Укук коргоочулардын үйүндө чоңойгом. Ырчы НурЧолпондун маеги

© Фото / Кубаныч МолдокуловЫрчы, актриса НурЧолпон
Ырчы, актриса НурЧолпон  - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Кыргыз эстрадасынын жаркын жылдыздарынын бири НурЧолпон жакында эле президенттик стипендияга ээ болду. Ал буга чейин көптөгөн эл аралык сынактарда байгелүү орундарды алып келген.

Sputnik Кыргызстан агенттигинин кабарчысы келечекте көптү үмүттөндүргөн ырчы НурЧолпон менен чакан маек даярдады.

— Президенттик стипендиянын ээси болушуң менен! Азыр каерден билим алып жатасың?

— Рахмат! Мен учурда Улуттук консерваториянын композиция бөлүмүндө 4-курста окуйм. Белгилүү композитор, Улуттук консерваториянын негиздөөчүсү Муратбек Бегалиевдин окуучусу болом. Келечекте композитор болуу — кыялым жана максатым. Президенттик стипендияны алуу мага дагы бир ирет жоопкерчилик жүктөдү. Бул сыйлык жакшы окугандарга гана эмес, коомдук иштерге активдүү катышкандарга да берилет экен. Ата-энеме, жакындарыма, мугалимдериме абдан ыраазымын. 2016-жылы Муратаалы Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайда окуп жатып, жакшы окуганыма карабай Күрөңкеев атындагы сыйлыкка илинбей калгам. Ошондо "эгер мага ушул сыйлыкты ыраа көрбөсөңөр, кийиин президенттик стипендияга татыктуу болом" деп ызаланган элем. Эми мыкты кадр, кызматкер болууга аракет жасайм.

© Фото / Кубаныч МолдокуловНурЧолпон: белгилүү композитор, Улуттук консерваториянын негиздөөчүсү Муратбек Бегалиевдин окуучусу болом. Келечекте композитор болуу — кыялым жана максатым.
Укук коргоочулардын үйүндө чоңойгом. Ырчы НурЧолпондун маеги - Sputnik Кыргызстан
НурЧолпон: белгилүү композитор, Улуттук консерваториянын негиздөөчүсү Муратбек Бегалиевдин окуучусу болом. Келечекте композитор болуу — кыялым жана максатым.

— Композитор болуу кичинеңизден берки ой-тилекпи?

— Негизи кичинемден эле музыкага жакынмын. Бирок чыгармачыл инсан болом деген деле максатым жок болчу. Ошто музыкалык мектепте окуп жүргөндө археолог болууну көксөчүмүн. Анткени тарыхка абдан кызыгам. Бирок кийинчерээк апам ырдаганымды угуп, ал кишинин кеңеши менен Бишкектеги Күрөңкеев атындагы музыкалык окуу жайга тапшыргам. Азыр өкүнбөйм. Эсимде, үч-төрт жашымда телевизордон кичинекей балдар ырдап-бийлеп жатканын көрүп ыйлачумун. "Эмнеге ушулар менен ырдап-бийлебейм. Мен дагы телевизордон ырдайм" деп чыр салчу экенмин. Балким ошондо эле жан дүйнөм музыканы тандагандыр.

— Ата-энеңиз да музыкага, искусствого жакын адамдарбы?

— Жок, атам менен апам экөө тең кесиби боюнча адвокаттар. Бир тууган эки эжем да сот системасында иштейт. Негизи үйдө менден башкасынын баары укук коргоо тармагынын кызматкерлери. Бирок үй-бүлөбүз менен музыкага шыгыбыз бар. Эки эжем тең жакшы ырдайт. Атам комуз, гитара өңдүү үч-төрт музыкалык аспапта ойной алат.

© Фото / Кубаныч МолдокуловНурЧолпон: президенттик стипендияны алуу мага дагы бир ирет жоопкерчилик жүктөдү
Укук коргоочулардын үйүндө чоңойгом. Ырчы НурЧолпондун маеги - Sputnik Кыргызстан
НурЧолпон: президенттик стипендияны алуу мага дагы бир ирет жоопкерчилик жүктөдү

— Каяктын кызы болосуз?

— Үч бир тууганбыз. Кара-Кулжанын кызымын. Эжелерим менден 12-13 жашка улуу болгондуктан азыр экөө тең үй-бүлөлүү. Негизи апамдын боюнда бар кезинде үйдөгүлөр уул күтүшкөн экен. Бирок кыз төрөлүп калганда "кудайым дагы бир кыз берди, демек жөн кыз болбойт экен" деген аруу тилек менен атымды НурЧолпон деп коюшуптур. Чолпон жылдыздай дайыма нур чачып турсун деген ойдо ушул ысымды тандашканын айтышат.

