Жогорку соттун төрайымын кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат берилди

© Пресс-служба президента КР / Султан ДосалиевКыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева. Архив
Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиева. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жазылуу
Буга чейин УКМК Калиева ар кандай шылтоо менен Дисциплинардык комиссиянын ишин чоюп келе жаткандыгын айткан.
БИШКЕК, 4-мар. — Sputnik. Судьялар кеңешинин алдындагы Дисциплинардык комиссиясы Кыргызстандын Жогорку сотунун төрайымы Гүлбара Калиеваны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдугун берди.
Мындай чечим бүгүнкү жыйында кабыл алынган, ага Калиева өзү катышкан эмес.
Буга чейин УКМК Калиева ар кандай шылтоо менен Дисциплинардык комиссиянын ишин чоюп келе жаткандыгын айткан. Буга Жогорку соттун маалымат кызматы жыйын башкы судьянын ден соолугуна байланыштуу жылдырылып келгенин билдирген.

Жогорку соттун төрайымынын иши

Атайын кызмат "Жергиликтүү сот" автоматташтырылган маалыматтык системаны ишке киргизүүдөгү коррупция фактысы боюнча Жогорку соттун кызмат адамдарына иш козгогон. УКМК төрагасы бул ишке Калиеванын да тиешеси бар экенин айтып, ага карата иш козголгонун билдирген.
Судья балкасы менен. Архив - Sputnik Кыргызстан, 1920, 04.03.2021
Жогорку соттун 2 судьясы кызматтан кетип жатат. Аларга 1,5 млн. сомдон төлөнөт
Мындан сырткары, Жазык кодексинин 320-беренесинин ("Кызмат абалынан кыянаттык менен пайдалануу") негизинде Жогорку соттун төрайымы Гүлбара Калиевага козголгон дагы бир иш боюнча сотко чейинки териштирүүнү баштаганы айтылган. УКМКнын маалымат кызматы билдиргендей, сот бийлигинин айрым өкүлдөрү өткөн жылдын февраль айында жеке кастыктан улам интернетке башка судьянын беделин түшүргөн видеоматериалдарды интернетке жарыялап, муну менен кесиптешин жоопкерчиликке тартууну максат кылышканы аныкталган. Жогорку соттун төрайымы бул боюнча мыйзамдуу чараларды көрүүнүн ордуна ишти жаап-жашырууга аракет кылганы белгиленген.
Атайын органдын мындай маалыматына Жогорку сот жооп берип, акыркы учурда УКМК сот бийлигинин өкүлдөрүн негизсиз, далили жок айыптап жатканын айткан. Ошондой эле бул сот системасынын беделин түшүрүп жатканы кошумчаланган.
Жаңылыктар түрмөгү
0