Чүйдө усун, сак урууларына таандык байыркы коргон табылды! Эксклюзивдүү видео

Жазылуу
Чүйдөгү Москва районунун Ак-Суу айыл аймагында болжолдуу түрдө сак жана усун урууларына таандык коргон же болбосо кадыр-барктуу адамдын көрүстөнү табылды. Анын өзгөчө түзүлүшү тарыхчыларды ойго салууда.

Sputnik Кыргызстан маалымат агенттиги тарыхый жерди биринчилерден болуп тартып келди.

Коргон байыркы убакта уруу башчыларына, хан, ханышанын элесине урмат-сый катары дөңсөө болуп тургузулуп, көрдүн ичи бөлмөнү элестетип турган. Маркум тиги дүйнөдө жашоосун улантканда керек болот деген мааниде оокат-кече, тамак-аш, мал-жан, алтын-күмүш өңдүү баалуу буюмдар, кээде жакын адамдарынын сөөгү кошо коюлган.

Мындан эки ай мурда жергиликтүү ишкер Ак-Суу айыл аймагына (Беловодское) завод курууну пландаган. Бирок анын жер тилкесинин айланасында тарыхый коргондор болгон үчүн өзүнө тиешелүү аймакка да экспертиза жүргүзүп берүүнү суранып тарыхчы, адистерге кайрылган. Бул ишке тарыхчы-археолог Аида Абдыканова менен Орозбек Солтобаев киришет.

Абдыканова алгач өндүрүштүк жай курула турчу жерди асмандан дрон менен тартып көргөндө чоң сары изге күбө болгон. Жумушчулар жердин үстүн 30-40 сантиметрдей тазалаганда ичи таш менен толтурулган сегиз ири шакекче, алардын чок ортосунан көрүстөн табылган. Ченей келгенде, коргондун жалпы диаметри 64 метрди түзүп, шакекчелердин ортосун 1,6-2 метрдей аралык бөлүп турганы аныкталган. Мүрзөнүн аянты 6,4 чарчы метр, ал эми тереңдиги азырынча 4,5 метрге чейин казылды. Учурда казуу, изилдөө иштери уланууда.

"Мындай коргондун түзүлүшү Борбор Азияда, анын ичинде Кыргызстанда табылып, казылган эмес. Буга чейин Соң-Көл менен Алайда 2-3 шакектүү гана көрүстөн табылган. Жаңы тарыхый объектидеги күндүн желеси сымал шакекчелер эмне маанини берери жана эмне себептен минтип тизилгени белгисиз. Ошондой эле көрдүн ичи дагы башкача салыныптыр. Жалпысынан коргондун өзү дагы аябай чоң болууда. Изилдөө иштери уланууда", — деди тарыхчы-археолог Орозбек Солтобаев.

Тарыхчылардын болжолдуу маалыматы боюнча, коргон сак жана усун доорлоруна, тагыраагы, биздин замандын I-II кылымдарына таандык. Ал эми 1970-жылдары дыйкандар жүзүм айдайбыз деп бул жерди түздөп салышкан.

Археологдор бул жерди илгери, адистердин колу жеткенге чейин эле жай адамдар казып кетишкенин билдиришти. Себеби эл баалуу буюмдарды издешкен болушу ыктымал.

"Көрүстөндү жаңы ачып жатканда керамика идиштердин сыныгы табылды. Тереңдеп каза келгенде кишинин жана жылкынын сөөгүнүн калдыктары, гранит таштар чыкты. Булардын бардыгы сынып, ар жерге чачырап кетиптир. Көрдүн бир нече жери да оюлуптур. Археологдор изилдегиче эле коргондун ичин тоноп кетишкен деп айтууга толук негиз бар. Биринчи кезекте кишилер баалуу буюмдарга кызыгышкан", — деди Абдыканова.

Адистер келечекте бул жерди асман алдындагы музей кылууга ниеттенип, Маданият, маалымат жана туризм министрлигине сунуш бергени жатышат.

Коргон табылган жерге завод салгысы келген ишкер музейдин жайгашышына каршылык билдирген эмес. Анткени тарыхый жер өндүрүштүк аймактын азыраак гана бөлүгүн ээлейт.

Жаңылыктар түрмөгү
0