Жети-Өгүздүн мурунку акими "Кыргыз почтасын" жетектемей болду

© © SputnikӨкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн мурунку орун басары Дамир Моңолдоров. Архив
Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн мурунку орун басары Дамир Моңолдоров. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Мурунку аткаминер Балыкчы шаарынын да мэри болгон. Жаңы жетекчи жамаатка бүгүн тааныштырылды.

БИШКЕК, 14-сен. — Sputnik. Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы өкүлүнүн мурунку орун басары Дамир Моңолдоров "Кыргыз почтасы" мамлекеттик ишканасынын жетекчиси болуп дайындалды.

Мамлекеттик каттоо кызматынын берген маалыматы боюнча, жаңы жетекчи жамаатка бүгүн тааныштырылган. Буга чейин анын иштеп жаткан жумушунан кеткени айтылган болчу.

Ысык-Көл районуна жаңы жетекчи орун басары менен кошо дайындалды

Моңолдоров ал убакта Жети-Өгүз районун башкарып, Балыкчы шаарынын мэри болуп да иштеген. Ал 58 жашта.

Жаңылыктар түрмөгү
0