Талант Мамытов жергиликтүү сотторго 9 судьяны дайындады. Тизме

Жазылуу
Бишкектин үч районуна жана Ысык-Көл менен Нарын облустарына соттор дайындалды. Талапкерлер Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан сунушталган.
БИШКЕК, 6-янв. — Sputnik. Президенттин милдетин аткаруучу Талант Мамытов тогуз сотту судьялык кызмат орундарына дайындоо боюнча жарлыктарга кол койду. Бул тууралуу президенттин маалымат кызматынан билдиришти.
Талапкерлер Судьяларды тандоо кеңеши тарабынан сунушталган.
Дайындалган соттордун тизмеси:

Бишкек шаары

Октябрь райондук сотуна:
  • Жарматова Айдай Жарматовна;
  • Жолдошбаев Мирлан Эргешбаевич.
Свердлов райондук сотуна:
  • Абыкеев Таалайбек Капарович;
  • Байдаева Лейла Алиевна;
  • Түмөнов Алтынбек Жаңыбаевич.
Ленин райондук сотуна:
  • Өмүралиев Мелис Асанбекович;
  • Тентимишов Марлен Бактыгулович.

Ысык-Көл облусу

Ысык-Көл облустук сотуна:
  • Мырзаканова Бермет Низамидиновна.

Нарын облусу

Нарын облустук сотуна:
  • Алыбаев Замир Эрнисбекович.
Жарлыктар кол коюлган күндөн тартып күчүнө кирет.
Жаңылыктар түрмөгү
0