Сазга батып... Жакынкы Чыгыштагы орустар АКШнын тынчын алууда

© AFP / BRENDAN SMIALOWSKIПодготовика к дню памяти в Национальном кладбище Арлингтона, США
Подготовика к дню памяти в Национальном кладбище Арлингтона, США - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
АКШнын Мамлекеттик департаменти америкалыктар алмустактан эле Жакынкы Чыгышта таянаар тоо экенине бекем ишенип, мындан улам Россиянын "аймактан чыгып кетиши" керектигин айтып чыкты.

БИШКЕК, 9-июн. — Sputnik. Вашингтон Ирак, Сирия жана Ливияны калыбына келтирүү үчүн Москва гана жолтоо болуп жатат деген ишенимде. Ак үйдүн Жакынкы Чыгышка арналган так стратегиясынын бар-жогун жана Дональд Трамптын администрациясына Россиянын кайсы кадамдары жакпай жатканын РИА Новости талдап көргөн.

Тилектештер

"Орустарды Жакынкы Чыгыштан оолак кармоо 45 жылдан бери Америка саясатынын негизи эле. Бүгүн алар аймакта деструктивдүү роль ойноп жатышат. Биз орустар аталган жерден тез арада чыгып кетиши керек деп түз эле айтабыз", — деди АКШнын мамлекеттик катчысынын жардамчысы Дэвид Шенкер Вашингтондогу Жакынкы Чыгыш институтунда өткөн видеоконференцияда.

Брифинг официального представителя МИД России М. Захаровой - Sputnik Кыргызстан
Захарова РФтин Жакынкы Чыгыштагы ролу боюнча АКШнын билдирүүсүнө жооп берди
АКШнын аймактагы тарыхый маанилүүлүгү тууралуу айтып жатып чиновник орустардын эмес америкалыктардын жардамына таянып келген мамлекеттерди да санап өттү. Тизмеге кирген Сауд Аравия, Бириккен Араб Эмирлиги, Ирак, Израиль жана Палестинаны атады.

Шенкердин айтымында, Вашингтон араб-израиль элдешүүсүнө тынчсызданып жатат. Ак үй тараптар жакын арада "кылым келишимине" кол коёт деп ишенүүдө. Шенкер Израиль жана Перс куймасынын айрым монархиялары Американын демилгесин колдоого алышкан. Чиновник Палестина бийлиги келишимдин майда-чүйдөсүн баары бүтүп калгандан кийин билгени тууралуу унчуккан жок.

Шенкер Ирак, Йемен, Катар, Сауд Аравиясына коронавирус менен күрөшүүгө жардам иретинде тест жана дары-дармек бергенине да токтолгон.

"Обаманын оңбогондой катасы"

Бирок америкалыктарга Жакынкы Чыгышта Россия менен Кытай жолтоо болуп жатат. "Эки улуу державанын атаандаштыгы аймактагы өлкөлөрдү экөөнүн бирин тандоого аргасыз кылып жатат. АКШ буга эч кимди мажбурлабайт", — деди Шенкер.

Андан көрө Мамдепартамент Жакынкы Чыгыштагы союздаштарына Москва жана Пекин менен кызматташуунун кесепети кандай оор болорун түшүндүрүп берет имиш.

Празднование Дня Победы в Сирии - Sputnik Кыргызстан
Россияга Сирияда аскердик базаларын кеңейтүүнүн зарылдыгы кандай?
Шенкер АКШ стратегиясынын башкы ийгилиги катары Сирия менен Иракта "Ислам мамлекетин" кыйратуусун атады. Бирок террордук уюмдардын ар кандай ячейкалары менен күрөш токтой элек, АКШ НАТОдогу тарапташтары менен террорчулукка каршы турууну улантууда.

Мамкатчынын жардамчысы америкалыктардын жардамы менен Ирак калыбына келип жатканын белгиледи. Анын айтымында, Вашингтон Ирактын жаңы премьери Мустафа аль-Каземи менен тез эле тил табышып, долбоорлор боюнча кызматташуу алдыга жылууда.

Ал эми Сирия тууралуу Шенкер АКШ жоопкерчиликтен качпай турганын жана колдоо көрсөтүүгө даяр экенин айтты. Бирок буга өлкөнү бийлеп жаткан Башар Асад менен Россия тоскоол болуп жатыптыр.

Шенкердин айтымында, Москванын Жакынкы Чыгыштан орун-очок алып калышына Барак Обама айыптуу. "Ал орустардын Сирияга жүрүшүн колдогон, муну менен алар сазга батат деп ойлосо керек. Бирок Россия согуштун жүрүшүн өзгөртүп жиберип, Асад ушу кезге чейин бийлик башында турат. Бул мурунку администрациянын оңбогондой одоно катасы болуп калды", — деди Шенкер.

