https://sputnik.kg/20210610/maksat-ajylynyn-zhashoochusu-menen-maek-1052803207.html
Тажик коңшуларым үйүм үчүн кечирим сурашты. Максат айылынын жашоочусу менен маек
Тажик коңшуларым үйүм үчүн кечирим сурашты. Максат айылынын жашоочусу менен маек
Sputnik Кыргызстан
Баткендин Максат айылына жасалган куралдуу кол салуу Фарида Малабаеваны үй-бүлөсү менен там-ташсыз калтырды. Кандуу окуядан 40 күн өткөн соң айыл тургуну тажик... 10.06.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-06-10T14:22+0600
2021-06-10T14:22+0600
2021-12-15T22:55+0600
жаңылыктар
коом
кыргызстан
тажикстан
кол салуу
коңшу
баткен облусу
максат айылы
баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
https://sputnik.kg/img/07e5/06/09/1052793626_0:82:3072:1820_1920x0_80_0_0_eeb8b7ec210e115f73b64a7396d006d5.jpg
— Аман-эсен турасыздарбы? Жакындарыңыз жакшыбы?— Кудайга шүгүр, баары жакшы.— Үйүңүз турабы?— Көрө элекмин, мени менен чогуу бара аласыңбы?Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен Максат айылынын тургуну Фарида Малабаева минтип 3-май күнү сүйлөшкөн эле. Аял жашаган жерине баруудан коркуп жатканын айткан, анын үйү менен Тажикстандын аскери өтүп жаткан көчөнүн аралыгы бир нече эле метр экен. Чыр чыккан маалда Фарида жакындары менен Исфана шаарына качып, айылга үч күндөн кийин гана кайтууга белсенген. Бул жерде анын үйү жана чакан дүкөнү бар эле. Чогуу келип Малабаевдердин өрттөлүп жок болгон үйүнүн урандысына туш болдук.Тажикстан менен чектешкен жерде болгон кандуу кагылышуудан 40 күн өттү. Sputnik кабарчысы Фарида Малабаева менен баарынан көп жабыркаган айылдагы абал тууралуу баарлашты.— Үйүңүз калыбына келтирилип жатабы?— Кечээ айыл башчысынын кабинети салтанаттуу ачылды. Азырынча үйдү калыбына келтирүүгө кол жете элек. Кыйраган тамдарыбыз тажик жарандарынын үйлөрүнөн бир нече метр аралыкта. Бийлик бизди чек арадан алысыраак жайгаштырат экен деген да кептер айтылып жатат. Эгер ошондой болуп калса, анда жаңы үйлөр салынат экен. Азыр эки анжы болуп турабыз, ушул жерде калабызбы же башка жакка көчөбүзбү, белгисиз. Суук түшкүчө баш пааналоочу жайыбыз болот деп үмүт артып турабыз.— Азыр Максатта абал кандай?— Өткөн айдын башындагы мезгилге салыштырмалуу кыйла жакшы. Башкы жолдун боюндагы үйлөр калыбына келтирилип, мектеп оңдоп-түзөлүүдө. Бирок эң башкысы, чек ара көйгөйүн чечүү зарыл, биз коркпогудай болуп жашашыбыз керек. Үйүм турган жерге баруудан азыркыга чейин корком, каргаша кайталанып кетеби деп кооптонуп турам. Кечээ эптеп барып, малина жыйнап келдим, огороддо иштедим. Үйүбүз чек арага өтө эле жакын болгондуктан абалды сурап телефон чалгандар көп. Көбү дүрбөлөңгө түшүп кетет.Алты күн мурун (Чоң-Алайдагы чек арада кырдаал курчуган маал — ред.) кайрадан качууга аргасыз болдук. Түнкү саат 2лерде коңшум чалып, тажикстандыктар чогулуп жаткандыктан чыгып кетишибиз керек экенин айтты. Көрсө, айыл башчы, башка тургундар да чалыптыр, катуу уктап калгандыктан укпай калган экенмин. Үйдөгүлөрдү ойготуп, балдарды алып Кайрагачка келдик, айылдаштардын баары ошл жакта экен. Таң аткыча уктаган жокпуз, андан кийин Максатка кайта баштадык.— Азыр каякта жашап жатасыз?