Аспирин, гепарин жана дексаметазон кандай шартта колдонулат. Адистин кеңеши

© Sputnik / Алексей Куденко / Медиабанкка өтүүКызматкер алаканында дарыларды кармап жатат. Архив
Кызматкер алаканында дарыларды кармап жатат. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Буга чейин мессенджерлерде айрым колдонуучулар "аспирин канды суюлтпайт" деген билдирүүлөрдү таратышкан. Адис коронавирустун жеңил түрүнө кабылгандар гепарин дарысын эч убакта колдонбошу керектигин айтты.

БИШКЕК, 13-июл. — Sputnik. Аспирин канды суюлтпайт деген туура эмес, ал дары тромбду пайда кылбай, канды суюлтуп жиберүүгө жардам берет. Бул тууралуу Sputnik Кыргызстан агенттигине Саламаттыкты сактоо министрлигинин Медициналык жардам көрсөтүүнү уюштуруу жана дары саясаты башкармалыгынын башкы адиси Гүласыл Сутуева маалымдады.

Буга чейин мессенджерлерде айрым колдонуучулар "аспирин канды суюлтпайт" деген билдирүүлөрдү таратышкан.

Коронавирусту кандай адамдар жеңил же симптому жок көтөрөт? Жаңы пикир

Адистин айтымында, коронавирустун жеңил түрүнө кабылгандар гепарин дарысын эч убакта колдонбошу керек.

"Буга чейин коронавирус жокто деле жашы өтүп калгандарга аспирин сунуш кылчубуз. Анткени адамдын жашы өйдөлөп баштаганда кан айлануу жайлайт, ошондо канда тромб пайда болуп калбаш үчүн бул дарыны берчүбүз. Азыр элдин көбү гепаринге өтүп кетти. Гепариндин зыяны да бар. Ал канды суюлтуп жиберип, кан таптакыр токтобой, адам каза да болуп калышы толук ыктымал. Ошондуктан гепаринди оорусу жеңил өтүп жаткандар үй шартында өзүм билемдикке салып колдонбошу керек. Ал эми аспириндин жардам берген-бербегенин билбей туруп туура эмес маалымат таратуу болбойт", — деди Сутуева.

Адис гепарин менен дексаметазон дарыларын дарыгерлер стационарларда гана оор абалдагы бейтаптарга жазып берерин айтып, буларды үй шартында, дарыгердин көрсөтмөсү жок ичпеш керектигин эскертти. Ал дексаметазон гормоналдык дары экенин кошумчалады.

Бишкектегидей кырдаал кайталанбашы үчүн аймактарда даярдык кандай? Расмий жооп

Ошондой эле антибиотиктерди дарыгер менен кеңешпей туруп колдонбоого чакырды.

Жаңылыктар түрмөгү
0