"Таймашуудагы маек" долбоору бокстагы беттеш учурунда жүрөт. Атаандаштар тактикалык жактан бири-биринин эбин таап, мүмкүн болушунча көбүрөөк сокку урушу керек. Ошол эле учурда алар коргонууну да унутпашы зарыл. Мындай учурда маектешүү кыйын. Алып баруучу суроо бергенде атаандаш ага жооп бериши керек.
"Долбоорду "Чиновник менен мушташ", "Дуэль", "Эркекче сүйлөшүү" деп атап көрдүк. Акыр-аягы келип "Таймашуудагы маек" дегенге токтолдук. Долбоор старт алды", — деп белгиледи Эркин Алымбеков.
Ал кыргызстандык белгилүү инсандарды, алардын катарында чиновниктерди, депутаттарды, блогер жана башкаларды беттешке чакырууга ниеттенет.
"Ринг ичинде көп нерселерди сүйлөшөбүз. Көбүнесе жогорку интеллектуалдык темалардан кеп салабыз. Мага сокку уруп, кайра коргонуп, ошол эле учурда суроого да жооп табышы керек. Рингде бир-эки сокку тийгенде бардык психологиялык чектер өчөт. Спарринг учурунда адамдын жеке жашоосу, ал тууралуу кенен маалыматтарды сүйлөшүп жетишебиз", — деди Sputnik Кыргызстандын шеф-редактору.
Программанын алгачкы коногун тааныштыруунун зарылчылыгы деле жок, деген менен айрымдар үчүн айтып коёлу, Орзубек Назаров профессионалдык бокстун WBA (Дүйнөлүк бокс ассоциациясы) версиясы боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону. Карьерасында 27 беттеш өткөрүп, 26сын жеңген. 20 атаандашын эстен тандыра согуп, нокаутка кетирип уткан.
Мекенине келгенден кийин бизнес менен алектенип, өзүнүн менчик спорттук залын ачат. 2007-жылы Жогорку Кеңешке депутат болуп шайланып, кийинчерээк саясаттан да кеткен.
![Мен залды көздөй баратып, Орзубек Назаровдун беттешке даярданып жатканын алыстан көрдүм. Ал мага олжосун тапкан жырткычтай эле көрүндү. Баары мен ойлогондон да олуттуу экенин дароо түшүндүм, — деп комментарий берди бул сүрөткө Эркин Алымбеков Мен залды көздөй баратып, Орзубек Назаровдун беттешке даярданып жатканын алыстан көрдүм. Ал мага олжосун тапкан жырткычтай эле көрүндү. Баары мен ойлогондон да олуттуу экенин дароо түшүндүм, — деп комментарий берди бул сүрөткө Эркин Алымбеков - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745779_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_f3e441aaeaeb940224c602cc515efa9e.jpg)
![Мушташтагы маектешүү долбоорунун алып баруучусу кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров менен беттешер алдында ойлуу турган чагы Мушташтагы маектешүү долбоорунун алып баруучусу кесипкөй бокс боюнча дүйнөнүн жети жолку чемпиону Орзубек Назаров менен беттешер алдында ойлуу турган чагы - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745413_0:0:2048:3072_600x0_80_0_1_30dccfb4434b383561a9d6ca1f205adb.jpg)
![Алып баруучу залга кирип баратканда мушкерди дал ушундай көрүнүштө элестеткен. Чемпиондун турган турпаты сизди да сестенттиби? Алып баруучу залга кирип баратканда мушкерди дал ушундай көрүнүштө элестеткен. Чемпиондун турган турпаты сизди да сестенттиби? - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745418_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_ae6605ea466909999a3f784aeb9a4248.jpg)
![Көз караштар таймашы, беттеш алдындагы калыстын эскертүүлөрү, мээлейчен учурашуу... Көз караштар таймашы, беттеш алдындагы калыстын эскертүүлөрү, мээлейчен учурашуу... - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/04/1052732921_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_ec9e23726c9e27a5b32dea04f36dd3f8.jpg)
![10 раундга белгиленген таймашта атаандаштар бири-бирин ич жакка гана урушту 10 раундга белгиленген таймашта атаандаштар бири-бирин ич жакка гана урушту - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745423_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_04f6cfa5b2136a0b38c6eb6663cbe0fb.jpg)
![Долбоорду Чиновник менен мушташ, Дуэль, Эркекче сүйлөшүү деп да атап көрдүк. Баса, Орзубек Назаров Жогорку Кеңештин экс-депутаты болуп саналат Долбоорду Чиновник менен мушташ, Дуэль, Эркекче сүйлөшүү деп да атап көрдүк. Баса, Орзубек Назаров Жогорку Кеңештин экс-депутаты болуп саналат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745429_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_c8f376a715ea7906bf011263afddb51f.jpg)
