00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
4 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
5 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
7 мин
Күн башат
Бишкекте эл аралык медициналык форум өттү. Кандай жыйынтыктарга жетишилди?
13:08
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
4 мин
Особый акцент
Как развивался капитализм — беседа о социуме
14:06
52 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
15:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
10 апреля - День Сопротивления: как кыргызстанцы воевали в лесах Европы
16:04
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Туяк
Ак көңүл, бирок катаал жетекчи: полковник Жумалы Кубатов
17:05
50 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Об экономике и не только с Кубатом Рахимовым
Цифровой сом — удобно или тревожно?
18:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Спортбокс
Бишкекте алыш бел боо боюнча Азия чемпионаты өтөт — алыш олимпиадага качан кошулат?
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Тема дня
«Это поменяло мое мировоззрение» — легендарный Салижан Шарипов о космосе
20:06
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Кургак учук менен балдар да ооруйт
21:05
45 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1
Радиостудия Sputnik Кыргызстан в Бишкеке - Sputnik Кыргызстан, 1920
Радио

Баткен менен Лейлектин мыкты окуган окуучулары "Алтын тамгага" катышпайт

© Sputnik / Табылды КадырбековБилим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова - Sputnik Кыргызстан, 1920, 27.05.2021
Жазылуу
Билим берүү жана илим министрлигинин жетектөөчү адиси Кылым Сыдыкназарова "Алтын тамга" аттестациясы 28-майда Ош жана Жалал-Абад облустарынан башталарын айтты.
Жыл сайын эң жакшы окуган балдар үчүн өткөрүлчү "Алтын тамга" аттестациясына быйыл Баткен жана Лейлек районунун окуучулары катышпайт. Мындай чечимди Билим берүү жана илим министрлиги кабыл алды. Бул тууралуу Кылым Сыдыкназарова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Баткен менен Лейлектин мыкты окуган окуучулары "Алтын тамгага" катышпайт
Анын айтмында, аталган эки райондун мыкты жетишкендиктерди көрсөткөн окуучуларына артыкчылык аттестаттары ("кызыл" аттестат — ред.) автоматтык түрдө берилет.
"Жакында эле болуп өткөн чек ара окуясына байланыштуу быйыл Баткен жана Лейлек районунун эң жакшы окуган балдарын "Алтын тамга" аттестациясынан өткөрбөй эле коюуну чечтик. Анткени бул эки райондун көпчүлүк айылдарынын окуучулары психологиялык жактан жабыр тартып, материалдык чыгымга туш болгон үй-бүлөлөрдөн. Алар 11 жыл бою жакшы окуп келип эле жогорудагы окуяга байланыштуу тесттен өтпөй калуу коркунучу бар. Андыктан бул балдар мектепти артыкчылык менен бүтүргөндүгү тууралуу күбөлүктөрдү автоматтык түрдө алышат. Ал эми республиканын башка аймактарындагы окуучулар жылдагыдай эле аттестацияга катышат. "Алтын тамга" 28-майда Ош жана Жалал-Абад облустарында өткөрүлөт. Былтыр ага 2000ден ашуун окуучу катышкан, быйыл деле ушунча бүтүрүүчүнүн катышары болжолдонууда", — деди Сыдыкназарова.
Педагог "Алтын тамга" аттестациясы эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен офлайн-режимде өтөрүн кошумчалады.
Жаңылыктар түрмөгү
0