1727-жылы 29-апрелде заманбап балеттин негиздөөчүсү Жан-Жорж Новерр туулган. Атактуу франциялык хореограф жана окутуучу Луи Дюпренин шакирти Новерр 1743-жылы бийчи катары сахнага чыгып, Франция жана Британиянын театрларында иштеген. Кийинчерээк бий спектаклин түзгөн.
Новерр драмалык балеттин негиздөөчүсү катары таанымал. Анын реформалары дүйнөлүк балеттин өнүгүшүнө таасирин тийгизген.
Эл аралык майрам бийдин түрлөрү аркылуу адамдарды бириктирип, саясий, маданий жана этникалык тоскоолдуктарды жеңүүнү көздөйт. Былтыр пандемияга байланыштуу майрам онлайн белгиленген. 2021-жылы да ушундай тартипте өткөрүү чечими кабыл алынган.

Рио-де-Жанейро шаарындагы (Бразилия) карнавалда самба бийлеп жаткан топ

Токиодогу театрдын артисттери

Украина ССРинин Мамлекеттик академиялык бий ансамблинин артисттери өздөрүнүн бийин аткарып жатышат

Хака аталышындагы саламдашуу бийин бийлеген маори элинин (Жаңы Зеландия) жоокерлери

Түркияда дубандар (дервиш) чимирилип бийлеп жатат

Америкадагы индиялык резервациянын pow-wow бийи

Бали элинин кечак бийи

Өнөрпоздор классикалык кхмер бийин аткарышууда

Англиянын элдик бийи Abbots bromley horn

Фламенкону келиштире аткарган бийкеч

11/12
© Depositphotos.com / Dtemps
Эфиопиядагы хамер уруусунун салттуу бийи

Буэнос-Айресте (Аргентина) бийчилер танго тартуулады