![Видеодо легендарлуу мушкердин кубаттуу соккуларынын добушу кадимкидей угулуп турат Видеодо легендарлуу мушкердин кубаттуу соккуларынын добушу кадимкидей угулуп турат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745434_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_933330810bfa6804b8c3b9ef00497427.jpg)
![Мушташ курч өттү. Анын олуттуулугун мага жеткирүүгө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери, анын ичинде үн инженери Олег Котов да жардам берди Мушташ курч өттү. Анын олуттуулугун мага жеткирүүгө Sputnik Кыргызстан агенттигинин кызматкерлери, анын ичинде үн инженери Олег Котов да жардам берди - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745774_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_0304ae097fd5e2ce9375f74d39852458.jpg)
![Назаров көпкө чейин каардуу боло алган жок. Бат эле жазылып, күлүп, позитивдүү болуп калды. Ага чейинки айбаты коркунучтуу болчу Назаров көпкө чейин каардуу боло алган жок. Бат эле жазылып, күлүп, позитивдүү болуп калды. Ага чейинки айбаты коркунучтуу болчу - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745587_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_6c9a69be4754f8cf26ec03a8327226d8.jpg)
![55 жаштагы экс-чемпион 15 жылдан бери рингге чыга электигин белгилеп, беттештен чындап ырахат алганын айтты 55 жаштагы экс-чемпион 15 жылдан бери рингге чыга электигин белгилеп, беттештен чындап ырахат алганын айтты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745592_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_5e65cd6fce8ef175d1e688c97674d9a0.jpg)
![Алып баруучу мушкер Назаровго олуттуу сокку тийгизе алган жок. Чемпиондун коргонуусу дагы деле жогорку деңгээлде экен Алып баруучу мушкер Назаровго олуттуу сокку тийгизе алган жок. Чемпиондун коргонуусу дагы деле жогорку деңгээлде экен - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745784_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_842578bc83413e569a11f232ad0ae597.jpg)
![Акыркы раунд аяктаганда атаандаштар кучакташты Акыркы раунд аяктаганда атаандаштар кучакташты - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745597_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_13660ce36576c8827555ef6d5a772331.jpg)
![Бокс кызыктай эле спорт... Адегенде мушташасың, анан кучакташасың, — деген Назаров беттештен соң Бокс кызыктай эле спорт... Адегенде мушташасың, анан кучакташасың, — деген Назаров беттештен соң - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745602_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_677f488fd7a38d2bcfd1859774c5f378.jpg)
![Мушташтагы маектешүү программасынын негизги бөлүгү беттештен кийин жазылат Мушташтагы маектешүү программасынын негизги бөлүгү беттештен кийин жазылат - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745607_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_fa1fc77b8e559147eb9b08ca540ce680.jpg)
![Назаров ЖКда депутат болуп жүргөндө айрым кесиптештерин үч эле мүнөткө рингге чакырганын айтат. Бирок эч ким макул болбоптур Назаров ЖКда депутат болуп жүргөндө айрым кесиптештерин үч эле мүнөткө рингге чакырганын айтат. Бирок эч ким макул болбоптур - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745764_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_4652e60af774cabdf6d33715e885c52f.jpg)
![Программаны даярдоодо Алимжан Валиев, Эмил Садыров, Максат Элебесов, Табылды Кадырбеков, Эркин Садыков жана Олег Котовдон турган Sputnik Кыргызстан агенттигинин командасы иштеди. Ага көмөктөшкөн Орзубек Назаровдун бокс залына, машыктыруучу Владислав Визильтер жана калыс Мурат Курмановго терең ыраазычылык билдиребиз Программаны даярдоодо Алимжан Валиев, Эмил Садыров, Максат Элебесов, Табылды Кадырбеков, Эркин Садыков жана Олег Котовдон турган Sputnik Кыргызстан агенттигинин командасы иштеди. Ага көмөктөшкөн Орзубек Назаровдун бокс залына, машыктыруучу Владислав Визильтер жана калыс Мурат Курмановго терең ыраазычылык билдиребиз - Sputnik Кыргызстан](https://sputnik.kg/img/07e5/06/06/1052745769_0:0:3072:2048_600x0_80_0_1_eb536e3acc2855a7c15fa6c0b45e26e4.jpg)