— Сизди кыргызстандыктар социалдык тармактагы ырларыңыздан улам тааныды окшойт...

— Менин бардык ырларым өзүнүн аудиториясын тапты. Кимдир бирөө интернеттеги бир ырымды жактырса, башкаларынын табитине бөлөк ырым туура келди. Алгач социалдык тармактагы Сүйүн Откеевдин "Элдик таланттар" рубрикасына катышып, гитара менен "Ыр десте", "Солнышко ты моё ясное" деген чыгармаларды аткарып эң биринчи угармандарымды тапкам. Кийинчерээк автордук ырларымды да чыгара баштадым.

© Фото / Кубаныч МолдокуловНурЧолпон: негизи кичинемден эле музыкага жакынмын. Бирок чыгармачыл инсан болом деген деле максатым жок болчу
Укук коргоочулардын үйүндө чоңойгом. Ырчы НурЧолпондун маеги - Sputnik Кыргызстан
НурЧолпон: негизи кичинемден эле музыкага жакынмын. Бирок чыгармачыл инсан болом деген деле максатым жок болчу

— Байкашымча, өзүңүздү көп пиарлай бербейт экенсиз?

— Азыр менде биринчи кезекте билим алуу, окуу турат. Анткени алдыдагы максаттарыма, кесибиме татыктуу болгум келет. Ошол себептен да баарына жетише албай калып жатам. Бирок пиар жагынан команда болуп иштөөгө кол сунгандар чыкса каршы эмесмин. Бул болочокто боло турган иш деп ойлойм.

— "Дарак ыры" фильминде дагы ырдаган турбайсызбы.

— "Дарак ыры" фильми менин актёрдук дебютум болду десем жаңылышпайм. Тасмадагы казак актрисасы ырларды өзү аткарышы керек болчу. Бирок анын тили кыргызчага так келбегени үчүн кино тартуучу топ менден суранышкан. Ошол аткаруум кинодо колдонулду.

— Актриса болуу, кино тармагы жактыбы?

— Алгач кыска метраждуу фильмдерден, эпизоддук ролдордон баштадым. Кино мага рахат тартуулайт. Быйыл, "Ажар" фильминин режиссеру Асамидин Мухидинов "Эрен" аттуу тасма тартты. Мен ошол кинодо башкы ролду ойнодум. Буюрса, алдыда актёрдук чеберчилигимди арттырып, роль жарата берем.

© Фото / Кубаныч МолдокуловНурЧолпон: Ошто музыкалык мектепте окуп жүргөндө археолог болууну көксөчүмүн
Укук коргоочулардын үйүндө чоңойгом. Ырчы НурЧолпондун маеги - Sputnik Кыргызстан
НурЧолпон: Ошто музыкалык мектепте окуп жүргөндө археолог болууну көксөчүмүн

— Жеке жашооңуздагы пландарыңыз кандай?

— Татыктуу жигитке турмушка чыгып, бактылуу үй-бүлөнүн очогун тутантсам дейм. Мен дагы ал адамга татыктуу жар болгум келет. Бирок азыр мага турмуш куруу эрте.

— 2017-жылы Баку шаарында өткөн эл аралык сынакта 2-орунду багындырган элеңиз. Азыр деле фестивалдарга катышып жатасызбы?

— Ооба, ал менин алгачкы эл аралык сынакка катышуум болгон. Андан кийин ошол эле жылы Россиянын "Романсиада" фестивалына катышып, 2-орунду алгам. Былтыр Кыргызстанда жаш, профессионал композиторлор арасында өткөн конкурста баш байгени алгам. Быйыл мен чыгарган эки композицияны Башкириядагы сынакка жөнөтүшүп, обондорум биринчи жана экинчи орунду багындырыптыр.

© Фото / Кубаныч МолдокуловНурЧолпон: азыр менде биринчи кезекте билим алуу, окуу турат. Анткени алдыдагы максаттарыма, кесибиме татыктуу болгум келет
Укук коргоочулардын үйүндө чоңойгом. Ырчы НурЧолпондун маеги - Sputnik Кыргызстан
НурЧолпон: азыр менде биринчи кезекте билим алуу, окуу турат. Анткени алдыдагы максаттарыма, кесибиме татыктуу болгум келет

— Муратбек Бегалиев өңдүү бараандуу композиторлор сиздин чыгармаларыңызга кандай баа беришет?

— Агайым Муратбек Акимович айтмакчы, чыныгы композитор симфонияны да, операны да жазганды билүүсү кажет. Обон жазуу профессионал композитор үчүн эң оңой иш. Агайларым ырларымды угуп көрүп "сенин ар бир нотаң кыргыз жыттанат. Кыргыз колоритиндеги чыгармалар" дешет.

Жаңылыктар түрмөгү
0