БИШКЕК, 10-окт. — Sputnik. Коопсуздук кеңешинин катчысы Дамир Сагынбаев менен анын орун басары Өмүрбек Суваналиев кызматтан бошотулду. Бул тууралуу өлкө башчынын маалымат кызматынан билдиришти.
Жарлыкка президент Сооронбай Жээнбеков кол койду.
Ошол эле замат Коопсуздук кеңешинин катчысынын орун басары болуп Жаныбек Капаров дайындалды.