00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
4 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
7 мин
Личный интерес
Интернет вместо учебника: почему молодёжь лучше запоминает историю через живые форматы
16:08
41 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
4 мин
Экономикалык панорама
Бизнес кеңешчи учактагы экинчи учкучтайбы?
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
9 мин
Тема дня
Микрокредиты: мифы, ставки и реальность - глава АМФО о том, как устроен рынок
18:11
42 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
6 мин
Кеменгер
«Октябрь революциясынын бешиги». Сүлүктү шаары жөнүндө баян
19:07
53 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
9 мин
Максимальный репост
Устал отдыхать: психолог - о том, почему длинные выходные не восстанавливают
20:10
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
Ачык кеп
Жылуу мезгилде сак бол! Тамактан уулануунун кантип алдын алабыз?
21:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
3 мин
Будь в курсе
Село Оттук и «Монументы Победы»: как восстанавливают памятники ВОВ в Кыргызстане
08:04
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Ажылыктын талаптары кандай өзгөрдү — ажылыкка 6060 кыргызстандык барат
09:05
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:00
4 мин
Тема дня
Кто управляет вашим домом: как работают ТСЖ и что меняет новый законопроект КР
10:04
40 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Улуу Жеңиштин 81 жылдыгы жана "Өчпөс полк" жүрүшү
11:04
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
Кто переписывает историю и зачем: разговор с историком Эсеном Усубалиевым
12:05
49 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Жакынкы Чыгыштагы кырдаал Кыргызстандын туристтик рыногуна таасирин тийгизеби?
13:04
42 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Барымтага алынган айыл башчы: бетондо отурдук, көзүбүздү бир сутка бою таңып коюшту

© Sputnik / Табылды КадырбековЛейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев
Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.05.2021
Жазылуу
Көзүбүздү таңып, буту-колубузду байлап алып кетишкен, милиция бөлүмүндөгү бетондун үстүндө отурдук. Кайтканга чейин көзүбүздөгү таңууну алышкан жок. Баткенде тажик аскерлерине туткун болгон кыргызстандыктар дал ушинтип баяндап беришти.
Жаңжал учурунда Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев жана тогуз жай тургун барымтага алынып, бир суткадан ашык кармалган. Алар 24 сааттан ашык убакыттан кийин гана Баткен жана Согди облустарынын башчыларынын сүйлөшүүсүнүн натыйжасында бошотулган.
Учурда алардын бешөө Лейлек райондук ооруканада жатат. Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчылары барымтадан чыккандар менен баарлашты.
Айыл башчы Мырзабек Жумабаев айылында эки жигит окко учту дегенин угуп, чын-төгүнүн билүү үчүн барып туткундалганын айтат.
© Sputnik / Табылды КадырбековЛейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев
Глава села Интернационал Мырзабек Жумабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Лейлек районунун Интернационал айылынын башчысы Мырзабек Жумабаев
"29-апрелде кечиндеги атышууда айылыбыздагы эки жигит каза болду дешти. Эртеси эртең менен 9:30дар чамасында кабар алайын деп баргам. Түнү эле атып токтоп калган эле, өздөрү жакта болуп жатса керек деп ойлогом. Барсам, кыргыздардын үйүнүн ичинен Тажикстандын чек арачыларынын формасын кийген куралчан аскерлер чыкты. Көрсө, алар айылга чейин келип кирип алышкан экен. Анан ошол жерден мени кармап кетишти", — деди Жумабаев.
Ошондой эле андан мурдараак Интернационалда өрттөнгөн үйүн өчүрүүгө барган беш адамды туткунга алганын жана баарын Гафуров районуна жеткиришкендигин айтты. 
"Колу-бутубузду байлап, көзүбүздү таңып койгон. Ачык жерде эле бетондун үстүндө отурдук. Себепсиз эле уруп жатышты, мурдагы кайсы бир окуяларды айтышты. Ошентип бир суткадан ашык отурдук. Көзүбүздү таңган боюнча такыр ачышкан жок. Чыгып жатканда гана таңууну алганда "Ички иштер министрлигинин тергөө бөлүмү" деген жазууну окуп калдым. Анан бошотуп жатканда "силерди урганыбыз жок, мына чай берип жатабыз" дешти. Барымтага алынган он кыргызстандык, баарыбыз тең ачык жерде күндө отурдук. Кээде бир сындырым нан, кичине колбаса берип жатышты. Ал эми сууну кыйнап туруп беришти", — деп баяндады барымтадагы мезгилин айыл башчы.
© Sputnik / Табылды КадырбековМырзабек Жумабаев: Колу-бутубузду байлап, көзүбүздү таңып койгон. Ачык жерде эле бетондун үстүндө отурдук. Себепсиз эле уруп жатышты, мурдагы кайсы бир окуяларды айтышты.
Глава села Интернационал Мырзабек Жумабаев - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Мырзабек Жумабаев: Колу-бутубузду байлап, көзүбүздү таңып койгон. Ачык жерде эле бетондун үстүндө отурдук. Себепсиз эле уруп жатышты, мурдагы кайсы бир окуяларды айтышты.
Жумабаев ооруканага келгенде эч жери сынбаганы аныкталган. Бирок башынан жаракат алган, көкүрөгүн көтөрө албай отуруп-турганда кыйналып жатканын айтып берди. Дал ушул айылда 12 жаштагы Мадина Рахматжанова дагы көз жумган. Ал эми эки жигит болсо автоунаа менен барып кайра артка кайта албай калышыптыр...
"Төрт бала бир машина менен Интернационалга барып, артка келе жатканда алдыраак отургандарды аткан. Артындагы экөө жата калып, акырын эшикти ачып түшүп, сайга качып кутулган экен. Аларга дагы ок тийиптир, бүгүн операция жасашты окшойт", — деп кошумчалады ал.
Жумабаев 2013-жылдан бери айыл башчы, сакайып чыкса кайрадан өз ишин улантууга камынып турат. Жаңжал болгон күнү бир баласы үй-бүлөсү менен коопсуз жайга качкан. Ал эми жубайы менен чоң уулу жүрөгүнө операция жасатуу үчүн Бишкекке кеткенин айтат.
Айыл башчы чек ара жаңжалы, ушундай окуя Интернационалда биринчи ирет, ал эми Максат айылында мурдатан эле болуп келгенин айтып берди.
Биз барымтага түшкөн дагы бир кыргызстандык менен маектештик. Рамисжан Ибрагимовду тажик аскерлери Кыргызстандын Максат айылынан кармап кетиптир. 
© Sputnik / Табылды КадырбековРамисжан Ибрагимов
Рамисжан Ибрагимов, который более суток пробыл в заложниках на территории РТ - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Рамисжан Ибрагимов
"Арка айылындагы туугандарымды алып келүүгө бара жаткам. Максатка келгенде солдаттар БТР менен туруптур, өзүбүздүкүлөр деп ойлоп токтосом эле тажиктер экен. "Каякка баратасың?" деп орусча сүйлөдү, мен орусча түшүнбөйм дедим эле, анан арттан бирөө келип автоматтын аркасы менен кулак түпкө урду да машинага салып кетти. Телефонумду алып коюшту. Гафуров районундагы милиция бөлүмүнө алып барды, ал жерде чоң автоунаанын үстүндө биздикилер (кыргызстандыктар — ред.) дагы бар экен. Көзүбүздү таңып, колубузду артка кайрып, зым менен байлап койду", — деди Ибрагимов.
Ошондой эле ал автоматтын кундагынан кулагы жарылганын, денесинин бир нече жерин көгала болгончо токмоктогонун баяндап берди.
Жаңылыктар түрмөгү
0