— ӨКМ үй-бүлөбүзгө чатыр берген, жол боюндагы бактын түбүнө тигип алдык. Бирок күндүз ысыкта чыдай албай, түнөөдөн дагы деле кооптонуп турабыз. Мындан улам азыр бир үйдүн сарайында күн кечирүүдөбүз. Кийим-кечебиз менен жууркан-төшөгүбүз эшикте. Үйү кыйраган тургундар ушу тапта абдан кыйналып жатабыз.— Тажикстандык коңшулар менен мамилеңиз кандай?— Мурунку үйүм жакка барганда дайыма эле көрөм. Алар деле мени көрүшөт, бирок учурашпайбыз. Элдин жаманы жок эмеспи, чыр чыккыча мамилебиз жакшы болчу, айрымдары менен катышыбыз бар эле. Кагылышуу болгондон эки күн өткөндөн кийин тажик коңшуларым чалып, амандыгыбызды сурашты. Үйүмдү сактай албай калгандары үчүн кечирим сурашты. Андан кийин байланышкан жокпуз. Эртеңки күн кандай болору белгисиз, көңүлүбүз тынч эмес. Кечээ кыргыз келин үйүн көрүүгө барса тажик балдар оюнчук тапанчадан аткылашыптыр...— Дүкөнүңүз эмне болду?— Дүкөн чек ара заставасына жакын болчу. Президент Садыр Жапаров келгенде алгач үйлөрүбүз, андан кийин калган мүлк калыбына келтирилерин айткан. Бирок дүкөндөр жөнүндө укпаптырмын. Айылда болгону төрт соода жайы бар эле, баары өрттөлүп жок болду. Эл соода кылуу үчүн Интернационал айылына (7 чакырым) барып жатат. Телефонго бирдик жүктөчүмүн, эл да ошого көнүп калыптыр, азыр ошону менен жан багып жатабыз.
тажикстан
баткен облусу
максат айылы
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Бакыт Смаилов
https://sputnik.kg/img/104719/03/1047190383_1598:107:2230:739_100x100_80_0_0_94a9361b988e28aacb697b943ebd238b.jpg
Бакыт Смаилов
https://sputnik.kg/img/104719/03/1047190383_1598:107:2230:739_100x100_80_0_0_94a9361b988e28aacb697b943ebd238b.jpg
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/06/09/1052793626_0:0:3072:1930_1920x0_80_0_0_5e39dfd7d8ef00a791a2afa317b759c7.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Бакыт Смаилов
https://sputnik.kg/img/104719/03/1047190383_1598:107:2230:739_100x100_80_0_0_94a9361b988e28aacb697b943ebd238b.jpg
жаңылыктар, коом, кыргызстан, тажикстан, кол салуу, коңшу, баткен облусу, максат айылы, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
жаңылыктар, коом, кыргызстан, тажикстан, кол салуу, коңшу, баткен облусу, максат айылы, баткендеги кыргыз-тажик жаңжалы
Тажик коңшуларым үйүм үчүн кечирим сурашты. Максат айылынын жашоочусу менен маек
14:22 10.06.2021 (Жаңыртылды: 22:55 15.12.2021) Баткендин Максат айылына жасалган куралдуу кол салуу Фарида Малабаеваны үй-бүлөсү менен там-ташсыз калтырды. Кандуу окуядан 40 күн өткөн соң айыл тургуну тажик коңшулары менен кантип жашап жатканын айтып берди.
— Аман-эсен турасыздарбы? Жакындарыңыз жакшыбы?
— Кудайга шүгүр, баары жакшы.
— Көрө элекмин, мени менен чогуу бара аласыңбы?
Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы менен Максат айылынын тургуну Фарида Малабаева минтип 3-май күнү сүйлөшкөн эле. Аял жашаган жерине баруудан коркуп жатканын айткан, анын үйү менен Тажикстандын аскери өтүп жаткан көчөнүн аралыгы бир нече эле метр экен. Чыр чыккан маалда Фарида жакындары менен Исфана шаарына качып, айылга үч күндөн кийин гана кайтууга белсенген. Бул жерде анын үйү жана чакан дүкөнү бар эле. Чогуу келип Малабаевдердин өрттөлүп жок болгон үйүнүн урандысына туш болдук.
