүктүрүү боюнча дагы иштеп жатабыз. Чет өлкөлөргө да жайылтуу тилегибиз бар. 
© Photo / Robin MushНурмухаммед Мыктыбек уулу: теннис, футбол ойнойм, 10-15 чакырымга чуркап турам. Бизнес жөнүндө китептерди окуганды жактырам.
22-летний программист из КР Нурмухаммед Мыктыбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нурмухаммед Мыктыбек уулу: теннис, футбол ойнойм, 10-15 чакырымга чуркап турам. Бизнес жөнүндө китептерди окуганды жактырам.
— Бул жеке идеяңызбы же өнөктөштөр менен биргеликте баштадыңызбы?
— Жеке идеям. Сайтты толугу менен өзүм түзүп, пландаштырып, анан команда топтоп иштетип жатабыз. Учурда 10 киши кадимкидей эле айлык алып иштешет. Маяна төлөөгө демөөрчүлөр жардам беришет. Кийинчерээк тиркеменин өзүнөн түшкөн акча баарыбызга жетет. Негизи командага айлык үчүн эмес, өлкөнү өнүктүрүүгө салым кошкусу келген жаштар чогулган.
— Максаттарыңыз орундалышына тилектешпиз. Башка дагы эмне менен алектенесиз?
— Дагы бир IT-компанияда иштейм. Аны досторубуз менен чогуу бизнес багытында ачканбыз. Ар кандай долбоорлор менен продукциябызды сатып, сайт, система, тиркемелерди жасайбыз.
— Программист болууну каалагандарга кандай кеңеш бересиз?
— Каалоо менен аракет болсо эле көздөгөнүнө жетет. Теория менен чектелип калбай практикага басым жасоого, болушунча реалдуу долбоорлор менен иштеп, өзүнө ишеним артууга, тынымсыз аракет кылууга чакырмакмын.
© Sputnik / Жоомарт УраимовНурмухаммед Мыктыбек уулу: мектепте предметтик сабактардан дүйнөлүк олимпиадага чейин жеткем. 10-классымда АКШнын Техас штатына олимпиадага барып билимге умтулган кыйын балдарды жолуктурдум. Алар менен бирге жүрүү, маектешүү кызыктырды. Ар кайсы өлкөдөн келгендерди көрүп, чет жактагы алдыңкы мектептерде акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк бар экенин ошондо билдим.
22-летний программист из Кырызстана Нурмухаммед Мыктыбек уулу - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Нурмухаммед Мыктыбек уулу: мектепте предметтик сабактардан дүйнөлүк олимпиадага чейин жеткем. 10-классымда АКШнын Техас штатына олимпиадага барып билимге умтулган кыйын балдарды жолуктурдум. Алар менен бирге жүрүү, маектешүү кызыктырды. Ар кайсы өлкөдөн келгендерди көрүп, чет жактагы алдыңкы мектептерде акысыз билим алууга мүмкүнчүлүк бар экенин ошондо билдим.
— Дайыма эле компьютер менен отура бербесеңиз керек. Башка эмнеге кызыгасыз?
— Теннис, футбол ойнойм, 10-15 чакырымга чуркап турам. Бизнес жөнүндө китептерди окуганды жактырам.
Келечекте ири долбоорлорду ишке ашыргым келет. Азыркы учурда Кыргызстандын бизнес боюнча курамасы менен сүйлөшүүлөр жүрүп жатат. Буюрса алдыда жасай турчу жумушум көп.
Жаңылыктар түрмөгү
0