Онколог ичеги-карындын ишин жакшырта турган азыкты атады

© Sputnik / Максим Богодвид / Медиабанкка өтүүЖашылча жемиштер. Архив
Жашылча жемиштер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Адис сунуштаган жашылча (А, B, С, Н, биотин, никотин кычкылы) витаминдерине жана (калий, кальций, цинк, фосфор, темир, магний, натрий) минералдарына бай.

БИШКЕК, 27-авг. — Sputnik. Кабакча жашылчасы (кабачок) ичеги-карыны жакшы иштебей жаткандарга миңдин бири. Бул тууралуу дарыгер-проктолог жана онколог Елена Смирнова билдиргенин РИА Новости кабарлады.

Адистин айтымында, бул жашылча пайдалуу микроэлементтерге бай жана сиңимдүү келет.

"Кабакча жашылчасы ичегиси жакшы иштебей жаткан улгайган адамдарга да сунушталат. Бул жашылча (А, B, С, Н, биотин, никотин кычкылы) витаминдерине жана (калий, кальций, цинк, фосфор, темир, магний, натрий) минералдарына бай. Анын курамында клетчатка жана пектин дагы көп. Алар ичти катырбай, ичеги-карын ооруларын алдын алат", — деди Смирнова.

Дарыгер бул азык аллергия кылбай турганын белгилеп, кабакча жашылчасы онкологиялык илдеттерге кабылып калуу тобокелчилигин азайта турганын билдирди.

Смирнова бул жашылчада калорий аз экенин да кошумчалады. Андыктан дене түзүлүшүнө өзгөчө көңүл бургандар аны коркпостон эле колдоно берсе болот.

Адис ашказанында жарасы, бөйрөгүндө ташы барлар, гастрит, пиелонефрит оорусуна кабылып, ичегиси сезгенгендер бул жашылчадан баш тартып койгону дурус экенин эскертти.

Жаңылыктар түрмөгү
0