Октябрь акимчилигинин кызматкерлери алиге чейин COVID боюнча текшерилүүдө

© Sputnik / Эркин СадыковОктябрь районунун акимчилиги. Архив
Октябрь районунун акимчилиги. Архив - Sputnik Кыргызстан
Жазылуу
Октябрь райадминстрациянын кызматкерлеринен COVID-19 чыкты деген маалымат тарап, бирок аны жалган дешкен. Бүгүн эпидемиолог акимчиликте аталган инфекцияны жуктургандар жоктугун айтты.

БИШКЕК, 29-май — Sputnik.  Бишкек шаарынын Октябрь районундагы кызматкерлердин коронавирус жуктуруп алгандыгын текшерүү иштери азыркыга чейин уланууда. Бул маалыматты Sputnik Кыргызстанга Санитардык-эпидемиологиялык көзөмөл боюнча департаменттен билдиришти.

Эпидемиолог-дарыгер Бакыт Жангазиевдин айтымына караганда, акимчиликте COVID-19 жуктургандар жок.

Бейтапты карап жаткан дарыгер. Архив - Sputnik Кыргызстан
Бир күндө төрт медик коронавируска кабылды. Айыккандар болгон жок
Эске салсак, 26-майда Октябрь райондук администрациясынын кызматкеринен коронавирус табылганы айтылган. Мекеме жабылып, ал жакта иштегендерден анализ алынган болчу. Анын эртеси Октябрь районунун жетекчиси Максим Ситников COVID-19 алардан чыкпагандыгын айткан.

Анткен менен атын ачыктагысы келбеген адам коронавирус эки кызматкерден табылгандыгын, ал эми акимчилик дагы деле иштеп жаткандыгын кайрадан билдирген. Бул маалыматты Жангазиев төгүнгө чыгарды.

Кыргызстанда өткөн суткада 68 адамдан коронавирус аныкталды. Ал эми COVID-19 вирусун жуктургандардын жалпы саны 1662га жетти. Тилекке каршы, булардын ичинен 16 адам көз жумду.

Кыргызстанда кырдаал кандай нукта өнүгүп жатканын Sputnik агенттиги жүргүзгөн тексттик баяндамадан билүүгө болот.

Жаңылыктар түрмөгү
0