БИШКЕК, 30-июл. — Sputnik. Улуу Британиядагы Манчестер шаарынын тургуну Сакина Жабин TikTok тиркемесине өзүнүн видеосун чыгарып, колдонуучуларга "мени канча жашта деп ойлойсуңар?" деген суроо узаткан. РИА Новости анын жообу жана жашы колдоонучуларды таң калтырганын жазды.
Басылманын маалыматына ылайык, көпчүлүк Сакина Жабинди 20 жаштын айланасында деп ойлошкон. Айтымында, клуб же барларга барып калганда күзөтчүлөр андан дайыма өздүгүн тастыктоочу документ сурашат.
Жабиндин 35 жашта экенин билгенден кийин колдонуучулар таң калып "19 жаштагыдай эле көрүнөт экенсиң", "сен мени таң калтырдың", "ишенбей жатам", "30дан ашкандай көрүнбөйт экенсиң. Сыры эмнеде?" деген билдирүүлөрдү калтырышкан.
Бою шып тиреген узун буттуу монголиялык кыз элди таң калтырууда. Сүрөт
Интернетте отургандардын арасынан сынчылар да болгон. Алар Жабин косметиканын жардамы менен жаш көрүнүүдө деп айтып чыгышкан. Мындан улам келин бетиндеги боегун өчүргөн дагы бир видео жарыялаган.
Аны көргөндүн көбү Жабин чындап эле боексуз да жаш көрүнөрүн жазышкан. Айрымдары аны америкалык актриса Лора Морана менен дагы салыштырып жиберишкен.
Колдонуучулардын бири келинден жаштык жана сулуулук сырын сураганда, Жабин гликол жана гиалурон кычкылдары кошулган ретинол, ошондой эле күндөн коргоочу бет майларды колдонорун айткан.