Америкалык кемчонтойлук

Россияны күнөөлүү кылган кийинки учур — Ливиядагы кырдаал. "Сириядагы ийгилиги Россия бийлигинин дымагын күчөтүп койду", — деди Шенкер. Мындан улам Москва активдүү кадамдарга бара баштаган. Бирок "Россиянын аракети Ливия чырын жөнгө салууда натыйжасыз" экенин да айтып өттү.

Эки айда үч жолу... РФ истребителдери АКШнын чалгынчы учактарын Сирияга жолотпойт - Sputnik Кыргызстан
Эки айда үч жолу... РФ истребителдери АКШнын чалгынчы учактарын Сирияга жолотпойт
Москванын Иран менен кызматташуусу да Ак үйгө жага бербейт. АКШны тынчсыздандырган дагы бир нерсе — Россиянын Сауд Аравиясы менен байланышы. Эки мамлекет март айында эле нефтинин наркы боюнча бир пикирге келе албай убара болушкан.

Россиянын Тышкы иштер министрлиги "Жакынкы Чыгыштан жоголуу" чакырыгын кемчонтойлук деп атады. "Ал (Шенкер — ред.) эмне деп айтып жатканын өзү да түшүнбөсө керек. Кесипкөйлүктүн деңгээли өтө төмөн түшүп кетти",  — дешти министрликтен.

Саздан чыгуу

Жакынкы Чыгыштагы РСМД долбоорлорунун координатору Руслан Мамедов Россия 2015-жылы Сирияга киргенде америкалыктар анчейин каршылык көрсөтпөгөнүн айтты.

"Алар Москванын колунан эмне келерин байкап көрмөкчү болуп, "сазга батып калат" деген ишеним бар эле. Бирок Москва бул жаатта бир топ ийгиликтерге жетишти. Башар Асад дагы деле бийлик башында. Россия Сириядагы маанилүү саясий институттарды сактап калууну көздөгөн, негизинен максаттар орундалды", — деди Мамедов.

Азыркы күндө Сириядагы кырдаалга америкалыктар тыкыр көз салып турушат. Шенкердин Россия дарегине айтканы Сирия менен да байланыштуу.

"АКШ конгресси "Сириянын жарандык коомун коргоо" боюнча мыйзамды иштеп чыгып жатат. Мунун дагы бир аталышы "Цезарь". Документте Дамаскиге каршы экономикалык санкциялар каралган. Бир да компания, анын ичинде россиялыктар да бар, Сирия экономикасына инвестиция салууга батынбай калат", — деди Мамедов.

Москва кырдаалдын олуттуулугун сезип, мындан аркы кадамдары тууралуу ойлонуп турган чагы.

Эч кимдин так стратегиясы жок

Муаммар Каддафинин режими кулатылгандан кийин Россия ал өлкөдө кадыресе жашоону калыбына келтирүүгө далалат кылган аз өлкөлөрдүн катарында эле. Бул тууралуу РИА Новостиге ливиялык саясат таануучу Мустафа Фетоури билдирди. Ал Мамдепартаменттин Москванын "деструктивдүү ролу" тууралуу айтканына макул эмес.

"Жамахирияда пикир келишпестиктер башталганда Россия Сирия менен алек эле. Бирок ливиялыктар Москва эртедир-кечтир кайтып, тартип орното турганын билишчү. Процесс создугуп кетти. Буга сырткы оюнчулар эле эмес, ички факторлор да таасир этти. Азыр Россия Түркия, Евробиримдик жана БУУ менен биргеликте Фаиз Сарадждын өкмөтү менен генерал Халиф Хафтарды сүйлөштүрүүгө аракет кылып жатат. Бул өтө татаал нерсе", — деди Фетоури.

Коалиция-СВ өзү жүрүүчү артиллериялык түзүлүшү - Sputnik Кыргызстан
"Коалиция-СВ" – кубаттуу техника. Жаңы артиллериянын артыкчылыктары
Саясат таануучу Россия бардык тарап менен иштешип жатканын белгилеп, анын калыс арбитр болуп берерин кошумчалады.

"АКШнын Түндүк Африка боюнча так, түшүнүктүү стратегиясы жок. Бирок америкалыктар көп чагымчылдык кылат. Муну Анкара да, Москва да жакшы түшүнүп жаткандай, кырдаалдын ырбап кетишине жол бербейт", — деди ал.

Россия өлкөдө негизги саясий институттарды калыбына келтирүүгө кызыкдар, муну ливиялыктар да көрүп турат. Ал эми башка оюнчулардын мындай анык бир койгон максаты жокко эсе.

Жаңылыктар түрмөгү
0