2021-жылы кайсы кыялыңыз ишке ашат? Келиңиз, ойнойбуз?

Жазылуу
Алдыга максат коюп, бирок мойнуңуз жар бербей жатабы? Мотивация жетишсизби? Анда Sputnik сизге жардам берет. 2021-жылга максат коюп, анын жыйынтыктары менен сөзсүз түрдө соцтармакка бөлүшүп туруңуз.

Быйылкы жыл бардыгыбыз үчүн оор болду. Келерки 2021-жылда коюлган максаттардын бардыгына жетүүнү сунуштайбыз. Баштаган ишти таштабай акырына чейин чыгаруу үчүн күч менен мотивация керек. Бул үчүн Sputnik агенттигинин челленджине катышууга чакырабыз. 2021-жылга план жазыңыз. Эгер кыялыңызды ишке ашыра албай калсаңыз, кандай жаза күтүп турарын да кошо айтып беребиз .

Челленджге катышуу үчүн 2021-жылы кандай бийиктиктерге жеткиңиз келерин жазыңыз. Мисалы, президент же "Кыргызстан сулуусу" болгуңуз келеттир. Жыйынтыгы менен сөзсүз соцтармактарга бөлүшүңүз, досторуңуз билиши керек.

Жаңылыктар түрмөгү
0