Тажикстан менен чектешкен жерде болгон кандуу кагылышуудан 40 күн өттү. Sputnik кабарчысы Фарида Малабаева менен баарынан көп жабыркаган айылдагы абал тууралуу баарлашты.
— Үйүңүз калыбына келтирилип жатабы?
— Кечээ айыл башчысынын кабинети салтанаттуу ачылды. Азырынча үйдү калыбына келтирүүгө кол жете элек. Кыйраган тамдарыбыз тажик жарандарынын үйлөрүнөн бир нече метр аралыкта. Бийлик бизди чек арадан алысыраак жайгаштырат экен деген да кептер айтылып жатат. Эгер ошондой болуп калса, анда жаңы үйлөр салынат экен. Азыр эки анжы болуп турабыз, ушул жерде калабызбы же башка жакка көчөбүзбү, белгисиз. Суук түшкүчө баш пааналоочу жайыбыз болот деп үмүт артып турабыз.
— Азыр Максатта абал кандай?
— Өткөн айдын башындагы мезгилге салыштырмалуу кыйла жакшы. Башкы жолдун боюндагы үйлөр калыбына келтирилип, мектеп оңдоп-түзөлүүдө. Бирок эң башкысы, чек ара көйгөйүн чечүү зарыл, биз коркпогудай болуп жашашыбыз керек. Үйүм турган жерге баруудан азыркыга чейин корком, каргаша кайталанып кетеби деп кооптонуп турам. Кечээ эптеп барып, малина жыйнап келдим, огороддо иштедим. Үйүбүз чек арага өтө эле жакын болгондуктан абалды сурап телефон чалгандар көп. Көбү дүрбөлөңгө түшүп кетет.
Алты күн мурун (Чоң-Алайдагы чек арада кырдаал курчуган маал — ред.) кайрадан качууга аргасыз болдук. Түнкү саат 2лерде коңшум чалып, тажикстандыктар чогулуп жаткандыктан чыгып кетишибиз керек экенин айтты. Көрсө, айыл башчы, башка тургундар да чалыптыр, катуу уктап калгандыктан укпай калган экенмин. Үйдөгүлөрдү ойготуп, балдарды алып Кайрагачка келдик, айылдаштардын баары ошл жакта экен. Таң аткыча уктаган жокпуз, андан кийин Максатка кайта баштадык.
— Азыр каякта жашап жатасыз?
— ӨКМ үй-бүлөбүзгө чатыр берген, жол боюндагы бактын түбүнө тигип алдык. Бирок күндүз ысыкта чыдай албай, түнөөдөн дагы деле кооптонуп турабыз. Мындан улам азыр бир үйдүн сарайында күн кечирүүдөбүз. Кийим-кечебиз менен жууркан-төшөгүбүз эшикте. Үйү кыйраган тургундар ушу тапта абдан кыйналып жатабыз.
— Тажикстандык коңшулар менен мамилеңиз кандай?
— Мурунку үйүм жакка барганда дайыма эле көрөм. Алар деле мени көрүшөт, бирок учурашпайбыз. Элдин жаманы жок эмеспи, чыр чыккыча мамилебиз жакшы болчу, айрымдары менен катышыбыз бар эле. Кагылышуу болгондон эки күн өткөндөн кийин тажик коңшуларым чалып, амандыгыбызды сурашты. Үйүмдү сактай албай калгандары үчүн кечирим сурашты. Андан кийин байланышкан жокпуз. Эртеңки күн кандай болору белгисиз, көңүлүбүз тынч эмес. Кечээ кыргыз келин үйүн көрүүгө барса тажик балдар оюнчук тапанчадан аткылашыптыр...
— Дүкөн чек ара заставасына жакын болчу. Президент Садыр Жапаров келгенде алгач үйлөрүбүз, андан кийин калган мүлк калыбына келтирилерин айткан. Бирок дүкөндөр жөнүндө укпаптырмын. Айылда болгону төрт соода жайы бар эле, баары өрттөлүп жок болду. Эл соода кылуу үчүн Интернационал айылына (7 чакырым) барып жатат. Телефонго бирдик жүктөчүмүн, эл да ошого көнүп калыптыр, азыр ошону менен жан багып жатабыз.