00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
00:00
01:00
02:00
03:00
04:00
05:00
06:00
07:00
08:00
09:00
10:00
11:00
12:00
13:00
14:00
15:00
16:00
17:00
18:00
19:00
20:00
21:00
22:00
23:00
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
11:01
3 мин
11:56
4 мин
Ежедневные новости
12:01
3 мин
Жаңылыктар
13:01
3 мин
Ежедневные новости
14:01
3 мин
Жаңылыктар
15:01
3 мин
Ежедневные новости
16:01
3 мин
Жаңылыктар
17:01
3 мин
Ежедневные новости
18:01
5 мин
Жаңылыктар
19:01
4 мин
Ежедневные новости
20:00
4 мин
Ежедневные новости
08:00
4 мин
Жаңылыктар
09:00
4 мин
Ежедневные новости
10:01
3 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 11:00
11:01
7 мин
Sputnikteн сүйлөйбүз
Жаштардын демилгелерин мамлекет колдоого алат. Республикалык конкурс башталды
11:08
48 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 12:00
12:01
4 мин
Максимальный репост
Кыргызстан адаптируется к климату: как работает стратегия до 2030 года
12:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 13:00
13:01
3 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 14:00
14:01
3 мин
Особый акцент
Страна, которую принято не понимать - старт большого цикла бесед о России
14:04
53 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 15:00
15:01
3 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
15:04
46 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 16:00
16:01
3 мин
Личный интерес
Лето без кондиционера: эксперт по энергоэффективности о простых решениях
16:04
46 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 17:00
17:01
3 мин
Көз мончок
Бырыштар менен күрөшүүдө сак болуңуз — косметологиянын курмандыгы болуп калбоо үчүн эмнелерге көңүл буруу керек?
17:04
47 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 18:00
18:01
5 мин
Тема дня
On air
18:07
30 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 19:00
19:01
5 мин
Стоп-кадр
Нурбек Иманов, Бишкек эл аралык кинофестивалынын PR-директору
19:06
44 мин
Ежедневные новости
Ежедневные новости. Выпуск 20:00
20:01
5 мин
Будь в курсе
Зачем успешные руководители снова садятся за парту - рассказывает профессор РАНХиГС
20:06
44 мин
Жаңылыктар
Жаңылыктар. Чыгарылыш 21:00
21:01
6 мин
Ачык кеп
Туризм тармагындагы заманбап санариптик чечимдер: ЕАЭБ өлкөлөрүнүн тажрыйбасы
21:08
46 мин
КечээБүгүн
Эфирге
г. Бишкек89.3
г. Бишкек89.3
г. Каракол89.3
г. Талас101.1
г. Кызыл-Кыя101.9
г. Нарын95.1
г. Чолпон-Ата105.0
г. Ош, Жалал-Абад107.1

"Ак кемеде" жашаган Бала. Тасмадагы таберик сүрөт

Жазылуу
Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги архивде сакталып жаткан сейрек сүрөттөрдү жарыялап, анын тарыхын баяндоону улантат.

Камерасын шыкалаган КРдин эл артисти, кинооператор Манас Мусаев, анын жанында отурган ассистент Самитжан Хусанбаев, маңдайында байыркы уламыштардан кеп кылган Асанкул Куттубаев жана кичинекей Нургазы Сыдыгалиевдин сүрөтү 1974-жылы Ысык-Көл районунун Орто-Өрүктү айылындагы мүрзөдө тартылган.

Ал жылы СССРдин эл артисти, кинорежиссёр Болот Шамшиев залкар жазуучу Чыңгыз Айтматовдун чыгармасынын негизинде "Ак кеме" тасмасын тартууга бел байлаган. Кинофильмде Сыдыгалиев кичинекей баёо баланын, Куттубаев улгайган Момун чалдын ролун аткарган.

Ошол кезеңди Кыргыз Республикасынын эл артисти, белгилүү актриса Назира Мамбетова мындайча эскерет:

"Мен "Ак кемеде" Бекейди ойногом. Режиссёрубуз Болот Шамшиев алты жаштагы тентек Нургазынын тилин таап иштечү. Сабира Күмүшалиева эже ага жооптуу эле. Залкар актриса кичинекей баланын артынан чуркап жүрүп текстти жаттатчу. Кино тартылып жатканда Нургазыга аябай көз салып карап, ролун жакшы аткарып жатканына суктанчумун. Көрсө, ал ойнобой эле аны менен жашаптыр. Чыңгыз Айтматовдун жазган чыгармасы, Болот агайдын кинокартинасы өзүнчө бир керемет эмгек. Ошондуктан ал фильм азыркыга чейин элдин жүрөгүндө сакталып келе жатат", — деди Мамбетова.

Тасма кийин калың катмарга сунушталганда Айтматовго "кайсы чыгармаңыздын экрандаштырылышы сиздин купулуңузга өзгөчө толот?" деген суроо берилген. Калемгер "Ак кеме" деп жооп берген жайы бар. Шамшиевдин режиссёрлук эмгеги 1976-жылы Бүткүл союздук IX (Фрунзе) жана Торонто (Италия) кинофестивалдарында баш байгеге ээ болуп, аны жаратууга катышкандар СССРдин мамлекеттик сыйлыгын алышкан.

Жаңылыктар түрмөгү
0