https://sputnik.kg/20201209/kazakstan-balyk-uuloo-zhol-tandabas-kyrsyk-olum-1050718816.html
Казакстанда унаасы менен муз алдына түшүп кеткен балыкчылардын төртөө каза болду
Казакстанда унаасы менен муз алдына түшүп кеткен балыкчылардын төртөө каза болду
Sputnik Кыргызстан
Чөгүп кеткен машинадагы үч киши суудан өз алдынча чыгышкан. Бүгүн куткаруучулар калган төртөөнүн сөөгүн табышты. 09.12.2020, Sputnik Кыргызстан
2020-12-09T12:56+0600
2020-12-09T12:56+0600
2021-12-14T14:27+0600
https://sputnik.kg/img/104294/96/1042949609_43:0:1000:541_1920x0_80_0_0_a38a1e90476a44e01e490ec766d99967.jpg.webp
казакстан
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
2020
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
Жаңылыктар
kg_KG
Sputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
https://sputnik.kg/img/104294/96/1042949609_139:0:1000:541_1920x0_80_0_0_a281386de6d260ca7b6698b031a1d6bb.jpg.webpSputnik Кыргызстан
media@sputniknews.com
+74956456601
MIA „Rossiya Segodnya“
жаңылыктар, азия, дүйнөдө, окуялар, казакстан
жаңылыктар, азия, дүйнөдө, окуялар, казакстан
Казакстанда унаасы менен муз алдына түшүп кеткен балыкчылардын төртөө каза болду
12:56 09.12.2020 (Жаңыртылды: 14:27 14.12.2021) Чөгүп кеткен машинадагы үч киши суудан өз алдынча чыгышкан. Бүгүн куткаруучулар калган төртөөнүн сөөгүн табышты.
БИШКЕК, 9-дек. — Sputnik. Казакстандын Кызылордо облусунда УАЗ жолтандабасы менен балык уулоого баргандар муз алдында калып, төртөө каза болду. Бул тууралуу Sputnik Казакстан агенттиги Telegram каналына жазды.
Каргаша кечээ кечинде Камбаш көлүндө катталган. Муз жарылып кетип, автоунаа менен кошо ичиндеги жети балыкчы чөккөн. Үчөө суудан өз алдынча чыккан.
Ал эми жолтандабас менен кошо чөккөндөр көлдүн жети метр тереңинен табылган. Көз жумгандар 26, 35, 39 жана 47 жашта экени айтылды. Аймактагы Өзгөчө кырдаалдар министрлиги жарандарды музга чыгарда этият болууга чакырат.