00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:00
4 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:00
4 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:00
4 мин
Ежедневные новости
16:00
4 мин
Жаңылыктар
17:00
5 мин
Ежедневные новости
18:00
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 08:00
08:00
4 мин
Будь в курсе
Когда тают ледники: может ли искусственный лёд решить проблему воды - о технологии с ее реализатором
08:05
43 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 09:00
09:00
4 мин
Күн башат
Шералы Сыдыков атындагы спорттук колледж — улуттук курама үчүн чемпиондорду даярдаган башкы мектеп
09:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 10:00
10:01
3 мин
Тема дня
Воздушный кодекс, «черный список» и борьба с туманом – беседа с главой Агентства гражданской авиации
10:04
50 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
3 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Буллингди кадимки уруш-талаштан кантип айырмалайбыз? — балдар психологу менен маек
11:04
49 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
3 мин
Максимальный репост
On air
12:05
2 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Күн башат
Инновациялык кесиптер институту — кайсы багыттагы адистерди даярдайт?
13:05
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
On air
14:05
60 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Жума жыйынтыгы
Апта ичинде болуп өткөн айрым окуяларга токтолобуз
17:05
45 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
3 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

Тамгадан сөз кураларын билбептирмин... Памирлик жигиттин таасирдүү баяны

Жазылуу
Төрт жыл мурда Афганистандын Улуу жана Кичи Памир аймагынан 33 адам Кыргызстанга көчүрүлүп келгенден соң көптөрүнүн тагдыры башка нукка бурулду. Алардын бири көзү алаңдаган, башка дүйнөгө кызыга караган, Нарын ал үчүн ири шаардай туюлган 16 жаштагы өспүрүм эле.
Турганбай Абдулвахид уулу Нарындын Куланак айылында памирлик башка айылдаштары менен бирге күн кечирип, тамга таанып, сабатын жойду. Үч жыл ичинде тамгалап окугандан тарта 9-класска чейинки билимге ээ болду. Өзүнүн айтымында, бир жылда үч класстын сабагын өздөштүрүүгө туура келген.
"Кыйынчылыктар кездешти, бирок билим алсам дегенде эки көзүм төрт болгон. 16 жашымда тамга тааныбай келип, бул жактан окудум. Буга чейин кыргызча сүйлөп жүрсөм да тамгадан сөз куралат дегенди билбейт экенмин. Алгач ушуга абдан таң калдым", — деди сөз арасында Турганбай Абдулвахид уулу.
Ошентип жаш жигит азыр кыргыз коомуна бат эле аралашып, ал тургай Кыргызстанда туулуп-өскөн кандаштарынын суктануусун жаратып, билимге, илимге суусаган аракети кубаттоого арзып турган чагы.
Памирлик кыгыздарга Алай районунун Талды-Суу айылында курулган үйлөр - Sputnik Кыргызстан, 1920, 24.11.2020
Алайда жаңы үйгө кирген памирликтер үшүп отурабы? Кандаштардын кышка камы
Турганбай азыр И. Арабаев атындагы Кыргыз мамлекеттик университетинин алдындагы колледждин биринчи курсунда кыргыз тили жана адабияты боюнча мугалимдик кесипке окуп жатат.
Андан сырткары, социалдык тармакта өтө активдүү, Турганбай Памири деген ат менен интернет колдонуучуларга таанылып калган. Мекенчилдик багытындагы ырларды жатка айтып, аны видеого тартып, өзү кесип, оңдоп, ылайыктап жайгаштырууну да өздөштүрүп алган.
Биз менен болгон маегинде Турганбай негизги максаты жакшылап билим алып, эки жакты көрүп, тажрыйба топтогондон кийин киндик каны тамган Памирдеги кандаштарына жардам берүү, окутуу экендигин айтты.
"Памирдеги кыйынчылыктарды, ал жердеги жаштардын мен сыяктуу кыялдарын, максаттарын билем. Себеби мен да 16 жашымда Кыргызстанга келип жатам. Бир кезде мен кандай күтсөм, алар да Кыргызстанга барсак деп ошондой күтүп жатышат. Аларды толугу менен көчүрүп келүүгө кудуретим жетпесе да, бул жактан көргөн, билген жакшы нерселерди үйрөтүп, окутуп, Кыргызстанга тартканга аракет кылам", — деди Турганбай Абдулвахид уулу.
Миграция кызматынын кайрылмандар жана качкындар бөлүмүнүн башчысы Жыпара Мамбетованын билдиргенине караганда, учурда Кыргызстанда Афганистандан көчүрүп келгендерди жана бир жерде туулгандарды эсептегенде 106 адам жашайт. Учурда бир кишиден башкасы кайрылман макамын алышкан. Ал эми бирөө Кыргызстан жараны болгон.
Жаңылыктар түрмөгү
0