Эверест чокусун багындыруу үчүн бараткан Эдуард Кубатов менен маек

© Фото / предоставлено Эдуардом КубатовымАльпинист Эдуард Кубатов
Альпинист Эдуард Кубатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 19.04.2021
Жазылуу
Эверест чокусун багындыруу бардык альпинисттердин кыялы. Деңиз деңгээлинен 8 848 метр бийиктикте жайгашкан Тибет менен Непалдын чегиндеги бул чокуну багындырам деп жыл сайын дүйнөнүн ар бурчунан жүздөгөн альпинист келет. Бирок баарынын эле ою ишке аша бербейт.
Быйылкы сезондо Эверестке чыгууга уруксат алган 300дөн ашык адамдын арасында кыргызстандык Эдуард Кубатов дагы бар. Учурда 4 500 метр бийиктикте чокуга карай бараткан Эдуард мырза менен Sputnik Кыргызстан агенттиги байланышып, кыскача маек курду.
— Эдуард мырза, Эверестке баратканыңыз баарыбыз үчүн жагымдуу кабар болду. Сапарыңыз тууралуу айтып берсеңиз?
— Биз азыр деңиз деңгээлинен 4 500 метр бийиктикте жайгашкан Динплоче деген жерде баратабыз. Экспедициянын башталганына беш күн болду. Буюрса, 20-25 күндүн ичинде Эверестти багынтканга аракет кылабыз.
— Дүйнөнүн эң бийик чокусун багындыруу идеясы өзүнөн-өзү эле жаралбаса керек?
— Эверестти багындыруу менин альпинизм спортундагы эң чоң максатым болчу. Буюрса, аз күн ичинде ошол кыялымды орундатам. 
© Фото / предоставлено Эдуардом КубатовымАльпинист Эдуард Кубатов
Альпинист Эдуард Кубатов - Sputnik Кыргызстан, 1920, 16.12.2021
Альпинист Эдуард Кубатов
— Бул чокуга чыгууда тажрыйбасы жок альпинисттерге уруксат берилбейт эмеспи. Сиз канча жыл даярданып, кайсы чокуларга чыгып өзүңүздү сынап көрдүңүз?
Кыргызстандык марафончу Казбек Мияров - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.04.2021
Дубайдын чөлүндө 50 чакырым чуркаган Казбек. Кыргызстандык марафончунун маеги
— 6 жылдан ашык убакыттан бери даярданып келем. 2014-жылы биринчи жолу Чоң-Алай кырка тоосундагы Ленин чокусун багындыргам. Бийиктиги 7 134 метр. Андан кийин Түштүк Америкадагы Анд тоолорунун эң бийик чокусу болгон Аргентинадагы Аконкагуа чокусуна чыктым. Анын бийиктиги 6 960 метр. 2015-жылы Европанын эң бийик жери, 5 648 метр болгон Эльбрус чокусун багындырдым. Андан кийин Австралиянын эң бийик жери болгон Косцюшко чокусуна чыктым. Бул чоку өтө деле бийик эмес, деңиз деңгээлинен 2 230 метр бийиктикте. Чуркап эле чыкканбыз. Быйыл жаңы жылда деңиз деңгээлинен 5 895 метр бийиктикте турган Африкадагы эң бийик чоку — Килиманжарону багындырдым. Азыр эми Эверест чокусуна аттандым. Азыр даярдыгыбыз жакшы. Экспедициялык топтун моралдык духу аябай күчтүү.
— Эверестке чыгууну каалаган альпинисттер тажрыйбалуу компанияны тандашы керектигин билебиз. Кимдин жетекчилиги алдындагы экспедициялык топ менен баратасыз?
— Белгилүү жана тажрыйбасы мол орус альпинисти Александр Абрамовдун тобундамын. Экспедициянын курамында жалпы 14 альпинист барбыз.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Eduard Kubatov (@eduard_kubatov)

— Алардын баары сизге окшоп биринчи жолу бараткандарбы же арасында буга чейин Эверестти багынткандар да бар бекен?
— Жарымы Эверестти 2-3 жолу багындырган атактуу альпинисттер. Калгандары дүйнөдөгү башка чокуларга чыкканы менен Эверестке биринчи жолу бараткандар. Алардын ичинде мен дагы бармын.
— Азыр бир күндө канча аралыкты басып өтүүдөсүздөр?
— Учурда биз турган жерде абанын температурасы 6 градус суук. Учурда күн сайын 13-15 чакырым аралыкты басып, күнүгө 700-800 метр бийиктикке көтөрүлүүдөбүз. Азыр биз жаңы климатка жана улам өзгөрүлүп туруучу атмосферага көнүү үчүн жай баратабыз. Алдыда Лобуче деген 6 200 метрлик чоң тоо бар. Андан кийин базалык лагерлер башталат, ошондон ары жагын Эверестке карай чыныгы экспедиция десек болот.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Eduard Kubatov (@eduard_kubatov)

— Александр Абрамов баштаган топ өзүнчө эле баратасыздарбы же дүйнөнүн башка өлкөлөрүнөн келген альпинисттерге кошулдуңуздарбы?
— Быйыл жазгы сезондо Непал бийлиги дүйнөдөгү эң бийик чокуга чыгам деген 332 адамга лицензия берди. Учурда алар 33 эл аралык экспедициялык топтун курамында өз-өзүнчө баратышат. Негизинен Россиянын, Европанын, АКШнын, Жаңы Зеландия жана башка мамлекеттердин белгилүү компаниялары.
— Альпинисттер Эверестке чыгуунун баасы кымбат экенин айтып келишет. Сыр болбосо сиз канча акча жумшадыңыз?
— Ооба, каражат аябай эле көп кетет. 5 миң метрден жогорку лагерлерде чыгым аябай эле көп. Непалдын өзүнүн компанияларында киши башына баа 30-40 миң доллардан башталат. Ал эми дүйнөгө белгилүү чоң компанияларда 85-100 миң долларга чейин. Абрамовдун экспедициясына мен 60 миң долларга жакын каражат төлөдүм. Муну 2014-жылдан бери топтоп келгем.

Посмотреть эту публикацию в Instagram

Публикация от Eduard Kubatov (@eduard_kubatov)

— Буга чейин Эверестке Кыргызстандан башкалар дагы чыкканбы же сиз биринчи баратасызбы?
— Кыргыздардын атынан өлкөбүздүн желегин көтөрүп биринчи мен баратам десем болот. 1997-жылы казак экспедициясы менен СССРдин эл аралык класстагы спорт чебери, кыргызстандык Дмитрий Греков Эверестти багынткан. Бирок ал Кыргызстандын эмес Казакстандын желегин көтөрүп чыккан.
Жаңылыктар түрмөгү
0