https://sputnik.kg/20210319/dastanchylyk-onordu-zhajyltuu-1051828605.html
Кайыпов: улуттук чыгармалардын нотасы, тексти, аудиосу тиркелген китеп чыгат
Кайыпов: улуттук чыгармалардын нотасы, тексти, аудиосу тиркелген китеп чыгат
Sputnik Кыргызстан
"Дастанчы" коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири, дастанчы Өмүрзак Кайыпов дастанчылыкты жайылтуу үчүн 4-5 жыл мурун атайын коомдук фонд ачылганын белгиледи. 19.03.2021, Sputnik Кыргызстан
2021-03-19T15:42+0600
2021-03-19T15:42+0600
2021-12-21T12:13+0600
радио
маданият
кыргызстан
өмүрзак кайыпов
өнөр
https://sputnik.kg/img/07e5/03/13/1051828641_0:107:3072:1845_1920x0_80_0_0_94dcd789fbfb708a5b53fd42ffb8cefa.jpg
Кайыпов: улуттук чыгармалардын нотасы, тексти, аудиосу тиркелген китеп чыгат
Sputnik Кыргызстан
Кайыпов: улуттук чыгармалардын нотасы, тексти, аудиосу тиркелген китеп чыгат
"Улуу мурас" аттуу долбоордун алкагында кыргыздын беш кенже эпосу аудио түрүндө жаздырылган. Бул тууралуу Өмүрзак Кайыпов Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.Анын айтымында, жаздырылган дастандар "Кыргыз радиосунун" алтын казынасына тапшырылган.Дастанчы фонд мүчөлөрү мамлекеттин жана демөөрчүлөрдүн колдоосун күтө бербестен улуттук музыканы жайылтууну колго алганын кошумчалады.Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз:
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2021
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/07e5/03/13/1051828641_0:11:3072:1941_1920x0_80_0_0_f2533e2595d8d95e34c6a196b5fda3f6.jpgSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
маданият, кыргызстан, өмүрзак кайыпов, өнөр
маданият, кыргызстан, өмүрзак кайыпов, өнөр
Кайыпов: улуттук чыгармалардын нотасы, тексти, аудиосу тиркелген китеп чыгат
15:42 19.03.2021 (Жаңыртылды: 12:13 21.12.2021) "Дастанчы" коомдук фондунун негиздөөчүлөрүнүн бири, дастанчы Өмүрзак Кайыпов дастанчылыкты жайылтуу үчүн 4-5 жыл мурун атайын коомдук фонд ачылганын белгиледи.
"Улуу мурас" аттуу долбоордун алкагында кыргыздын беш кенже эпосу аудио түрүндө жаздырылган. Бул тууралуу Өмүрзак Кайыпов
Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, жаздырылган дастандар "Кыргыз радиосунун" алтын казынасына тапшырылган.
"Дастанчылык өнөрдү өнүктүрүү, жайылтуу максатында "Дастанчы" коомдук фонду түзүлгөн. Аны манасчы Самат Көчөрбаев жана ырчы Токтобек Асаналиев менен биргеликте негиздегенбиз. Бул фонддун түзүлгөнүнө 4-5 жылдай болуп, ушул убакыттын ичинде алгылыктуу иштер аткарылууда. Алсак, "Улуу мурас" долбоорунун алкагында "Курманбек", "Аксаткын менен Кулмырза", "Жаныш-Байыш", "Карагул ботом" жана "Кожожаш" кенже эпосторунун аудиосу жаздырылып, коомчулукка тартууланган. Буларды беш аткаруучу мазмунун, маңызын үзбөстөн аткарды. Муну менен чектелип калбастан кыргыздын санаттар, насыяттар, казалдар, жоктоолор, ашыктык жана арман ырларынан 50 чыгарма тандалып жаздырылды. Эми аны китеп кылып, ага аудио тиркелет. Натыйжада ушул өнөргө кызыккандарга нотасы, тексти жана аудиосун ошол китептен табууга шарт түзүлөт", — деди Кайыпов.
Дастанчы фонд мүчөлөрү мамлекеттин жана демөөрчүлөрдүн колдоосун күтө бербестен улуттук музыканы жайылтууну колго алганын кошумчалады.
Подкасттын толук версиясын видеодон көрүңүз: